Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (164) 14 Июль 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду

2025-07-14 / Жергиликтүү демилге
Атай айылындагы жаштар сейил багы түнкү жарык менен камсыз болду

Түрмөктү ӨСИнин мониторинг боюнча адиси Султан МАЙРАМБЕКОВ даярдады

Айыл өкмөтүнүн демилгеси менен 2018-жылы Атай айылдык аймагында “Атай” эс алуу багы уюштурулган. Аймакты өнүктүрүү үчүн жергиликтүү бийлик 607 500 сомдук долбоорду даярдап, БУУӨПтүн ГЭФине өткөрүп берген. Долбоордун алкагында сейил бактын аймагын тосмолоп, зарыл болгон материалдарды сатып алуу каралган. 

Бул демилгени БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы да колдоого алып, жактырган, мунун натыйжасында аянты 6 гектар болгон парктын тегерек-чети темир менен тосмолонуп чыккан. Долбоор инфраструктураны жакшыртуу жана элеттиктердин маданий эс алуусу үчүн шарттарды түзүү максатын көздөгөндүктөн, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул максаттарга жергиликтүү бюджеттен 100 000 (жүз миң) сом бөлүнүп, бул каражаттын эсебинен бак-дарактын 30дан ашык түрү отургузулган. Эс алуу паркынын аймагы сугарылбаган, сууга көп жакшы жетпеген аймакта жайгашкандыктан, жергиликтүү тургундар демилгени колго алып, өз ара макулдашып, чака менен суу ташып бак-дарактарды колго сугарып турушкан. Кол менен сугарып, суу көп жакшы жетпегендиктен, башында отургузулган көчөттөрдүн 80% тамыр албай, куурап калган. 

Башталган иштерди токтотпостон айыл өкмөтү эс алуу багынын аймагын жашылдандыруу иште-рин уланта берди. Тамчылатып сугаруу ыкмасын киргизүү максатында жергиликтүү бюджеттен 470 миң сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, паркта балдар ойноочу дөбө, селкинчектер, отургучтар жана эс алуу үчүн башка элементтер орнотулду. Жөө сейилдөө үчүн аллея да жасалып, жолго цемент төшөлгөн. Ошондой эле фонтанды орнотуу үчүн жер даярдалды. 

Суу тартыштыгы көйгөйүн чечүү үчүн суу түтүктөрү орнотулуп, тамчылатып сугаруу системасы киргизилгендиктен, суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланууга шарт түзүлдү. Тамчылатып сугаруу системасы сейил бактын аймагын толук камтыбагандыктан, айыл өкмөтү “Жашыл долбоордун” алкагында “Казарман” коомдук фондуна долбоорду киргизген. 

Бул фонддон түшкөн 512 000 (беш жүз он эки миң) сомго эс алуу паркынын аймагына 40–50 түп бак-дарак отургузулду. Сугат иштерин камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрү тартылып, тамчылатып сугаруу системасы кеңейтилген. Жашылдандырылган аянт 3 гектарды түздү. Айылдын жигердүү жаштары биригип, эс алуу багын жарыктандырууну уюштуруу демилгесин өздөрүнө алышты.

Көйгөй

Атай айылдык аймагы борбордон алыс жайгашкан. Айыл өкмөтү дотацияда болгондуктан, калктуу конушта 2 543 жашоочунун маданий эс алуусу үчүн талаптагыдай шарттар болбогондуктан, бул маанилүү социалдык көйгөй болуп келген. Атай айылында жайгашкан эс алуу багынын жарыктандырылбаганы биздин жамааттын курч көйгөйлөрүнүн бири эле. Көчөлөр жарыктандырылбагандыктан, эс алуу багы жергиликтүү тургундар үчүн талаптагыдай коопсуздукту камсыз кылган эмес. Адамдар жагымдуу жана маданий эс алууну көздөшкөн, бирок караңгыда өзүн толук ыңгайлуу жана коопсуз сезе алышкан эмес. Кечкисин жаштар сейилдөөгө чыкканда өз ара мушташкан учурлар, укук бузуулар жана башка жагымсыз окуялар көп катталып турган. Эс алуу сейил багындагы кылмыштуулук жана кырсык фактылары элеттиктердин нааразычылыгын жараткан эле.

Идея жана чечим

Негизги көйгөйлөр талкууланган айылдык жыйындарда, ошондой эле жергиликтүү тургундардын, өзгөчө жаштардын арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордо көчөлөрдү жа-рыктандыруу артыкчылыктуу муктаждыктардын бири экени байкалды. 

