Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү программасы жөнүндө

2018-08-20 / Мыйзам жаӊылыктары

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги № 2377-VI Токтому менен 2018-2022-жылдардагы мезгилде “Биримдик, ишеним, жаратмандык” аттуу Кыргыз Республикасын Өнүктүрүү программасы бекитилди. Аймактарды өнүктүрүү Программадагы багыттардын бири болуп эсептелинет. 8.4-пунктка ылайык, аймактарды, калктуу конуштарды өнүктүрүүнүн жалпы максаттарына жетишүү максатында бийликтин, бизнестин, жарандык коомдун өнөктөштүгү камсыз кылынат. Аймактын жашоочуларынын турмушунун сапаты алардын муктаждыктарына, кызмат көрсөтүү стандарттарынын талаптарына ылайык келип географиялык жайгашуусуна, климаттык шарттарына жана өлкөнүн борборунан алыс жайгашкандыгына көз каранды болбойт.

Өндүрүш күчтөрүн оптималдуу жайгаштыруунун негизинде экономиканы өнүктүрүү аймактык саясатты жүзөгө ашыруунун артыкчылыгы болот. Кабыл алынган чаралар айыл чарба продукцияларын сактоо жана кайра иштетүү боюнча өндүрүштү өнүктүрүүнү, мал союучу цехтерди түзүүнү, өнөр жайын жандандырууну камсыз кылат. Жер-жерлерде айыл чарба кооперативдерин, жеңил өнөр жайын өнүктүрүүнүн класстерлери түзүлүп, туризмди өнүктүрүү, анын ичинде эко жана этно багытындагы туризмди өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлөт. Аймактык экономика ресурстардын, климаттын, географиялык жайгашуусунун, инфратүзүмүнүн бар экендигинин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аймакты адистештирүүгө негизделет.
 
Аймактарды өнүктүрүүнүн локомотиви болгон 20 таяныч шаарларын – өнүгүү орундарын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу экономиканы өнүктүрүүдөгү реформанын башталышы болот. Калктуу конуштардын инфратүзүмдөрүн: суу менен камсыз кылуу, канализация, энергия менен жабдуу, жылуулук менен жабдуу, спорт, мада-
ният, эс алуу курулмалар системасын жандандыруу процессин тездетүүгө ээ болот.
 
Региондун тургундары жашаган жерлеринде сапаттуу, жеткиликтүү кызмат көрсөтүүгө ээ болушат. Кызмат көрсөтүү системасы заманбап коммуникациялык технологиялардын өнүгүүсүнө негизделет. Жарандар мыкты шарттары бар кызмат
көрсөтүүчүлөрдү тандап алуу укугуна ээ болушат. Жолдорду, турак жайларды реаблитациялаштырууга жана курууга олуттуу күч-аракеттер жумшалат. Кабыл алынган бардык чаралар өздөрүнүн “чакан мекенинде” жарандардын жашоосунун бийик сапатына ээ болуусуна мүмкүнчүлүк түзөт, бул миграциялык процессти кыскартып, социалдык чырчатактардын коркунучун төмөндөтөт.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө улуттук жана маданий бирдейликти таануунун негизинде жергиликтүү жамаатты түзүү артыкчылыктуу болот. Аймактын, шаардын, айылдын деңгээлинде өнүгүүнүн өздүк программаларын
жүзөгө ашыруу үчүн ыйгарым укуктар, ресурстар максималдуу түрдө берилет. Ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү өнүгүүнүн натыйжаларына жетишүү үчүн аймактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин көтөрүү менен коштолот.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары барынан мурда жергиликтүү экономиканы өстүрүүнүн жана кирешелерди тескөөнү жакшыртуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин жогорулатууга реалдуу колдоо алышат.
Чек арага чектеш аймактарды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Инфратүзүмдөр боюнча ошол аймактарда жашаган жарандардын керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн кызмат көрсөтүүлөр боюнча шарттар түзүлөт.
 
“Түндүк” электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы тууралуу
 
 
 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-апрелиндеги №200 Токтому менен «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүүсүнө карата
талаптар бекитилген. Талаптар «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасындагы (мындан ары - «Түндүк» ЭВӨС) маалыматтык системалардын өз ара аракеттенүү, ага туташуу, аны пайдалануу жана администрациялоо тартибин, электрондук башкарууда, анын ичинде электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүдө мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын ортосунда маалымат (электрондук документтерди) алмашуунун жалпы принциптерин аныктайт. Талаптарга ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү же аларды көрсөтүүгө катышкан мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар «Түндүк» ЭВӨСтүн жардамы менен башка органдардын жана уюмдардын маалыматтык системалары менен маалымат (электрондук документтерди) алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга, анын ичинде мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жана мамлекеттик/муниципалдык функцияларды аткаруунун административдик процедураларын санариптик (электрондук) форматка өткөрүүнү камсыз кылууга милдеттүү.