Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдары жана мамлекеттик органдар көйгөйлүү маселелерди талкуулашты

2019-01-27 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

Кыргыз Республикасынын бардык облустарындагы айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар, шаар мэрлери жана мэрия аппаратынын жетекчилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (ЖӨБ) ишинин эффективдүүлүгүн, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана муниципалдык кызматтын кесипкөйлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча окуудан өтүштү. Иш-чара 2018-жылдын 22-октябрынан 12-декабрына чейин өттү. Ага 724 адам, анын ичинде 259 аял катышты.

Бул иш-чара бир нече мекеменин биргелешкен демилгесинин натыйжасы болуп калды. Алар: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик (мындан ары – ЖӨБЭММА), Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу, Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылаган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” Долбоору (мындан ары – ЖДККЖ Долбоору), Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору). Окуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишиндеги актуалдуу маселелерге арналды.

Иш-чарага финансылык колдоо көрсөткөн ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун жетекчиси Бекболот БЕКИЕВ белгилегендей, төмөнкүдөй практикалык маселелер талкууланды:

  •  муниципалдык кызматтан өтүү, бош кызмат орундарына конкурс өткөрүү тартиби жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо;
  •  ЖӨБ органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жана иштөө тартиби;
  •  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрин түзүү тартиби;
  •  ЖӨБ органдарынын биригүү (ассоциацияларды жана союздарды түзүү) укуктары, КР ЖӨБ Союзунун максаттары, милдеттери жана ишинин жыйынтыктары.

ЖӨБЭММАнын өкүлдөрү ЖӨБ органдарынын ишинде пайда болгон орчундуу маселелерди катышуучулар менен бирге талкуулап, төмөнкүлөр тууралуу маалымат беришти:

  • «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын жана КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-мартындагы №107-б буйругу менен бекитилген 2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ишчаралар планын аткаруу боюнча ЖӨБЭММА өткөргөн иш-чаралар тууралуу;
  • КР Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А жана ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 16-майындагы № 01-18/56 “Шаарлардын жана айылдык аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн методикалык колдонмону бекитүү жөнүндө” Буйруктары;
  •  айрым муниципалитеттерде жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыктары боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тегерегиндеги жалпы кырдаал жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Мыйзамды ишке ашыруу боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө;
  •  2018-жылдын 10-августундагы Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө Кодекси тууралуу.

Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү окуу процессинде төмөнкү темаларды ачып беришти:

  •  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө;
  •  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө

ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун эксперттери ишчаранын катышуучуларына төмөнкүлөр тууралуу айтып беришти:

  •  2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирип жаткан КР Бузуулар жөнүндө кодекси тууралуу, бул Кодексте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча ыйгарым укуктары тууралуу;
  •  ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 17-октябрындагы №01-18/29 буйругу менен бекитилген, КР Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялары тууралуу Типтүү жобо жөнүндө айтып беришти. Анын ичинде бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын ишин уюштуруу тариби, анын курамын түзүү, комиссиянын ыйгарым укуктары, административдик айып салуунун (айыппул, эскертүү) тартиби жана айып салуу жөнүндө токтомду аткаруу тартиби тууралуу да сөз болду.

ЖДККЖ Долбоорунун эксперттери катышуучуларды төмөнкүлөр менен тааныштырышты:

  •  КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы №80 Токтому менен жаңыланган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн базалык реестри менен;
  •  муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестри түшүнүгү менен; муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча реестрин түзүү жана бекитүү тартиби менен; • муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары менен.

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышуучуларга төмөнкүлөр тууралуу маалыматтарды беришти: • ЖӨБ органдарынын биригүү (ассоциацияларды жана союздарды түзүү) укугу жөнүндө;

  •  КР ЖӨБ Союзунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;
  •  КР ЖӨБ Союзунун ишмердиги жөнүндө.

ЖӨБ органдарынын жолугушууларынын жүрүшүндө мамлекеттин алдына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга бут тоскон көптөгөн көйгөйлөр коюлду. Алар:

  •  жаңы конуштарга электр жарыгын жеткирүү, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды каржылоо, ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоо маселелери;
  •  кадр маселелери: убактылуу кызматкерди бош орунга милдеттерди аткаруучу катары жалдоо мүмкүнчүлүгү тууралуу; муниципалдык кызматчыга карата тартиптик жаза чара колдонуу жөнүндө; АӨ башчыларына класстык чин ыйгаруу жөнүндө; мамлекеттик кызматтан муниципалдык кызматка өтүүдө класстык чиндерди ыйгаруу жөнүндө; бош кызмат орундарына конкурстан өтүү жөнүндө; кызматкерлердин ишине баа берүү жөнүндө;
  •  бузуулар боюнча комиссиянын ишин каржылоо, келтирилген зыяндын ордун толтуруу, айыптарды төлөө, айып төлөмдөрдүн жергиликтүү бюджетке түшүүсү жана башка маселелер.

