Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Түз мамлекеттик башкаруу жана анын режимдерин киргизүү Тартибине каршы пикир

2018-08-20 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар союзу “Алыскы аймактарда (айылдык аймактарда, шаарларда) түз мамлекеттик башкарууну киргизүүнүн жана анын режими- нин тартибин бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган токтом долбоору менен Алыскы аймактарда (айылдык аймактарда, шаарларда) түз мамлекеттик башкарууну киргизүүнүн жана анын режиминин тартибин бекитүү сунушталат. Долбоорго негиздеме-маалымкатта баяндалган
маалыматка ылайык, маморган-долбоорду иштеп чыгуучу, түз мамлекеттик башкарууну жана анын режимин алыскы аймактарда (айылдык аймактарда, шаарларда) киргизүү – бул өзгөчө абалды киргизүүгө чейинки баскыч жана буга байланыштуу мыйзамдарда карама-каршылыктарды жок кылуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору кошо иштелип чыкты.
 
Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому – бул өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу
үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук акт. Аталган Мыйзамдын 6-беренесине ылайык, ченемдик укуктук акт өзүнөн жогору юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актыга каршы келбеши керек.
 
Жогоруда айтылгандарды эсепке алуу менен, Алыскы аймактарда (айылдык аймактарда, шаарларда) түз мамлекеттик башкарууну киргизүүнүн жана анын режиминин тартибинин долбоорун сунушталган редакцияда демилгелөө “Жергиликтүү
өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алгандан кийин гана мүмкүн болот.
 
Мыйзамдын сунушталган долбоорунда жергиликтүү кеңештин төрагасын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысын шайлай албагандын натыйжасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын
өз ишмердигин уюштуруу маселелерин 30 күндөн ашык мөөнөттө чечүүгө жөндөмсүздүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жана түз мамлекеттик башкарууну киргизүү үчүн негиздеме катары көрсөтүлгөн. Бирок “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасын шайлай албай калуу жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн негиз болуп эсептелинбейт (мыйзам долбоорунун концепциясынан улам, убактылуу башкаруучу өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү учурунда жүзөгө ашырышы керек). Жергиликтүү кеңештер шайлануучу коллегиялуу органдар болуп эсептелгендиктен, кеңештин төрагасы шайланбай калганына байланыштуу түз мамлекеттик башкарууну киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү боюнча конституциялык принциптерге карама каршы келип калат.
 
Мындан тышкары, түз мамлекеттик башкаруу киргизүү үчүн негиздеме карата: жергиликтүү кеңеш жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысын 30 күндүн ичинде шайлай албай койгон учурда долбоордо көрсөтүлгөн мөөнөттөр жогоруда аталган Мыйзамдын 43-пунктунда жана 49-пунктунда каралган мөөнөттөргө каршы келе турганын белгилейбиз. Аталган пункттар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоо жана кайра шайлоону өткөрүү үчүн мөөнөттөрдү деталдуу түрдө регламенттештирген.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органдарынын нормалдуу ишине бут тоскон дагы башка кризистик кырдаалдардын жаралышы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу жана түз мамлекеттик башкарууну киргизүү үчүн дагы бир негиздеме катары көрсөтүлгөн.
 
Кризистик кырдаалдын даражасын жана анын ЖӨБО иши үчүн нормалдуу же андай болбогонун кайсы орган жана кантип баалай турганы так көрсөтүлбөгөнүнө, бул болсо өз кезегинде коррупциялык фактордун пайда болушуна шарт түзүп жатканына көңүл буруш керек. Жалпысынан муниципалитеттерде түз мамлекеттик башкаруу институтун киргизүүгө карата белгилей кетүүчү жагдай: Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, мамлекеттик бий-
лик – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын Конституциясы жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү катары аныктайт.
 
Буга байланыштуу дагы бир жагдайды белгилейбиз: Конституциянын 20-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
 

 

Окшош материалы: