Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ Союзу кургак учук менен ооруган адамдардын жергиликтүү бюджеттен каржыланышына каршы чыкты. КР Президенти бул пикирди колдоду

2018-04-24 / Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун жаңылыктары

Кыргыз Республикасынын Президенти Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун пикирин эске алуу менен “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына карата түзөтүүлөргө каршы пикирге кол койду.

Мыйзам долбооруна терс корутундуну Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу даярдаган. Мыйзам долбоору менен “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө” КР Мыйзамына өзгөртүү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кургак учукка каршы уюмдарга, ошондой эле кургак учук менен ооруган адамдарга бюджеттик мыйзамдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен финансылык колдоо көрсөтөт.
 
Союз өз корутундусунда мыйзамда каралган өзгөрүүлөр КР Конституциясынын ченемдерине, аны менен катар 3-берененин 4-пунктуна шайкеш келбей турганын белгилеген. Бул беренеге ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет. Ошентип, мыйзамдар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратууга тийиш.
 
Мындай мамиле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратууга, тигил же бул иш милдеттер менен ыйгарым укуктардын аткарылышы үчүн жооптуу болгон башкаруу органдарын так аныктоого, ошондой эле тиешелүү иш милдеттер менен ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансы жана  башка ресурстарды аныктап алууга жардам берет. Мунун баары башкаруунун ар бир жооптуу органы аларга жүктөлгөн иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды эффективдүү жана талаптагыдай аткаруусуна шарт түзөт.
 
Ушуну менен бирге КР Конституциясынын 113-беренеси, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 20 беренеси жана “ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” КР Мыйзамы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, каржылык жана башка каражаттарды берүү менен айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралган. Бул биринчи кезекте жергиликтүү жамаатка сапаттуу кызмат көрсөтүү, мамлекеттик иш милдеттерди жана ыйгарым укуктарды натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында жасалат.
 
Мындан тышкары КР Бюджеттик кодексинин 49-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик органдарга билип туруп тиешелүү компенсацияны камсыз кылбастан жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын көбөйтүүгө алып келүүчү ишчараларды жүзөгө ашыруу боюнча чечимдерди kабыл алууга тыюу салынат. Жергиликтүү маанидеги маселелерге мүнөздүү болбогон, ага тиешеси жок кошумча иш милдеттерди каржылоонун кошумча булактарын бербестен ЖӨБ органдарына жүктөө жергиликтүү бюджетке кошумча жүк алып келет. Белгилүү болгондой, ЖӨБ органдарынын 85 пайызга жакыны дотацияда турат жана аларга республикалык бюджеттен теңдештирүүчү гранттар бөлүнүп турат. Бул Мыйзам кабыл алынган учурда аны аткаруу үчүн республикалык бюджеттен бөлүнгөн теңдештирүүчү гранттардын көлөмүн көбөйтүү да талап кылынат.

Окшош материалы: