Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБА “БИО-KG” органикалык кыймылынын Федерациясы менен кызматташуу маселелерин талкуулады

2022-05-09 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары
БАЖБА “БИО-KG” органикалык кыймылынын Федерациясы менен кызматташуу маселелерин талкуулады

2022-жылдын 12-апрелинде Бишкекте Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын (БАЖБА) өкүлдөрү менен “Bio-KG” Органикалык кыймылынын федерациясы” ЮЖБнын директору Искендербек Айдаралиевдин жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун мүмкүн болгон жолдорун жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюу пландарын талкуулашты.

“Бүгүнкү күндө биздин Федерация1 9 муниципалитеттин аймагында иш алып барууда: Ысык-Көл облусунда – 4, Талас облусунда – 2, Нарын облусунда – 2, Чүй облусунда – 1. Биздин негизги өнөктөштөр – КР Айыл чарба министрлиги, Кыргыз улуттук агрардык университети, Президенттин өлкөнүн 7 облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү. Алар бизге органикалык продукциялардын жарманкесин жыл сайын өткөрүп турууга чоң жардам көрсөтүп жатышат”, - деди И. АЙДАРАЛИЕВ.

Анын айтымында, 2022-жылы Федерация Талас жана Нарын облустарындагы төрт айылдык аймакта жергиликтүү калктын органикалык продукцияны жашыл экономика принциби боюнча өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун жаратуу максатында калкты мобилизациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнү пландаган.

Тараптар кызматташуунун предметин – “Био-KGнин” тажрыйбасын ЖӨБ органдарынын катышуусу менен жергиликтүү дыйкандар арасында окутуу жана жалпысынан потенциалын жогортуу аркылуу жайылтуу маселесин талкуулоого даяр экендиктерин билдиришти. 

_____________ 

1 “«Био-KG» Органикалык Кыймылынын Федерациясы” ЮЖБ Кыргызстанда 2012-жылдан бери иштеп келет. Ишмердигинин негизги багыты – тоолуу жамааттар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын бренди алдында экологиялык продукциянын органикалык өндүрүшүн өнүктүрүү.

Окшош материалы: