Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджетте аймактарды өнүктүрүү үчүн каражат жетишпей жатат. КР Президентине кат

2019-01-27 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу биздин мамлекетибиздин конституциялык курулушунун негизин түзгөн, коомдогу өз алдынча башкаруунун туруктуулугун мүнөздөгөн институттарынын бири болуп саналат. Бүгүн мамлекетибиздин негизги Мыйзамына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу өзүнүн аймагында өзүнүн кызыкчылыгында өз алдынча жана өзүнүн жоопкерчилигинде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечкенге кепилденген укук жана чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Учурда Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү турмуштун уюштуруусунун бардык тараптарын камтып, мамлекеттик бийликтин көпчүлүк функцияларын борбордон ажыратууга, жарандардын активдүүлүгүн стимулдаштырып бардык жергиликтүү маселелердин чечилишин аймактык коомчулукка өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Өзүңүз билгендей акыркы жылдары бул багытта өлкөбүздө жакшы аракеттер жасалып келүүдө. Ошондой болсо дагы бүгүнкү күнгө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында чечиле элек маселелер бар болгондуктан мамлекеттик бийлик тараптан колдоого муктаж болуп турушат. Эң маанилүүсү бул жергиликтүү бюджет. Сиздин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялаган Жарлыгыңызда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин каржылоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө жетишибиз керек деп белгилегенсиз. Учурда 373, же болбосо 82 пайыз айыл өкмөтү өздөрүн каржылай албай республикалык бюджеттен дотация алууга мажбур. 2010-жылдан бери республикалык киреше 2,5 эсеге көбөйгөн болсо, жергиликтүү бюджеттин өсүү темпи 1,2 эсени гана түзгөн. Ал эми жалпы кирешелерден жергиликтүү бюджеттин үлүшү ушул жылдары 24 пайыздан 13 пайызга түшүп кеткен. 2019-жылга республикалык бюджет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарга жарандардан алынуучу киреше салыгынын чегерилүүчү көлөмүн 70 пайызга көбөйткөнү айыл өкмөттөрдүн муктаждыктарын чечпейт. Анткени жарандардан алынуучу киреше салыгы жергиликтүү бюджеттин кирешесинин 30 пайызын түзөт. Анын ичинен 75,5 пайызы шаарларга түшөт, айыл өкмөттөргө 24,5 пайызы түшөт. Ал эми сатуудан түшкөн салык шаарларга караганда 17 пайыз, милдеттүү патенттерден ондон бир эле бөлүгү түшөт.

Дагы бир жылдап чечилбей келе жаткан маселе бул жергиликтүү бюджеттин жергиликтүү маселелерге гана багытталбай мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга жумшалып жаткандыгында. Тактап айтканда мыйзамдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик органдар өздөрүнүн ыйгарым укуктарын тиешелүү каражаттары менен өткөрүп берүүлөрү каралган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бир топ мамлекеттик органдардын функция жана ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзам бузуу менен жергиликтүү бюджет эсебинен аткарып келишет. Тиешелүү мыйзам кабыл алынгандан бери 5 жыл өттү. Тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин, Мамлекеттик статистика комитетинен башка бир дагы мамлекеттик орган айрым ыйгарым укуктарын мыйзамга ылайык өткөрө элек. Жыйынтыгында жергиликтүү маселелерге жумшалуучу жергиликтүү бюджет мамлекеттик органдарга тиешелүү укуктарын аткарууга жумшалып, көпчүлүк жергиликтүү маанидеги маселелер аткарылбай, же болбосо сапатсыз кызмат көрсөтүүгө келип такалууда. Сиздин жарлыгыңыз менен быйылкы 2019- жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыяланды. Былтыркы жылы бир топ тармактык жолугу шууларды өткөрдүңүз. Мындай жолугушууларды өткөрүү, тармактык уюм-мекемелер менен түздөн түз пикир алмашуу иштин натыйжалуу жүрүшүнө өбөлгө түзөт жана маанилүү деп эсептейбиз. Мындай жолугушуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да өтө маанилүү. Жогоруда биз белгилеген көйгөйлөр көптүн бири гана. Сизге кайрылуубуздун бирден бир себеби бир көп жылдан бери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын чогултуп, алардын маселелерин угуп, аймактарды өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу багытында жолугушуу өтпөй келет. Сиздин катышууңузда жана Өкмөт башчынын, депутаттардын катышуусу менен республикадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жолугушуу өткөрүлсө аларга жеткире турган маселелер арбын эле. Ошону менен бирге, кабыл алынган мыйзамдар региондордун өнүгүүсүнө жана жергиликтүү жамааттарга таасир этүүсүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көйгөйлөрүн чагылдырган Баяндаманы (Доклад) туруктуу негизде дайындоо да максатка ылайык деп ойлойбуз. Бул Баяндама ЖӨБ органдары тарабынан кер байланышты, алардын кызыкчылыктарын эске алуу механизми катары Өкмөткө көз каранды эмес, ЖӨБ органдарынын Союзу тарабынан даярдалуусун сунуштайбыз. Өз учурунда, республикада жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өкүлчүлүк кылуу жана алардын кызыкчылыктарын коргоо боюнча жалгыз легитимдүү орган катары ЖӨБ органдарынын Союзу бул жолугушууну натыйжалуу өткөргөнгө өз салымыбызды кошобуз деп билдирип кетебиз.

Терең урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзунун директору О. Б. Алманбетов

Окшош материалы: