Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү демилге
Кара-Кулжа айылында аялдар үчүн өнүгүү шарттары түзүлдү
Түрмөктү ӨСИнин мониторинг боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ даярдады
Көйгөй
Кара-Кулжа айылы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн райондук борбору болуп саналат. Кара-Кулжа району тоолуу аймакта орун алгандыктан, аялдардын басымдуу бөлүгүндө туруктуу жумушу жок. Айрым үй-бүлөлөрдө аялдар юридикалык маалыматтын жетишсиздигинен улам өз укуктарын билбегендиктен чыр-чатактарга дуушар болушат; компьютердик сабаттуулукка коюлган заманбап талаптар ийгиликтүү ишке орношуу үчүн барган сайын маанилүү шартка айланууда, ал эми өз ишин баштаган аялдар көбүнчө салыктар жана ишкердиктин башка негизги маселелери боюнча зарыл билимге ээ эмес. Адатта балдар менен ата-энелердин ортосунда жаралган пикир келишпестиктер гармониялуу жана чыр-чатаксыз мамилелерди сактоого багытталган тарбиялык процесске жетиштүү көңүл бурулбагандыктан пайда болууда. Башкача айтканда, көптөгөн көйгөйлөрдүн түпкү себеби – маалыматтын жетишсиздиги, аны өз алдынча таап, туура чечмелей албагандык.
Учурдагы көйгөйлүү маселелер боюнча зарыл маалыматтарды алууга жеткиликтүүлүктү камсыз кылган платформаны түзүү зарылчылыгы жаралган. Ушундай эле демилгелер Кара-Кулжа районундагы Токтосартов атындагы райондук китепканада да ишке ашырылган. Өзүнчө залда аянтчаны толук уюштуруу үчүн компьютердик жабдууларды сатып алуу керек эле. Айыл өкмөтү каражаттын тартыштыгынан улам бул маселени өзү чече алган эмес, бирок долбоорду ишке ашырууга өз салымын кошууга даяр болчу.
Идея жана чечим
Жарандар Кара-Кулжа айыл өкмөтү менен биргеликте демилгелүү топту түзүшүп, “Аялдар борборун” түзүү маселеси боюнча аялдар арасында сурамжылоо жүргүзүп чыгышкан. Сурамжылоонун жыйынтыктары аныкталган көйгөйлөрдүн актуалдуулугун жана аялдардын үзгүлтүксүз жолугушуулары үчүн аянтча түзүү зарылдыгын тастыктады. Бул идеяны ишке ашыруу максатында чакан гранттар программасына катышуу үчүн долбоорду даярдоо зарылчылыгы пайда болду. Кара-Кулжа айыл өкмөтү колдоо көрсөтүп, өз салымын кошууга даяр экенин билдирди. Демилгечи топ долбоорду ишке ашыруу планын талкуулап, бир пикирге келишти.
Ишке ашыруу
Айыл өкмөтүнөн Өнүктүрүү саясат институтунун гранттык программасынын алкагында долбоорду даярдоого кошумча каражат бөлүү жөнүндө кепилдик кат алуу “Аялдар борборун” түзүү үчүн биринчи кадамдардын бири болгон (кошумча маалымат – конкурсту “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасы уюштурган). Ушундан кийин зарыл жабдууларга баалар такталып, айыл өкмөттүн өкүлдөрү долбоордук өтүнмөнү даярдоо боюнча онлайн-консультацияларга жигердүү катышты. Долбоорду каржылоо үчүн жергиликтүү бийлик инфраструктураны колдоо боюнча республикалык программага катышууга өтүнмө жиберишкен. Долбоордук комиссиянын кароосунун жыйынтыгы менен алар жеңүүчү деп табылган. Келечектеги “Аялдар борбору” үчүн арналган имарат жайды демилгелүү топ актап, сырдап чыккан. Айыл өкмөтү керектүү жабдууларды жеткирүү үчүн жооптуу ишканага кошумча 20 миң сом которгон. Каражаттын калган бөлүгү кийинчерээк, чакан гранттын алкагында шаймандарды жеткирүүгө тендер өткөрүлгөндөн кийин алынган. Долбоордун алкагында жалпы суммасы 159 000 сомго жабдуулар, анын ичинде 10 стол, 20 отургуч жана 1 телевизор сатып алынган. Жыйынтыгында Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө аялдар үчүн аянтча түзүлдү. Бул жерде аялдар билим, юридикалык жана медициналык консультацияларды, ошондой эле балдарды тарбиялоо боюнча кеңештерди ала алышат. Мындан тышкары, аялдарда интернетке акысыз кирүү мүмкүнчүлүгү да бар.