Алыскы аймактарда адистердин тартыштыгын эсепке алуу менен, катышуучуларды өзгөчө кадр маселелери тынчсыздандырды. Ош облусунун Алай районундагы Бүлөлү айыл өкмөтүнүн башчысы АРТЫКОВ Бакыт алыскы айылдык аймактарда ички миграция күчөп турганын, жаш адистер борбордук шаарларга жана райондорго же чет өлкөлөргө кетип жатканын белгиледи. Адистер таштап кеткен кызмат орундар жылдар бою бош тура бериши ыктымал, талапка жооп берген адистер жок, бар болгон күндө деле талапкерлер конкурстан (тесттен) өтүшпөйт. Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген кызматкерлерди табуу дээрлик мүмкүн эмес. Мына ушул жагдайларды эсепке алуу менен, АРТЫКОВ жок дегенде кенже кызмат орундарына конкурстук тандоо талабын алып таштоону сунуштады. Мындай учурда АӨ башчылары адистерди ишке сыноо мөөнөтү менен өздөрү эле алмак. Ошондой эле АРТЫКОВ муниципалдык кызматчыларды ишке алуунун жол-жоболорун калкынын саны аз болгон, квалификациясы жогору адистер тартыш болгон АА үчүн ыңгайлаштырып берүүнү өтүндү.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Бирлик айыл өкмөтүнүн башчысы МАКАНБАЕВ Жыргалбек жогорку билимдүү адамдар айлык акынын аздыгынан улам айыл башчысы болуп иштегиси келбей турганын белгиледи. “Биздин айылдын жашоочуларынын басымдуу бөлүгү орто билимдүү. Айыл башчы тууралуу кеп козгогондо, баары эле түшүнүп турат – бул аксакал болушу керек, жогорку билими барбы же жокпу, буга карабастан айылда аброю жогору болушу абзел. Айыл башчылары үчүн билим деңгээлине (орточо-атайын билим) карата квалификациялык талаптарды алып салууңарды өтүнөбүз. Ошондо бизде кадырбаркы жогору, айылдагы абройлуу адамдарды айыл башчысы кылып шайлоо мүмкүнчүлүгү пайда болмок”, - деп сунуш кылды МАКАНБАЕВ. Мектептерди жана бала бакчаларды кармоо жана бул объекттерди Билим берүү министрлигине өткөрүп берүү маселеси да көтөрүлдү. Себеби бюджеттик каражаттардын тең жарымы ушул объекттерди кармоого эле кетип калат. ЖӨБЭММАнын статусун көтөрүү жана ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын коргоо боюнча анын ыйгарым укуктарын кеңейтүү сунушталды. Катышуучулар бүгүнкү күндө ЖӨБЭММАнын ЖӨБ органдары менен байланышы чабал болгонун, бул мамлекеттик орган ЖӨБ органдары менен башка маморгандардын ортосундагы көпүрө боло албай, ЖӨБОнун кызыкчылыктарын коргой албай жатканы айтылды. “Мурда ЖӨБЭММА муниципалитеттер менен тыгыз иш алып барчу, бардык айыл өкмөттөрдүн башын бириктирип, алар менен чогуу көйгөйлөрдү талкуулап, прокуратура органдарын да бул талкууларга чакырчу. Азыр да баарын чогултуп, АӨнүн көйгөйлөрүн угуу зарыл болуп турат. Бул талкууларга прокуратура органдары жана башка мамлекеттик органдар да катышсын. ЖӨБЭММАнын статусун улуттук деңгээлге чейин көтөрүш керек. Мурдагыдай мамилелерди калыбына келтирсек жакшы болмок”, - деп айтты Кадамжай шаарынын мэри Бактыбек БЕГАЛИЕВ.

Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларга карата сунуш берилди: чөптү тебелөө боюнча тартип бузууну Бузуулар жөнүндө Кодекске киргизип, аны ЖӨБ органдарынын комиссиясынын кароосуна өткөрүп берүү сунушталды. Жашоочулар чөптү тебелеген тартип бузуучуларга карата тиешелүү чара көрүүнү талап кылып, баары бир ЖӨБ органдарына кайрылып жатышат. Ошондой эле өзүнчө штаттагы кызматкер керек же бузуулар боюнча комиссиянын төрагасына маяна төлөш керек. Талас облусунун Манас районундагы Кайыңды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы РИЗАЕВА Р. бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрү үчүн өзүнчө окууларды өткөрүүнү сунуштады. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы комиссиянын ишин практикада ишке ашыруу кыйын болгонун айтты. “Донорлор тараптан консультациялык колдоо талап кылынат. Пилоттук бир айыл өкмөттү тандап алып, бузуулар боюнча комиссиянын ишин талаптагыдай деңгээлге чыгарып, андан соң комиссиялардын тажрыйба алмашуу сапарларын уюштуруп берсеңер жакшы болмок”, - деп белгиледи ал. Окуулар баяндамалар, суроолор жана жооптор менен коштолуп, талкуу форматында өттү. Катышуучулар көптөгөн суроолоруна эксперттерден ачык жана так жоопторду алышты. Ошондой эле практикалык мисалдардын жана баяндамалардын негизинде мыйзамдардын айрым нормалары боюнча түшүндүрмө алышты. Семинардын катышуучулары суроолорго алган жоопторго канааттанып, тренингдеги материалдар пайдалуу, маалыматы көп, колдонууга алгылыктуу болгонун белгилешти.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек АКМОЛДОЕВ өтө көп пайдалуу маалыматтардан тышкары, ишке стимул алганын да белгиледи. Анын баамында мындай семинарларды системалуу түрдө өткөрүп туруу муниципалдык кызматчылардын билим деңгээлин жогорулатууга, ишин мыйзамдын алкагында аткарууга көмөктөшмөкчү. Семинар катышуучуларга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана эксперттер менен чогуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүн жөнгө салган документтерди, ошондой эле ЖӨБ органдарына жана муниципалдык кызматка тиешелүү башка актуалдуу маселелерди ачык, конструктивдүү, эки тараптуу диалог форматында талкуулап алууга шарт түздү. Мындай масштабдагы жолугушуулар биринчи жолу өтүп жаткан жери жок. Бир жыл мурда ЭҮЖӨБОЖ Долбоору ЖӨБЭММА жана ЖӨБ Союзу менен биргеликте башка темалар боюнча ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн ушундай эле жыйындарды өткөргөн.

Нуржан МАМЫРАЛИЕВА, ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту үчүн

 

Окшош материалы: