Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ийгиликтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн кепили

2018-07-20 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Ийгиликтүү аймактар – өлкөнүн өнүгүүсүнүн кепили

“Өлкөнү өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте аймактарды өнүктүрүү зарыл. Бул – менин терең ишенимим”, - деп айткан 2018-жылдын башында, “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Буйрукка кол койгондон кийин Президент Сооронбай Жээнбеков.

Буйрукта финансы ресурстарын тең эмес бөлүштүрүү, ыңгайлаштырылбаган фиаскалдык жана бюджеттик саясат, чабал инфраструктура жана аймактык лобби региондорду өнүктүрүүдө дисбаланска алып келе турганы белгиленет. 2018-жылдын башына карата Кыргызстан калкынын 66%ы элет жергесинде жашаганы белгилүү болду2. Өлкөдөгү калктын жарымынан көбүнүн экономикалык жана социалдык бакубатчылыгы бардык деңгээлдердеги бийлик, жарандык коом, жеке сектор жана эл аралык өнөктөштөр үчүн күн тартибиндеги негизги маселе бойдон кала берүүдө.
 
АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстандагы аймактардын өнүгүүсүнө көмөктөшүүдө. 2016-жылдын октябрь айынан бери USAIDдин “Ийгиликтүү аймак” долбоору ЖӨБ органдарына өз потенциалын жана жарандардын алардын ишине болгон ишенимин жогорулатуу- да колдоо көрсөтүп келүүдө. Ушул тапта долбоор Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы 32 муниципалитет менен кызматташууда. “Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог” аттуу Форум аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү боюнча Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгесин колдогон USAIDдин көптөгөн иш-чараларынын бири. Форум 2018-жылдын 30-мартында өткөн.
 
Форумга Кыргызстандын жети облусунан 40тан ашуун ЖӨБ органы, Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, ЖӨБЭММАнын, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү жана эл аралык өнөктөштөр катышты. Форум Кыргыз Республикасындагы аймактардын өнүгүүсүндөгү көйгөйлөрдү жана өнүгүүнү илгерилетүү стратегиясын талкуулоо үчүн аянтча болуп калды. Тараптар туруктуу жана сапаттуу тейлөө, бюджеттик процесс, элет жергесинин социалдык жана маданий өнүгүүсү боюнча өз идеяларын беришти. Ар бир пункт боюнча катышуучулар өз пикирин айтып, сунуштамаларын беришти. Төмөндө сиздин назарыңызга форумдун соңунда катышуучулар кол койгон Резолюцияны сунуштайбыз. Резолюция форумдагы үч негизги маселе боюнча сунуш берүүчү мүнөзгө ээ. Ал маселелер:
 
  • жергиликтүү бюджеттердин потенциалын жогорулатуу;
  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу;
  • жергиликтүү маанидеги социалдык жана маданий маселелерди чечүү.

Окшош материалы: