Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер казынасын башкарууда ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктары жөнүндө

2018-08-20 / Мыйзам жаӊылыктары

“Жер казынасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынды. Мыйзам мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле башка мамлекеттер менен жер казынасын пайдалануудан келип чыккан мамилелерин жөнгө салат.

Муну менен кошо Мыйзам жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө Өкмөттүн, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын мамилелерин аныктайт. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү мамлекеттик администрация органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
 
  • ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген учурларда, лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун беришет;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде санитардык коргоо зоналары түзүүнү милдеттүү түрдө эсепке алуу менен суу алгыч курулмалар үчүн жер бөлүп берет;
  • лицензиялык аянтка лицензиаттарды тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыз кылат;
  • пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууну токтотот;
  • жер казынасын геологиялык изилдөөдө же кендерди иштетүүдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуну жана консервациялоону, ошондой эле жер бөлүктөрүн жана лицензиялык объекттерди рекультивациялоону контролдойт;
  • административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;
  • жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;
  • жер казынасын пайдалануучулардын ишкердигине мыйзамсыз кийлигишүүсүн токтотуу максатында жергиликтүү калк арасында иш жүргүзөт;
  • жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекти жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин чегинде жашаган
    жергиликтүү калк үчүн социалдык пакетке жеткиликтүүлүктү жана аларды ишке ашыруу брюнча жылдык отчетту камсыз кылат.
    Социалдык пакеттер жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчеттор аларга кол коюлган жана/же алынган күндөн тартып
    жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын имараттарында сакталат;
  • алтын издөө ишмердиги боюнча жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт жана мамлекеттик каттоого алат;
  • жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат

Мыйзамдын жаңы редакциясы так эмес ыйгарым укуктарга байланышкан көйгөйдү чечкен жок. Айталы, жогоруда аталган ыйгарым укуктар мурдагыдай эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын да, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын да карамагына кирет. Мындай болбошу керек эле. Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, акыр соңунда ким бул ыйгарым укуктар үчүн жооптуу болгону түшүнүксүз

Жарандык коргонуу жана ЖӨБ органдары жөнүндө

“Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда кабыл алынды. Бул Мыйзам тынчтык жана согуш мезгилиндеги өзгөчө кырдаалдарда Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын Жарандык коргоо жагынан уюштуруучулук-укуктук нормаларын аныктайт. 
 

Бул Мыйзам КР Конституциясына ылайык келтирүү, жарандык коргонуу чөйрөсүндө КР мыйзамдарын өркүндөтүү, карама-каршылыктарды четтетүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы кемчиликтерди толуктоо максатында иштелип чыкты. Мыйзамга ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

  • жарандык коргонуу боюнча комиссияларды түзөт жана алардын ишин координациялайт;
  • жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жооптуу кызматкерлерди дайындайт;
  • жарандык коргонуу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз компетенциясынын чегинде чечим кабыл алышат
  • жарандык коргоо планын иштеп чыгышат жана ишке ашырышат, аларды жарандык коргоо жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашат;
  • өзгөчө кырдаалдарды прогноздоо жана алдын алуу боюнча өздөрүнө баш ийүүдөгү ведомстволук аймакта иш-чараларды өткөрөт;
  • турак үйлөрдү, административдик жана өндүрүштүк имараттарды жана курулмаларды курууга жер участкаларын бөлүү жөнүндө чечимди ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашат;
  • жарандык коргонууну жүргүзүү үчүн зарыл болчу күчтөрдү жана каражаттарды даярдоону жана даярдыкта кармап турууну ишке ашырат;
  • калкты ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген программалар боюнча өзгөчө кырдаалдарда коргонуу жана иш-аракеттерин жүргүзүү ыкмаларына үйрөтүүнү уюштурат
  • өзгөчө кырдаалдарда эвакуациялык ишчараларды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана алардын өткөрүлүшүн уюштурат;
  • өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыз кылат;
  • жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен биргеликте өзгөчө кырдаалдардын чыгуу коркунучу же чыккандыгы жөнүндө калкка өз убагында кабар берүүнү камсыз кылат
  • ведомстволук объекттерде жана аймактарда пайда болгон өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча чараларды көрөт;
  • жергиликтүү бюджетте караштырат жана жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө финансы каражаттарын бөлөт;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, өз ыйгарым укуктарынын чегинде жарандык коргонуу жаатында ыйгарым
    укуктуу мамлекеттик органдын жазма буйруктарынын жана көрсөтмөлөрүнүн аткарылышын камсыздайт.
Бюджеттик календарды өзгөртүү жөнүндө
 
“Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды. Мыйзам бюджеттик чөйрөдөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын финансылык базасынын туруктуулугун камсыздоо максатында кабыл алынган. Мыйзам менен Бюджеттик кодекстин төмөнкүдөй ченемдериндеги карама-каршылыктар четтетилди:
1) расмий трансферттерди жана алынган расмий трансферттерди аныктоодо; 2) бюджеттерде, бюджет долбоорлорунда кирешелердин жана (же) чыгашалардын өзгөрүүсүнө алып келчү кабыл алынган ЧУАларды эсепке алуу эрежелерин жөнгө салган ченемдерде. Бюджет аралык мамилелер төмөнкү принциптерге негизделиши керектиги аныкталды:
 
1) Кыргыз Республикасынын бюджеттик системасынын ар бир бюджетине мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларына жана ыйгарым укуктарына ылайык кирешелерди бөлүштүрүү жана
бекитүү; 2) бюджеттердин деңгээлдери ортосунда жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн нормативдерин узак мөөнөттүү негизде, бери дегенде беш жылга белгилөө; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу бюджеттердин кирешелериндеги жоготуулардын же кошумча чыгашалардын ордун толуктоо.
 
Жергиликтүү бюджеттерде каражаттардын жетишсиздигинен улам жаралган азыркы абалды эсепке алуу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык өз алдынчалуулугу үчүн шарттарды түзүү максатында кирешелердин айрым түрлөрүн жергиликтүү бюджеттерге түшкөн кирешелерге кошуу жаатында Мыйзам менен Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине өзгөртүүлөр киргизилди. Алар: аңчылык жаныбарларын атайын пайдалангандык үчүн администрациялык айыптар жана акы, ошондой эле КР мыйзамдары менен аныкталган башка салыктык эмес төлөмдөр.
 
Бюджеттин жана бюджеттик процесстин ачыктыгын жана айкындуулугун жөнгө салган 24-главага кабыл алынган өзгөртүүлөр тактоочу мүнөзгө ээ болду. Өзгөртүүлөр негизинен ЖӨБ органдары жарыялаган бюджеттик документтердин тизмегине (125-берене), жарандык бюджетти жарыялоо булактарына (126-берене) жана коомдук угуулардын субъекттерине (127-берене) тиешелүү болду. Мындан тышкары 129-берененин кыргыз жана орус варианттары түрдүүчө окулганына байланыштуу аталган беренеге өзгөртүүлөр киргизилди. Айталы, Кодекстин 129-беренесинин 3-бөлүгүндө
орус вариантында коммерциялык эмес уюмдар тууралуу сөз болсо, кыргыз тилинде коммерциялык уюмдар тууралуу айтылат. Өзгөртүү кодекстин кыргыз тилиндеги вариантына киргизилди.
 
Муниципалитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу тууралуу
 
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жылдын 15-майындагы №63-А Буйругу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 16-майындагы № 01-18/56 Буйругу менен Шаардын/айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын иштеп чыгуу боюнча методикалык колдонмо бекитилген жана ал келечекти пландоонун аспабы болуп эсептелинет. Методикалык колдонмо шаардын/айылдык аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын иштеп чыгуу, кабыл алуу жана аткаруу боюнча өз ыйгарым укуктарын ишке
ашыруу максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына багытталат. Методикалык колдонмо СЭӨПнын принциптерин, структурасын, максатын, өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, ар бир артыкчылыктуу багыт (кош-программасы) боюнча өнүгүү максаттарын жана милдеттерин аныктайт. Колдонмо ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планын, бюджетин, өнүгүүнүн финансылык моделин, СЭӨПга мониторинг жана баалоо жүргүзүүнү караштырат. Методикалык колдонмо СЭӨПны иштеп чыгууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына
багыт көрсөтөт. Колдонмо Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 10-январындагы “2018-жылды Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Буйругун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы № 1836-V токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго – кырк кадам 2018-2023” аттуу Программасын, КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 31-мартындагы №194 Токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын Региондук саясатынын концепциясын аткаруу максатында иштелип чыкты. Методиканы жайылтуу үчүн, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына
жардам болсун деп “Жергиликтүү социалдык-экономикалык өнүгүү программаларын даярдоо” аттуу методикалык окуу китеби иштелип чыкты. Бул тууралуу кенен маалыматты “Муниципалитет” журналынын ушул санындагы “Окуганга кызык экен” түрмөгүнөн таба аласыз.