Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Энергиянын кайра жаралуучу булактары тууралуу

2020-11-20 / Мыйзам жаӊылыктары

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-октябрындагы №525 “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Токтому

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында КР Өкмөтү Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен электр энергиясын иштеп чыгуу жана берүү боюнча  ишти жүзөгө ашыруунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону (мындан ары – ЭКБ) бекитти.

Жободо көрсөтүлгөндөй, ЭКБны пайдалануу менен энергетика чөйрөсүндө иштеп жаткан катышуучулар болуп төмөнкүлөр эсептелет:

  • энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
  • отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
  • жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;

Ошондой эле Жободо айтылгандай, энергетика чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү тууралуу арыз менен укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылууга укуктуу.

Жер укук мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенцияларынын чегинде, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте:

  • ЭКБ орнотмолорун курууга алдын ала ТЭН менен бирге жер участогун берүү жөнүндө арызды карашат;
  • Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарына ылайык ЭКБ орнотмолорун куруу үчүн жер участокторун беришет;
  • ЭКБ орнотмолорун курууда ишти уюштурууда жана ЭКБ субъектисинин ишине колдоо көрсөтүү үчүн коомчулук менен консультацияларды жүргүзүүдө ЭКБ субъектисине көмөк көрсөтүшөт.

Жобо ЖӨБ органдарынан жер участогун бөлүүдө кандайдыр бир өзгөчө тартипти колдонууну талап кылбайт жана бир кыйла кеңири көмөк көрсөтөт – ЭКБ субъекттерине колдоо чараларын аныктайт. Бирок бир нерсени түшүнүү зарыл: ЭКБ муниципалитеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ажарагыс бөлүгү болуп саналат. Ошондуктан ЖӨБ органдары ЭКБны өнүктүрүүгө тиекелей кызыкдар жактардын катарына киришет. Мындан улам ЖӨБ органдары өз аймагында ЭКБ демилгелерине кылдат мамиле жасашы керек, мүмкүн болушунча ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө тийиш. Мисалы, өзгөчө тартипте жер участокторун бөлүп берүү жолу менен колдоо көрсөтө алат. ЭКБ жергиликтүү өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыты деп таанылган учурда жергиликтүү кеңеш жер бөлүп берүү тууралуу чечимди кабыл алса болот. Ошондой эле ЖӨБ органдары маалыматтык өнөктүктөрдү жана коомчулук менен консультацияларды өткөрүү жолу менен өз аймагында ЭКБ демилгелерин өнүктүрүүгө олуттуу колдоо көрсөтө алат. Мындай иш-аракеттер Жободо да түз көрсөтүлгөн.