Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ийгиликтүү ишке ашырылган жергиликтүү демилге кийинки жергиликтүү демилгенин жолун ачат

2020-06-08 / Жергиликтүү демилге
Ийгиликтүү ишке ашырылган жергиликтүү демилге кийинки жергиликтүү демилгенин жолун ачат

Гуляим ШАМШИДИНОВА, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мыкты практика боюнча адиси

Жергиликтүү демилге – бул жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, алардын бирикмелери, башка жеке жана юридикалык жактар демилгелеген, бир же бир нече жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган идея жана башка демилгелер.

Өнүктүрүү саясат институту “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун (мындан ары – ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) алкагында жыл сайын “Жергиликтүү демилге” конкурстарын (мындан ары – ЖД Конкурсу) өткөрүп келди. ЭҮЖӨБОЖ Долбоорун Швейцариянын Өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги аркылуу (SDC) Швейцария Өкмөтү каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту аткарат. ЖД Конкурсунун негизги максаттары: 1) калкты жамааттын жашоосуна жана жеринде чечим кабыл алуу процессине дагы да жигердүү катышууга шыктандыруу; 2) жергиликтүү демилгелерге дем берип, алар тууралуу маалыматты жайылтуу максатында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу боюнча өзгөчө ийгиликтүү мисалдарды аныктоо; 3) Кыргызстанда ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын өнөктөштүгүндө жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн алдыңкы усулдарын жана жаңы ыкмаларын колдонууга көмөктөшүү. 2012-жылдан 2019-жылга чейинки мезгил аралыгында конкурска 473 өтүнмө түшүп, 154 өтүнмө жалпы суммасы 5 234 500 сомду түзгөн байгелерге ээ болду.

Бул макалада ЖД Конкурстарында жеңүүчү деп табылган демилгелердин жыйынтыгы кандай болгонун, алар кантип өнүгүп, элге кандай пайда алып келип жатканын, бул долбоорлордун туруктуулугу жана алардын келечекке карата пландары тууралуу сөз кылабыз.

Ар бир окуяда ЖД лидерлери алынган жыйынтык тууралуу маалымат менен бөлүшүп, жабдуу же социалдык объекттерди көрктөндүрүү түрүндө алган байгелерди канчалык натыйжалуу колдонуп жатканын, өз ишинде кандай оң тенденциялар байкалганын, жергиликтүү жамаат болуп жаткан өзгөрүүлөргө кандай реакция жасаганын, булардын тажрыйбасы муниципалитеттин аймагында да, анын тышында да кантип жайылганын айтып беришти.

Бул жергиликтүү демилгелер башка долбоорлордун пайда болушуна шарт түзүп, үлгү, мисал катары каралып калды.

 

Окшош материалы: