Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү демилге
Мантыш айылында комуз ийрими ачылып, ага 42 кыз-бала барып жатат
Түрмөктү ӨСИнин мониторинг боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ даярдады
Кара-Суу айылдык аймагынын көйгөйлүү маселелерин талдоо учурунда Кызыл-Дөбө жана Мантыш айылдарында комуз черткенди үйрөнгүсү келген окуучулар көп экени аныкталган. Көрсө, балдар алардын калктуу конушунан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан Кочкор районунун борборуна барууга аргасыз болушат экен, бул болсо коопсуздукка жана транспорттун жеткиликтүүлүгүнө байланышкан олуттуу кооптонууларды жаратат. Мындай көйгөйдүн келип чыгышына Кара-Суу айылдык аймагында ийримдердин, анын ичинде улуттук көркөм чыгармачылыктын өнүгүшүнө салым кошуп, балдардын бош убактысын пайдалуу өткөрүүгө шарт түзө турган комуз черткенди үйрөткөн ийримдин жоктугу себеп болгон. Комуз ийримдерин уюштурууга жергиликтүү бюджеттин жетишсиздиги, аспаптарды сатып алууга каражаттын жоктугу, ошондой эле алардын ишин укуктук жөнгө салуу маселелеринин чечилбегендиги айыл өкмөтүнүн аппаратына олуттуу кыйынчылыктарды жараткан.
Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан долбоорлордун биринин алкагында Кара-Суу айыл өкмөтүнүн айрым кызматкерлери жергиликтүү бюджетке оорчулук келтирбестен жеринде кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча атайын окуудан өтүшкөн. Жергиликтүү деңгээлде комуз черткенди үйрөткөн ийримди укуктук жактан уюштуруу максатында коомдук угууларда тургундар менен окуу акысы макулдашылган. Коомдук угууда бир окуучудан ай сайын 300 сом өлчөмүндө акы белгиленген. Бул чечим айыл өкмөттүн тиешелүү буйругу менен бекитилген. Кара-Суу районунун Маданият үйүндө комуз ийримин уюштуруу үчүн атайын жай бөлүнгөн. Долбоор жергиликтүү демилгелерди, анын ичинде аялдардын жана жаштардын лидерлигин колдоого Грантка жарыяланган конкурстун жеңүүчүсү деп табылып, натыйжада гранттык каражаттан бөлүнгөн 130 миң сомго 14 комуз жана 1 музыкалык аппаратура сатып алынган. Мындан тышкары, конкурстук комиссия жөнүндө Жобо иштелип чыгып, аны айылдык кеңеш бекитип, комуз ийрими боюнча кызмат көрсөтүүгө ачык конкурс өткөрүү менен жогорку билимдүү мугалим тандалып алынган. Ошондой эле айыл өкмөттүн буйругу менен кызмат көрсөтүүнүн графиги бекитилип, айыл өкмөт менен конкурс аркылуу тандалган мугалимдин жана ата-энелердин ортосунда келишимдер түзүлгөн.
Натыйжада 6дан 16 жашка чейинки курактык тайпаларга бөлүнгөн 42 кыз-бала комуз ийримине барышууда. Кенже тайпада 12 бала, анын ичинде 6 кыз бар, орто тайпада 15 бала (10 кыз), улуулардын тайпасында 15 бала (9 кыз) бар. 2024-жылдын апрель айында балдар Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу жети айылдын арасында өткөн чыгармачылык иш-чарага катышып, баалуу белектердин ээлери болушкан. Эми 42 окуучу райондун борборуна барып отурбастан, өз айылында эле комуз черткенди үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Сабактарды жогорку кесиптик билими бар мугалим, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин бүтүрүүчүсү Назира СЫДЫГАЛИЕВА өтүүдө. Ийримге жазылган окуучулар ар кандай конкурстарга жигердүү катышып, таланттарын көрсөтүп, бир топ ийгиликтерге жетишип жаты-шат. Назира эже окуучуларына кыргыз элинин кайталангыс улуттук аспабы болгон комузду черткенди үйрөтүп, улуттук баалуулуктарга, каада-салттарга сүйүүсүн арттырып келет.
“Жаш Толкун” комуз ансамблинин келечекке чоң пландары бар. Комузда ойноого кызыккан окуучуларды жана элеттиктерди ийримге катышууга тартуу; окуучуларды райондук, облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдердеги конкурстарга катыштыруу менен алардын дүйнө таанымын кеңейтүү; Кыргызстандын тарыхын, тилин, каада-салтын, маданиятын, руханий жана улуттук баалуулуктарын, философиялык тереңдигин, санжырасын жана көркөм мурасын комуз ийрими аркылуу келечек муундарга жеткирүү пландалууда.
Ландыш КУРУЧБЕКОВА, комуз ийриминин катышуучусу: “Мурда комуз черткенди билчү эмесмин, бирок ийримге келгенден кийин бир нече күүлөрдү өздөштүрдүм, эми келечекте музыкалык карьера тууралуу ойлоноюн деген тилегим бар”.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – башкы байлык
-
№6 (164) / 2025-07-14 Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кара-Кулжа айылында аялдар үчүн өнүгүү шарттары түзүлдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Айылдын кыз-келиндери күткөн фитнес-зал
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилге аркылуу ЖӨБ органы спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин эффективдүү чечүүдө
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жазы айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге жаңы таланттарды ачты