Жыйынтыктар жана өзгөрүүлөр
2024-жылдын 26-октябрында Кара-Кулжа райондук А. Токтосартов атындагы китепканада “Аялдар борборунун” салтанаттуу ачылышы өткөн. Ачылыш аземине Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Т. АБДИБАЛИЕВ, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы К. БААТЫРОВ, Өнүктүрүү саясат институтунан С. МАЙРАМБЕКОВ, райондук аялдар кеңешинин төрайымы, долбоордун жетекчиси М. САГЫНБАЕВА, Кара-Кулжа айылдык аймагынын айылдарынын аялдар кеңешинин төрайымдары, аялдар, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун дарыгерлери жана ден соолукту чыңдоо кабинетинин адистери, долбоордун демилгечи тобу – Кара-Кулжа райондук китепканасынын кызматкерлери, райондук Маданият үйүнүн артисттери катышты. Ачылыш аземине катышкан 74 аял борбордун ишине жогорку баасын берип, долбоорду ишке ашырууга катышкандардын баарына чын жүрөктөн ыраазычылыктарын билдиришти. Кара-Кулжа районунда 12 961 аялга жакшы шарттар түзүлүп берилди. Аялдар үчүн окуу жана тигүү курстары уюштурулду. КУРМАНБЕКОВА Рахат тигүү курстарын аяктагандан кийин өзүнүн тигүү цехин ачып, ал учурда ийгиликтүү иштеп жатат. Бүгүнкү күндө ал 12 тигүүчү машинаны, 1 топчу жабдууну сатып алып, 15 аялды иш менен камсыз кылууда. Аялдардын укуктук жана салыктык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган консультациялар өткөрүлүп турат. Ошондой эле балдарды чыр-чатаксыз, гармониялуу тарбиялоо боюнча да иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Келечекке пландар
Келечекте бул долбоор улантылып, аны А. Токтосартов атындагы Кара-Кулжа райондук китепканасы өнөктөш катары ишке ашыра бермекчи. Бул борбор аялдардын активдүүлүгүн жогорулатуу үчүн аянтча болуп берет.
Каленбүбү ЭРКЕБАЕВА, Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы: “Аялдар дайыма коомдо жигердүү жана маанилүү күч болуп келгендиктен, айыл өкмөттүн аймагында мындай борбордун ачылышы өтө зарыл болчу. Борбордун ишине ийгилик жана бакубатчылык каалайм!”.
Салтанат МАТИЕВА, мугалим: “Долбоордун жетекчисине ыраазычылык билдирем. Бул китеп-кана ар дайым өнүгүү, билим алуу жана баалуу кеңештерди алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп келген, бул болсо заман агымынан артта калбоого өбөлгө болот. Долбоорду колдоп бергендердин баарына ыраазымын”.
Т. АБДИБАЛИЕВ, Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси: “Аялдар борборунун ачылышы Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн аялдарына гана эмес, райондогу бардык аялдарга да керек. Бул демилгени бардык айыл өкмөттөрүнө жайылтыш керек деп ишенем. Долбоордун жетекчисине жасаган иши үчүн терең ыраазычылык билдирем”.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – башкы байлык
-
№6 (164) / 2025-07-14 Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 Мантыш айылында комуз ийрими ачылып, ага 42 кыз-бала барып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Айылдын кыз-келиндери күткөн фитнес-зал
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилге аркылуу ЖӨБ органы спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин эффективдүү чечүүдө
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жазы айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге жаңы таланттарды ачты