Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө

2018-08-20 / Мыйзам жаӊылыктары

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына уюштуруучулук жана усулдук жардам көрсөтү максатында ЖӨБЭММАнын 2018-жылдын 6-апрелиндеги №01-18/41 буйругу менен методикалык Муниципалдык менчиктеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Типтүү жобо бекитилген. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген, белгиленген тартипте сатууга, башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат: курулушу бүтө элек объекттер; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган, атап айтканда курулушка, кеңейтүүгө, кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон, авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.

Ушул эле Буйрук менен Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу жөнүндө Типтүү жобо бекитилген. Бул жобо муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуунун тартибин аныктайт. Жобого ылайык, муниципалдык менчикте турган автотранспорт каражаттарын сатуу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан аткарылат. АӨ башчысы транспорт каражаттарынын наркын баалоо боюнча комиссияны түзөт, транспорт каражаттарын сатуу жөнүндө аукционду жарыялайт жана авто транспорт каражатын сатып алуучу менен сатуу сатып алуу келишимин түзөт.

“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-абзацын ишке ашыруу максатында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эки айлык мөөнөт ичинде жогоруда аталган типтүү жоболордун негизинде негизги каражаттарды эсептен чыгарып салуу тартиби жөнүндө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык менчигинде турган автотранспорт каражатын сатуу жөнүндө жоболорду иштеп чыгып, жергиликтүү кеңештердин токтому менен бекитүү сунушталган.
 
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө
 
Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодексин кабыл алуунун максаты– Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрүн жүргүзүү, жыйноо жана контролдоо боюнча мамилелерди жөнгө салуучу бирдиктүү мыйзам актыларын түзүү, ошондой эле салыктык эмес кирешелердин толук тизмесин, аларды жүргүзүүнүн жана Кыргыз Республикасынын бюджетине түшүүлөрдүн бир түрдүү эрежесин бекитүү болуп саналат.
 
Кодекс өлкөнүн бюджетине түшкөн бардык салыктык эмес кирешелердин тизмегин камтыйт жана башка ченемдик укуктук актылар менен киргизилишине тыюу салат. Кодекске ылайык, жергиликтүү бюджеттерге төмөнкүлөр келип түшөт:
  • чарбалык коомдордун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына таандык акцияларына (үлүшүнө) чегерилген дивиденддер;
  • муниципалдык ишканалардын пайдасынан чегерүүлөр;
  • муниципалдык менчиктеги объекттердин ижарасынан кирешелер;
  • эгерде ушул Кодекс менен башкасы белгиленбесе, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым;
  • калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйым;
  • мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайыттарынан тышкары, жайыт жерлерди пайдалануу үчүн жыйым;
  • муниципалдык акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттар;автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым;
  • алкоголдук продукцияларды сатуучу субъекттер тарабынан этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу үчүн жыйымдар;
  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, алардын ведомстволук мекемелери бузуулар үчүн материалдык жоопкерчилик чараларын колдонушунун натыйжасында алынган каражаттар, анын ичинде айыптар, санкциялар, компенсациялар, сот чечимдери боюнча зыяндын ордун толтуруу суммалары;
  • юридикалык жана жеке жактар тарабынан жергиликтүү бюджеттерге кайтарымсыз жана ыктыярдуу негизде өткөрүлүп берилүүчү каражаттар;
  • муниципалдык менчикте турган мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер;
  • жергиликтүү бюджеттен финансылануучу мекемелердин мүлкүн сатуудан түшкөн кирешелер;
  • конфискацияланган мүлктү, белгиленген тартипте муниципалдык менчикке кайтарымсыз негизде өткөн мүлктү сатуудан түшкөн кирешелер;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка салыктык эмес кирешелерКодекс жалпы жана өзгөчө бөлүктөрдөн туруп,   төмөнкүлөрдү белгилейт:
1) салыктык эмес кирешелердин системасын; 2) салыктык эмес кирешелердин түрлөрүн; 3) салыктык эмес кирешелерди белгилөө, өзгөртүү жана жокко чыгаруу тартибин; 4) салыктык эмес кирешелерди төлөө боюнча милдеттенмелердин келип чыгуу, өзгөрүү, аткарылыш ана токтотулуш негиздерин; 5)төлөөчүлөрдүн жана куктук мамилелердин башка катышуучуларынын салыктык эмес кирешелерди төлөөдө келип чыгуучу укуктарын жана милдеттерин; 6) салыктык эмес кирешелерди чегерүүнү жана төлөөнү контролдоонун формалары 7) салыктык эмес кирешелерди жыйноону ишке ашыруучу органдардын чечимдерине даттануу тартибин, аларды төлөө үчүн контролду, ошондой эле алардын кызматкерлеринин аракеттеринин жана/же аракетсиздигинин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн.
 
Кодекс 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирет. Бүгүнкү күндө салыктык эмес кирешелер боюнча администрациялоо тартибинин кодексин регламенттештирүү маанилүү болуп турат (чегерүүлөр жана төлөөлөр үчүн контрол, чечимге тийиштүү органдарга даттануу, ошондой эле алардын кызматкерлеринин аракетинин жана/же аракетсиздигинин мыйзамдуулугуна жана негиздүүлүгүнө даттануу). Мындай “Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө” КР Мыйзамында болгон эмес.
 
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн жаңылыктар
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы салыктык эмес кирешелерди төлөөдө пайда болгон укуктук мамилелердин катышуучусу болуп эсептелинет: 1) салыктык эмес кирешелерди чегерүү, жыйноо, эсепке алуу, эсептөөнүн тууралыгын,
алардын толук жана өз убагында төлөнүүсүн контролдоо боюнча бир же бир канча функцияларды жүзөгө ашыруучу, ошондой эле ашыкча төлөнгөн (өндүрүп алынган) салыктык эмес кирешелерди, алар боюнча туумдарды жана айыптарды кайтаруу (эсепке киргизүү) жөнүндө чечимдерди кабыл алуучу салыктык эмес кирешелердин администратору
болуп эсептелинет; 2) салыктык эмес кирешелердин башкы администратору (карамагында салыктык эмес кирешелердин администраторлору бар, мыйзамдар менен аныкталган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, ал эми карамагында администраторлор жок болсо алар салыктык эмес кирешелердин администратору болуп саналышат).
Салыктык эмес кирешелердин түрлөрү боюнча
Автотранспортту токтотуу жана токтотуучу жай үчүн жыйым (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жыйымдын көлөмүн, жыйымды администрациялоо жана төлөө тартибин аныктайт) жана калктуу конуштардан таштанды чыгаруу үчүн жыйым (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы жыйымдын ставкасын киргизет жана белгилейт) өңдүү салыктык эмес кирешелердин түрлөрү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу сакталып калды. Буга чейин болгондой эле муниципалдык менчикке караштуу мүлктү ижарага алууда ижара акысы жергиликтүү бюджетке түшөт. Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдү жөнгө салуу өзгөргөн жок. Жаңы салыктык эмес кирешелер кошулду. Мисалы, мамлекеттик токой фондунун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарындагы жайыттардан тышкары, жайыт жерлерин пайдалануу үчүн жыйымдын өлчөмү, тартиби жана аны төлөөнүн мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан аныкталат. Мектеп-интернаттарында балдарды багуу үчүн акы, лом жана кара-түстүү металлдардын калдыктары үчүн акы сакталып калган жок.