Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү демилге
Айылды бирге өнүктүрөбүз: “Таза Мурас” муниципалдык ишканасы кызмат көрсөтүүнү башкарууда жаңы технологияларды колдонууда
Султан МАЙРАМБЕКОВ, ӨСИнин консультанты; Ирина ЛИХОБАБИНА, “Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын жетекчиси
МУНИЦИПАЛДЫК ИШКАНАНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ
Административдик-аймактык реформаны жүргүзгөндөн кийин 2023-жылдын июль айында Түп районунун Ысык-Көл айылдык аймагында “Таза Мурас” муниципалдык ишканасы түзүлгөн.
“Таза Мурас” муниципалдык ишканасы калкка төрт багыт боюнча кызмат көрсөтөт: калкты ичүүчү суу менен камсыздоо; катуу тиричилик калдыктарын чогултууну жана ташып чыгарууну уюштуруу; жайыттарды башкаруу; аймакты көрктөндүрүү жана жашылдандыруу.
Муниципалдык ишкана уюшулганга чейин айылда таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүлгөн эмес; айылдын аймагында таштанды туш келди жерге төгүлө берип, көчөлөр таштандыга толуп калган эле. Муниципалдык ишкана түзүлгөндөн кийин кырдаал өзгөрдү. Биринчи кезекте ишкана таштандыларды жыйноо жана ташып чыгарууну уюштурууну өз мойнуна алып, ошол заматта айылдын көчөлөрү таза болуп калды. Абоненттердин саны 5109 кожолукту түздү. Ичүүчү суу менен камсыз кылуу, катуу таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча кызматтарды көрсөтүү үчүн ар бир короо менен келишимдер түзүлдү. Айыл өкмөтү менен биргеликте муниципалдык ишкананын кызматкерлери коомдук угууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө айылдын эли менен ичүүчү суу кызматын көрсөтүү, катуу таштандыларды чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн тарифтер талкууланды. Коомдук угууларда жергиликтүү жамаат төмөнкүдөй тарифтерге макулдугун берди: ичүүчү суу үчүн – бир адамга айына 54 сом, КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу үчүн тариф – бир короого 110 сом болуп калды. Жергиликтүү кеңеш сессияда калк жактырган тарифтерди бекитти.
“Таза Мурас” муниципалдык ишканасында 21 адам иштейт. Ишканада компьютердик техника болгон эмес, иш негизинен кагаз журнал боюнча жүргүзүлгөн, бардыгы колго жасалып, бул бир топ убакытты алып, ишкананын кызматкерлеринин ишин кыйындаткан.
2024-жылдын май айында Өнүктүрүү саясат институтунун атынан “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” Программасы Чакан гранттар программасынын алкагында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын аялдардын жана жаштардын демилгелүү топторунун арасында конкурс жарыялаган. “Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ирина ЛИХОБАБИНА кызматкерлердин ичинен демилгелүү топту түзүп, ишканага компьютердик жабдууларды сатып алууга каражат алуу үчүн гранттык конкурска өтүнмө жиберген. “Таза Мурас” муниципалдык ишканасынын демилгелүү тобунун өтүнмөсү конкурстук тандоодон өтүп, 130 000 сом өлчөмүндө грант утуп алган. Гранттын акчасы оргтехниканы сатып алууга жумшалды: стационардык компьютердик техниканын эки комплекти, бир көп функционалдуу түзмөк жана проектор алынды. Техниканы алуу 1С программасын орнотууга жана киргизүүгө, абоненттердин базасын эскирген кагаз форматынан санариптик файлдарга өткөрүүгө мүмкүндүк берди.
ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР
Жасалган иштердин жыйынтыгында муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жогорулады; Жасалган иштердин жыйынтыгында муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу жогорулады; технологиялык инновациялар эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатып, натыйжалуу ишти камсыз кылуу менен иш мейкиндигин уюш-туруунунун ыкмаларын олуттуу турдө өзгөрттү. 1С программасы жана Excel карыз болгондордун тизмесин, карыздын суммасын, кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдүн квитанциясын ж.б. түзөт, мунун баары буга чейин колго жасалып келген. Муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин иши бир топ жөнөкөйлөштүрүлүп, тездетилди, абоненттерди тейлөөгө кеткен убакыт азайды. Кызматкерлер үнөмдөлгөн убактысын башка иштерге жумшашат, бул алардын натыйжалуулугун жогорулатып, жыйынтыктарды жакшыртат. Жума сайын айыл өкмөтүнүн имаратынын алдындагы жарнамалар тактасына карызы барлардын тизмелери илинип, бул тизмелер WhatsApp топторуна да жөнөтүлүп турат, натыйжада абоненттердин кызмат көрсөтүүлөр үчүн карызы 5 пайызга азайды.
Муниципалдык ишкананын жылдык бюджети төмөнкүдөй: ичүүчү сууга – 4 241 000 сом, катуу таштандыга – 2 383 920 сом, жайыттарды башкарууга – 1 138 000 сом. Акчаны чогултууну көбөйтүү үчүн абоненттер менен үзгүлтүксүз иш жүргүзүлүп, көрсөтүлгөн кызмат үчүн акча каражаттарын өз убагында төлөөгө арналган айылдык чогулуштар уюштурулуп турат. Айыл өкмөтү катуу таштандыларды чыгарууга жана ичүүчү сууга 750 000 сом өлчөмүндө квартал сайын субсидия төлөйт. Ишкананын башкаруусунда калкка кызмат көрсөткөн 11 атайын техника бар, алардын арасында административдик-аймактык реформанын натыйжасында сатып алынган жаңы техникалар да бар.
Ушул тапта “Таза Мурас” муниципалдык ишканасы өз милдеттенмелерин талаптагыдай деңгээлде аткарып жатат, айылдын эли муници-палдык ишкананын кызмат көрсөтүүлөрүнө ыраазы. Ишкана ийгиликтүү, алдыңкы деп эсептелет, ишкананын кызматкерлери өздөрүнүн иш тажрыйбасын Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ЖӨБ органдарындагы кесиптештерине да өткөрүп жатышат. Ишкананын ийгилигинде жетекчинин – Ирина ЛИХОБАБИНАнын инсандыгы чоң ролду ойнойт. Ал тажрыйбалуу адис, жергиликтүү кеңештин экс-төрайымы, аймактын мониторинг тобунун жетекчиси, өз айылынын патриоту, айылынын көйгөйлөрүн жигердүү чечип келген камкор аял.
КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР
“Таза Мурас” муниципалдык ишканасы биллинг системасын киргизүүнү пландап жатат. Керектүү программалык камсыздоону сатып алууга жана орнотууга айыл өкмөтү жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүп берди. Биллинг системасын ишке киргизүү ишкана көрсөткөн кызматтардын сапатын бир кыйла жакшыртмакчы.
Владимир ХАЛЯПИН, Михайловка айылынын тургуну: “Мен бул айылда жашагандан бери эле таштанды чыгаруу көйгөйү өтө курч маселе-лердин бири болуп келген. Туш келди жерге таштанды ыргытылып келчү. Мунун айынан балдарымдын ден соолугу үчүн көп кабатыр боло берчүмүн. Бирок азыр кырдаал өзгөрдү. Таштандылар графикке ылайык чыгарылууда, айыл таза жана жагымдуу болуп калды, муниципалдык ишканага ыраазычылыгымды айтпай коё албайм. Бул чындап эле биздин айыл үчүн алдыга ташталган чоң кадам болуп калды”.
Гүлмира ТУГАНБАЕВА, Михайловка айылынын тургуну: “Мени өзгөчө “Таза Мурас” муниципалдык ишканасы жаңы технологияларды колдонуп жатканы кубандырат, бул келечекке болгон камкордуктан кабар берет, бул жашоо шартын жакшыртуу үчүн жасалган реалдуу иш. Бул демилге бизге эле эмес, таза айылда жашай турган келечек муундарга да оң таасирин тийгизет деп ишенем. Биздин жамаат ушундай колдоо алып жатканына ушул айылдын тургуну катары сыймыктанам”.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Балдар аянтчасы үчүн муниципалдык жер маселесин чечүүнүн узак жолу: Мады айылынын балдары Нооруз майрамына карата белек алышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – башкы байлык
-
№6 (164) / 2025-07-14 Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кара-Кулжа айылында аялдар үчүн өнүгүү шарттары түзүлдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Мантыш айылында комуз ийрими ачылып, ага 42 кыз-бала барып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Айылдын кыз-келиндери күткөн фитнес-зал
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду