Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

7-8 (165-166) 8 Сентябрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балдар аянтчасы үчүн муниципалдык жер маселесин чечүүнүн узак жолу: Мады айылынын балдары Нооруз майрамына карата белек алышты

2025-09-05 / Жергиликтүү демилге
Балдар аянтчасы үчүн муниципалдык жер маселесин чечүүнүн узак жолу: Мады айылынын балдары Нооруз майрамына карата белек алышты

Султан МАЙРАМБЕКОВ, ӨСИнин гранттар боюнча адиси; Айсалкын АБДЫКАДЫРОВА, демилгелүү топтун лидери

ЧАКЫРЫК  

СССР маалында Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айылында Мамлекеттик асыл тукум станциясынын кызматкерлери үчүн бардык шарттары бар, эки кабаттуу, 32 батирлүү эки үй курулган эле. Үйдүн айланасындагы аймакта балдар аянтчалары курулуп, ал жерде балдар бош убактысын өткөрүшчү. Бирок СССР урагандан кийин бул балдар аянтчасынан из да калган эмес. Балдар аянтчасынын бош калган аймагына тургундар сарайларды, гараждарды, тоокканаларды, жада калса малканаларды да куруп алышкан. Балдарга арналган жалпы аянт мына ушундайча чарбалык курулушка айланып калган. Балдарга короодо өз жери болбой, алар коопсуз ойной турган жайсыз калышкан, үйдүн жанында транспорт тынбай өткөн көчө бар, мындан улам жол кырсыгы да сейрек эмес эле.

ИДЕЯ ЖАНА ЧЕЧИМ

Күндөрдүн биринде ушул үйдүн жашоочусу Турдугүл эже “Бул жерлерди кайтарып, балдар үчүн оюн аянтчасына айландырсак болоор бекен? Бул жерде балдар аянтчасы бар эле, ал жер балдар үчүн бөлүнүп берилбеди беле” деген маселени көтөрүп чыкты. Бул 2010-жылы болгон эле. Ошол жылы Мады айылынын тургуну Айсалкын АБДЫКАДЫРОВА Турдугүл эже менен биргеликте демилгелүү топту түзүп, “бул жерлерди кайтарып, балдар аянтчасын уюштурууга болобу?” деген суроо менен Мады АӨ башчысына кайрылышкан. Ал кезде маселе чечилбей кала берген. 2012-жылы жергиликтүү кеңешке шайлоонун алдында Демилгелүү топ Айсалкын АБДЫКАДЫРОВАнын талапкерлигин көрсөтүп, бирок шайлоонун жыйынтыгы боюнча 4 добуш жетпей калып, ал кеңештин депутаттыгына өтпөй калган. Бирок демилгелүү топ ишин улантып, балдар аянтчасы үчүн жерди кайтарып берүү маселеси менен жергиликтүү кеңештин депутаттарына кайрылышкан. Анткен менен жергиликтүү кеңештин 2012-жылдагы чакырылышынын депутаттары бул маселени чече алышкан эмес. Айсалкын АБДЫКАДЫРОВА бул оюнан кайткан жок: ал тренингдерде билим алып, дараметин арттырып, ар кандай жолугушууларга катышып, “муниципалдык жерди кайтарып алса болобу?” деген суроону дайыма узатып турду. Ошентип, бул суроо Жогорку Кеңештин депутаттарына да, лидер аялдарга да, Мамкаттоого жана Райондук архитектурага да жолдонду. Бирок эч кандай жылыш байкалган эмес. Убакыт өтүп, 2016-жыл – жергиликтүү кеңештерге жаңы шайлоо өтчү жыл да келди. Бул шайлоодо демилгелүү топ жаш ишкерлерди – айылдын тургундарын сүрөдү. Жигиттер жергиликтүү кеңешке депутат болуп келишти, айылдын аялдарында аларга узаткан суроосу эч өзгөргөн жок: балдардын оюн аянтчасы үчүн жерди кайтарууга болобу? Жаш депутаттар Надир ТОКТОРОВ менен Мирлан КЫДЫРОВ маселени чечүүгө олуттуу киришип, тиешелүү документтердин баары менен таанышып чыгып, бул документтерди тиешелүү органдардын кароосуна өткөрүп, депутаттык суроо-талап менен кайрылышты. Териштирүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, муниципалдык жерди басып алган бир кишиге өз убагында райондун акими өзү да документтер менен жардам берген экен. Бул иштердин натыйжасында Мады айылдык аймагына аянты 0,05 гектар болгон муниципалдык жер кайтарылып берилген. 

ИШ ЖҮЗҮНӨ АШЫРУУ

Документтер – мамлекеттик акт жана башка тиешелүү документтер даярдалып жаткан учурда 2021-жыл – кезектеги жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жылы да келип, Демилгелүү топ Айсалкын АБДЫКАДЫРОВАны кайрадан депутаттыкка талапкер кылып көрсөттү. Бул жолу шайлоочулардын колдоосу менен Айсалкын жергиликтүү кеңештин депутатынын мандатын алды. Жаңы шайланган депутат үчүн биринчи жана артыкчылыктуу маселе балдар аянтчасы болуп калды. Ал депутат катары аймактын 2022-2026-жылдарга Социалдык-экономикалык өнүктүрүү планына балдардын оюн аянтчасын курууну киргизүү демилгесин көтөрдү. 2023-жылга бюджеттин долбоорун талкуулоодо бул маселе Мады айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин долбооруна да киргизилген. Жыйынтыгында 2023-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен балдардын оюн аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом бөлүнгөн.

2024-жылдын май айында Өнүктүрүү саясат институтунун атынан “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн өнөктөштүк” Программасы Чакан гранттар программасынын алкагында Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас жана Чүй облустарынын аялдардын жана жаштардын демилгелүү топторунун арасында конкурс жарыялаган. Айсалкын АБДЫКАДЫРОВА ошондой эле Мады айылдык аймагынын Мониторинг тобунун мүчөсү болуп саналат. Өнүктүрүү саясат институтунун мониторинг топторунун мүчөлөрү үчүн уюштурган тренингдерине катышып, депутат гранттык конкурс тууралуу билип, ага катышууну чечти.

Айсалкын АБДЫКАДЫРОВАнын жетекчилиги астында “Айыл эли” демилгелүү тобу грантка өтүнмө жиберип, конкурстук комиссия аны канааттандырып, балдардын оюн аянтчасына жабдууларды сатып алууга демилгелүү топко 130 миң сом өлчөмүндө грант ыйгарды. Балдар аянтчасына темирден тосмону, селкинчектерди, эки турникти, эки отургучту, кум кутусун, көчөлөрдү жарыктандыруучу прожекторду орнотууга жергиликтүү бюджеттен 120 миң сом бөлүнгөн. 130 миң сомдук гранттык каражатка балдар үчүн дөбө, карусель, эки бешиги бар селкинчек, тең салмактуу селкинчек, отургуч сатып алып, орнотуп чыгышты. Жабдууларды жана селкинчектерди айыл тургундары өздөрү орнотуп, айыл өкмөтү шагыл ташып берди, жашоочулар шагылдарды тегиздеп, жабдууларды сырдап чыгышты.

ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ӨЗГӨРҮҮЛӨР

Нооруз майрамына карата баары даяр болду. Нооруз майрамынын алдында айыл өкмөт башчысынын жана жергиликтүү кеңештин төрагасынын катышуусунда балдар аянтчасынын ачылыш аземи өттү. Демилгелүү топ боз үй тигип, демөөрчүлөр балдарга таттууларды таратса, балдар ата-энелерине чакан концерт коюп беришти. 

КЕЛЕЧЕККЕ ПЛАНДАР

Демилгелүү топ жетишилген жыйынтык менен чектелип калгысы келбейт; алдыда дагы зор пландар бар. Балдар аянтчасынын аймагы муниципалдык жер менен чектеш, ал жер бош турат. Демилгелүү топ айылдын бала бакчасына барбаган балдары келип эс алуусу үчүн жабык аянтча курууну пландап, мындан тышкары бала бакчага барбаган балдарга келечекте 1-июнь, Эгемендүүлүк күнү ж.б. майрамдарды уюштурууну пландап жатат. Башкача айтканда, Мады айылынын тургундары бош убактысын маданияттуу өткөрө турган жайга айланмакчы.

Айсалкын АБДЫКАДЫРОВА, демилгелүү топтун лидери: “15 жыл мурун жаралган идея акыры ишке ашты. Бул жол узак болду. Бул балдар аянтчасында ойной турган балдар чоңоюп калса да, көйгөй бүгүнкү күнгө чейин актуалдуу бойдон калууда. Айылда балдар көп, бул аянтчада ойной турган балдар бар”.

Райма ДОДОЕВА, Мады айылынын тургуну: “Бизге бул балдар аянтчасы керек болчу, көчөдө ойногон балдардын коопсуздугу үчүн дайыма тынчсызданып жүрчүбүз, азыр ал жер жабык, прожектор орноттук, кечинде да ойной алышат, чоң энелерге отургучтарды орноттук, карап отурабыз, баарына ыраазыбыз”.

Калбү ЭРГЕШБАЕВА, Мады айылынын тургуну: “Балдарыбызга абдан жакшы шарттар түзүлүп берилди, буга чейин балдарыбыз кайда ойноп жатат деп тынчсызданып жүрчүбүз, азыр алардын кайда экенин билип, санаабыз тынчып калды”.