Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Жергиликтүү демилге
Балдардын коопсуздугу жана ден соолугу – башкы байлык
Түрмөктү ӨСИнин мониторинг боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ даярдады
Көйгөй
Большевик айылы райондун борборунан 3 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылда балдар үчүн жабдылган оюн аянтчасы жана жашоочулар үчүн эс алуу зонасы жок. Жай мезгилинде айылга элеттиктердин неберелери келип турушат. Балдардын эс алуусу үчүн атайын жабдылган жайлардын жоктугунан балдар айылдын башындагы каналдагы сууга түшүшөт. Мында суунун агымы катуу. Жакында эле айылдын тургуну Ишенбек ЖАПИЕВдин жалгыз уулу каналга чөгүп каза болгон. Башка балдарды да ушундай кырсыктардан коргоо максатында ата-энелер алаксытуу үчүн балдарга телефондорду бере башташты. Күн бою колунан телефон түшпөгөн баланын убакыттын өтүшү менен психоэмоционалдык абалы бузулат, көз көрүүсү начарлайт, бул узак мөөнөттүү келечекте дени сак жана ар тараптуу өнүккөн инсан катары калыптануусуна терс таасирин тийгизет. Ошондой эле айылда мигранттардын балдары да жашайт. Алар чоң ата-чоң энесинин колунда болгондуктан, аларды көзөмөлдөө кыйынга турат.
Идея жана чечим
Айылдагы балдарга терс таасирин тийгизген кырдаалды чечүү максатында демилгелүү топ түзүлүп, айыл өкмөтүнүн башчысы менен кызматташтыкта балдардын оюн аянтчасын куруу милдетин коюшкан. Бул идеяны ишке ашыруу үчүн Өнүктүрүү саясат институту уюштурган “Жергиликтүү жамааттын демилгелерин колдоо” гранттар конкурсуна катышуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Ормон-Хан айылынын администрациясы балдар-дын оюн аянтчасын куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берген. Мындан тышкары, жергиликтүү бюджеттен кошо-каржылоонун алкагында 200 000 (эки жүз миң) сом бөлүнүп, бул акчаны балдардын аянтчасын тосмолоп чыгууга жумшашкан.
Ишке ашыруу
Жергиликтүү коомдук демилгелерди колдоо боюнча гранттык конкурска сунушталган долбоор жеңүүчү деп табылды. Бул долбоордун алкагында демилгелүү топ 130 000 (жүз отуз миң) сомго балдардын оюн аянтчасы үчүн жабдууларды, анын ичинде күүлөнчөктү, дөбөнү, отургучтарды, селкинчектерди ж.б. сатып алган.
Бул долбоорду ишке ашырып жаткан маалда бир топ кыйынчылыктар жаралган. Айыл өкмөткө бөлүнгөн 200 000 (эки жүз миң) сомго балдардын оюн аянтчасын курууга смета түзүш керек эле. Ошол маалда Кочкор районунда смета түзгөн адис болбогондуктан, демилгечи топ мындай адисти Бишкектен издөөгө аргасыз болгон.
Ошондой эле айылда балдардын оюн аянтчасын курууга бош жер жок болуп чыкты. Жерди издеп жатканда айыл тургундарынын бири муниципалдык жерге мыйзамсыз ээлик кылып, пайдаланып жүргөнү белгилүү болду. Мамлекеттик регистрге кайрылып, тиешелүү органдар териштирип чыккандан кийин жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылган. Бирок бул жерге орнотулган трансформатордун айынан ал балдардын оюн аянтчасын курууга жараксыз болуп чыкты. Ошол себептен башка жерди издөөгө туура келди. Эски административдик имараттын алдына балдардын оюн аянтчасын орнотуу планы да кыйынчылыкка дуушар болгон. Көрсө, бул жерде көп жылдардан бери өсүп келаткан чоң дарактар бар экен. Бак-дарактарды кыюу өтүнүчү менен демилгелүү топтун мүчөлөрү райондук экология бөлүмүнө жана айыл өкмөтүнө кайрылып, дүмүрлөрдү кыюуга жана алып салууга уруксат сурашкан. Ылайыктуу техниканы – тракторду же экскаваторду табууда да кыйынчылыктар пайда болду.
Балдар аянтчасынын тегерегин тосмолоп чыгуу үчүн айыл өкмөтү тендер жарыялап, бирок 200 миң сом дегендиктен бир дагы компания өтүнмө жиберген эмес. Натыйжада айыл өкмөтү тендерди төрт жолу жарыялоого аргасыз болгон.
Бардык кыйынчылыктарга карабастан, балдар аянтчасын куруу демилгеси ишке ашты.
Жыйынтыктар жана өзгөрүүлөр
Жыйынтык жакшы болду: айылда жаңы нерсе – балдар аянтчасы пайда болуп, айылдын көркүн ачты. Балдардын ойноосу үчүн шарттар түзүлүп, ошону менен бирге коопсуздугу да камсыздалды. Каникулдар башталып, көптөгөн тургундарга шаардан неберелери келишти – эми балдарда оюн үчүн жер да пайда болду. Балдар аянтчасынын бүткөрүлүшү ата-энелерди абдан кубандырды. Ата-энелер долбоорду уюштуруп, туруктуу көрсөткөн колдоосу үчүн Өнүктүрүү саясат институтунун кызматкерлерине, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга колдоо көрсөткөн айыл өкмөтүнө ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
КУРМАНБАЕВА Жумагүл, демилгелүү топтун жетекчиси: “Мен көптөгөн долбоорлорду ишке ашырган элем, бирок ушул долбоордо көптөгөн тоскоолдуктарга туш болдук. Ошого карабастан бардык кыйынчылыктарды жеңе алдык – балдар-дын аянтчасы курулду, балдар ал жерде ойноп жатат, демек, биз өз максатыбызга жеттик”.
Большевик айылынын тургуну ТАЖИКЕЕВА Сырга: “Биздин балдар аянтчасы айылдын көркү болуп калды. Балдарыбыз, неберелерибиз жыргап ойноп жатышат. Эми жакында шаардан неберелерибиз да келгенде, бул аянтча аларга чоң сюрприз болот”.
Келечекке пландар
Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандан кийин айыл өкмөтү башка айылдарга да ушундай балдар аянтчаларын курууну пландап, бул үчүн демөөрчүлөрдү тартууда. Шаймандардын бузулушуна жол бербөө үчүн айылдын демилгелүү тобу аны карап, зарыл болсо ремонт жасап туруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 Кара-Кулжа айылында аялдар үчүн өнүгүү шарттары түзүлдү
-
№6 (164) / 2025-07-14 Мантыш айылында комуз ийрими ачылып, ага 42 кыз-бала барып жатат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Айылдын кыз-келиндери күткөн фитнес-зал
-
№3 (125) / 2022-04-23 Жергиликтүү демилгелер жеринде маселелерди чечүүнү жеңилдетет
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилгенин натыйжасында коомдук иш-чаралар үчүн парк-бакча пайда болду
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жергиликтүү демилге аркылуу ЖӨБ органы спорттук иш-чараларды уюштуруу маселелерин эффективдүү чечүүдө
-
№9 (107) / 2020-10-06 Жазы айылдык аймагындагы жергиликтүү демилге жаңы таланттарды ачты