Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Квалификацияны жогорулатуу тууралуу

2020-11-20 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-сентябрындагы №491 “Квалификациялардын улуттук алкагын жактыруу жөнүндө” Токтому.

КР Өкмөтү Квалификациялардын улуттук алкагын жактырып, министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге жана административдик мекемелерге Квалификациялардын улуттук алкагынан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды.

Квалификациялардын улуттук алкагы (мындан ары – КУА) квалификациялардын тармактык же сектордук алкактарын, кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу үчүн квалификациялардын деңгээлдеринин бирдиктүү шкаласын аныктайт. Ал квалификациялардын тармактар аралык салыштырылышын камсыздайт жана адистердин квалификацияларынын шайкеш келүүсүн ырастоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналат.

КУА муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун мамлекеттик жана ведомстволук системасы үчүн, аны менен катар муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча кызмат көрсөткөн уюмдар үчүн маанилүү.

КУА кошумча кесиптик билим берүүнү “кесиптерге карата квалификациялык талаптарга ылайык негизги кесиптик билим берүү программаларынын чегинен тышкары кесиптик билимге ээ адамдардын квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууга жана кесиптик кайра даярдоого багытталган жана адамдардын ишкердик жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле алардын маданий деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүүчү билим берүү” катары аныктады;

КУА төмөнкү принциптерге негизделген:

  • 1) жаранга өмүр бою билим берүү;
  • 2) квалификациялар системасынын ачык-айкындуулугу жана ийкемдүүлүгү;
  • 3) билим берүү траекториясын жекелештирүү.

КУА колдонуучулардын ар кандай топторуна (мамлекеттик органдарга, иш берүүчүлөргө, ишканаларга, билим берүү уюмдарына, жарандарга) арналган жана төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

  • 1) бирдиктүү методологиялык негизде кесиптик стандарттарды, билим берүү стандарттарын жана билим берүү программаларын иштеп чыгууга;
  • 2) кесиптик жана билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда адистерди жана окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн квалификацияга жана компетенцияларга окутуунун натыйжаларына карата бирдиктүү позициядагы талаптарды баяндоого;
  • 3) кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринин бүтүрүүчүлөрүнүн квалификацияларын баалоо материалдарын жана аныктоо жол-жоболорун иштеп чыгууга.
  • 4) эмгек рыногун жана билим берүү системасын өнүктүрүүнүн жалпы стратегиясын түзүүгө, анын ичинде конкреттүү квалификацияга ээ болууга, квалификациялык деңгээлин жогорулатууга, карьералык өсүүгө алып келүүчү билим берүүнүн ар кандай траекторияларын пландоого.

КУАда квалификациянын тогуз деңгээли аныкталган, алар улуттук жана регионалдык, эл аралык эмгек рынокторунда жана улуттук билим берүү системасындагы өзгөрүүлөргө жараша кичи деңгээлдерди камтышы мүмкүн.