Калктын муктаждыктарын канааттандыруу максатында Атай айылдык аймагынын айыл өкмөтү үлүштүк дем берүүчү гранттын долбоорун сунуштады. Долбоордун алкагында Атай айылынын борбордук көчөсүнөн баштап, эс алуу багына чейин жарык берүүчү линия тартылып, бирок парктын өзү жарыксыз калган. Донорлор бөлгөн каражатка тамчылатып сугаруу жана жашылдандыруу үчүн суу түтүктөрү сатып алынып, бирок жарыктандыруу көйгөйү чечилбей, белгисиз мөөнөткө калып келген. 

Жаштар уюму түзүлүп, демилге “Ийгиликтүү айыл жаштары” деп аталды. Катышуучулар эс алуу паркын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралардын планын түзүштү. Бул демилгенин алкагында анын инфраструктурасын жакшыртуу иштери башталды. Демөөрчүлөр колдоо көрсөткөнү менен, бөлүнгөн каражат жарыктандыруу боюнча долбоорду ишке ашырууга жетпей калган. Учурда жаштардын көбү социалдык тармактарды жигердүү колдонушат. 

Социалдык тармактарда Өнүктүрүү саясат институтунун чакан гранттык долбоору тууралуу жарыяны көргөн жаштар кызыгуусун билдирип, катышууну чечишти. “Ийгиликтүү айыл жаштары” демилгелүү тобу жигердүү катышып, айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүгө салым кошушту.

Ишке ашыруу

Инфраструктураны колдоо программасынын алкагында Атай айылдык аймагы долбоорду каржылоо үчүн грант алууга өтүнмө жиберген. Өтүнмө бекитилгенден кийин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен Атай айыл өкмөтүнүн башчысынын ортосунда расмий макулдашуу түзүлгөн. Паркты жарыктандыруу үчүн чырактар кыш мезгилинде келген. Бөлүнгөн гранттык каражатка жалпы баасы 130 000 сомду түзгөн 50 чырак алып келинди. Чырактарды муниципалдык ишкананын кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн техникалык кызматкерлери  жаштардын жигердүү катышуусу менен орнотуп чыгышты. Жасалган иштердин натыйжасында эс алуу багы толугу менен жарыктандырылды.

Жыйынтыктар жана өзгөрүүлөр

Атай айылдык аймагында 2 543төн ашык тургундун маданий эс алуусу үчүн шарттар түзүлдү. Сейил бак айыл тургундарынын маданий эс алуу жайы гана болбостон, ошону менен бирге айылдын коноктору үчүн жагымдуу таасир калтырган ыңгайлуу жайга айланды. Сейил бакта жарык орнотуунун натыйжасында кылмыштуулуктун саны азайып, айылда коопсуз жана тынч атмосфераны түзүүгө мүмкүн болду. Жайкысын кечки маалда жаштар сейил бакта убакыт өткөрүүдөн ырахат алып, аны көрктөндүргөнүнө ыраазычылыгын билдиришет. Жакшыртылган инфраструктуранын жана коопсуздукту камсыз кылуунун натыйжасында айыл тынч жана жайлуу болуп калды. Айылдын тургундары жана коноктору атайын келип сүрөткө түшүп кетишет. Эс алуу паркы абдан өзгөргөнү менен, аны мындан ары өнүктүрүү боюнча алдыда дагы көптөгөн пландар бар.

Келечекке пландар

Атай айылдык аймагынын пландарында ма-даний жана эс алуу багын мындан ары көрктөн-дүрүү: фонтан куруу, эс алуу зонасын кеңейтүү жана ички туристтерди тартуу каралган. Келечекте паркты райондук масштабдагы заманбап эс алуу зонасына айландыруу пландалууда. 

Эми жарыктандырууну орнотуу менен бирге жаштардын демилгеси боюнча күйүп-өчүп турган “I love you ATAY” деген жазуусу бар баннерди орнотуу пландалууда. Бул идеяны ишке ашырууга демөөрчү табылып, тургундардын кубанычында чек жок. Алар донорлорго долбоорго колдоо көрсөтүп, каржылоо бөлгөнү үчүн, ошондой эле аны ийгиликтүү ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришет.

“Ааламга жол айылдан башталат” дешет. Колдо болгон бардык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, келечекте заманбап, жашыл жана жайлуу этнопарк түзүү пландаштырылууда, ал райондун тургундарын жана анын конокторун өзүнө тарткан жагымдуу жайга айланат.