Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Эң мыкты айыл өкмөтү” республикалык таймаштын жыйынтыгы чыкты

2018-08-20 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары
“Эң мыкты айыл өкмөтү” республикалык таймаштын жыйынтыгы чыкты

2018-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын премьер-министри “Эң мыкты айыл өкмөтү” наамына жарыяланган жалпы мамлекеттик конкурстун жеңүүчүлөрүнө сертификат тапшырды. Бул конкурс жыл сайын өтүп келет жана инфраструктураны, айыл өкмөттүн ишин жана жергиликтүү жамааттар менен ишти жакшыртуу маселелеринде айыл өкмөтү үчүн маанилүү жана олуттуу стимул болуп эсептелинет.

Жалпы мамлекеттик конкурстук комиссиянын мүчөсү болгон КР ЖӨБ Союзунун директору мыкты айыл өкмөттү аныктоодо комиссиянын жыйындарына активдүү катышты. “Эң мыкты айыл өкмөтү” конкурсунун катышуучулары эки топко бөлүндү.
Жалпы мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча эки топто алты жеңүүчү аныкталды. Биринчи топто Чүй облусунун Жайыл районунун Суусамыр айыл өкмөтү жеңүүчү деп таанылып, 1-орун үчүн 1,5 млн. сом алды. 2-3-орундарды Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтү жана Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл өкмөтү ээлешти. Аларга байге катары ээлеген орундарына жараша 1 млн. сом жана 500 мин сом берилди. Экинчи топто Ысык-Көл облусунун Түп райо- нунун Кутургу айыл өкмөтү жеңүүчү деп табылып, байгеге 1,5 млн. сом алды. 2-3-орундарды Нарын облусунун Жумгал районунун Башкууганды айыл өкмөтү жана Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Жол айыл өкмөтү ээлешти. Аларга байге катары ээлеген орундарына жараша 1 млн. сом жана 500 миң сом берилди.
 
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу “Эң мыкты айыл өкмөтү” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктайт! Жогорку максаттарды жана аларды ийгиликтүү ишке ашырууну, үзөңгүлөштөрдүн ынтымактуу командасын жана татыктуу жетишкендиктерди каалайбыз. Бардык айыл өкмөттөрүнө жогорку жыйынтыктарды көрсөтүп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен өз жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүп берүүңөрдү, өсүп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалайбыз!
 

Окшош материалы: