Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Коррупцияга каршы аракеттенүү тууралуу

2020-11-20 / Мыйзам жаӊылыктары

2020-жылдын 28-сентябрында КР Президентинин Жарлыгы менен 2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү жана анын себептерин жоюу боюнча мамлекеттик стратегия (мындан ары – Стратегия) бекитилди

Стратегия бардык мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдар, уюмдар жана мекемелер, мамлекеттик үлүшү бар компаниялар, саясий партиялар, жарандык коомдун институттары тарабынан ишке ашырылат.

Коррупцияга каршы аракеттенүү стратегиясынын аналитикалык бөлүгүндө азыркыдай шарттарда коррупциянын келип чыгышына көмөктөшкөн эң актуалдуу себептердин тизмеси көрсөтүлгөн. Мисалы, алар:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелерине жана чыгашаларына начар контроль жүргүзүү; 
  • жаңы коррупциялык тобокелдиктерди өз учурунда аныктоого жана аларды ыкчам түрдө жоюуга мүмкүндүк берүүчү, коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук системасынын жоктугу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгек акысынын төмөн өлчөмү жана кызматкерлердин айрым категорияларында кандайдыр бир социалдык жеңилдиктердин жана кепилдиктердин жоктугу;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын антикоррупциялык жана башка мыйзамдарды аткаруу боюнча начар аткаруучулук тартиби;
  • кызматтык же коррупциялык кылмыштарды тергөөдө сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин сатып алуу;
  • укук коргоо жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле ЖӨБ органдарынын ортосунда алардын чөйрөсүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү минималдаштыруу боюнча толук өз ара аракеттенүүсүнүн жоктугу.

Ведомстволук пландарды жана системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча пландарды иштеп чыгуу антикоррупциялык ишмердүүлүктү кыйла активдештирүүгө алып келди. Бирок азыркы учурга чейин бул пландардын мамлекеттик органдардагы коррупциянын абалына жана деңгээлине тийгизген таасирине баа берүүнүн методикасы иштелип чыккан эмес. Ушуга байланыштуу өлкөнүн мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында коррупциянын деңгээлине баа берүүнүн улуттук методикасын түзүү зарылчылыгы келип чыгууда.

Жарандык сектор жана бизнес-коомчулук мурдагыдай эле антикоррупциялык иш-чараларды жана пландарды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү процессине пассивдүү тартылган.

Антикоррупциялык пландарды ишке ашыруу боюнча отчеттор айрым мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан системалык негизде ведомстволук сайттарда жарыяланбайт же болбосо андагы маалыматтар бардык эле учурда чындыкка туура келбейт.

КР Өкмөтүнүн чечими менен мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуулардын институту түзүлгөн. Бирок коррупцияны алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоого, ошондой эле келип чыгуучу коррупциялык тобокелдиктерди пландуу аныктоого жана каршы аракеттенүүнүн ыкчам чараларын кабыл алууга алардын жетишсиз тартылгандыгын практика көрсөтүп турат.

Стратегиянын негизги принциптери төмөнкүлөр:

  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелеринин жана чыгашаларынын  балансына байкоо жүргүзүү принциби. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жана анын жакын туугандарынын кирешелеринин жана чыгашаларынын ортосундагы баланс жөнүндө эконометрикалык маалыматтарды топтоонун жана ага талдоо жүргүзүүнүн инструменттерин колдонуу. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жана алардын жакын туугандарында алардын реалдуу кирешелерин жогорулатуучу жашоо деңгээлинин фактысын аныктоо антикоррупциялык текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп калууга тийиш;
  • коомдук көзөмөл. Коомчулук үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, мамлекеттик процесстердин ачыктыгы, мамлекеттик маалыматтын толук ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
  • мамлекеттик кызматтын аброюн күчтөндүрүү. Айрым мамлекеттик функцияларды жеке секторго өткөрүп берүү жолу менен мамлекеттик аппаратты оптималдаштыруу жана кыскартуу, ошондой эле айрым мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын штаттарын негизсиз көбөйтүүгө жол бербөө. Жашоонун жогорку деңгээлин камсыз кылуу үчүн бардык рангдагы мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын эмгеги үчүн татыктуу сый акыны камсыз кылуу жана финансылык жүйөлөр коррупциялык мыйзам бузууларды жасоонун кызыктыруусун баасыздандыруу. Меритократия принцибинин негизинде мамлекеттик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга талаптарды көбөйтүү. Кесипкөйлүк деңгээлине жана эмгек тартибине талаптарды катуулатуу;
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупциялык кызыгуу жаратуусун баасыздандыруу. Коррупциялык жана кызматтык мыйзамдык бузууларды жасагандыгы үчүн жазаны катуулатуу. Орун алган коррупциялык схемаларды легалдаштыруу.

Стратегиянын башкы максаты – коррупциянын келип чыгуусунун базалык жана системалуу себептерин жоюу аркылуу Кыргыз Республикасында коррупцияны минималдаштыруу; мамлекет тарабынан жүргүзүлүп жаткан антикоррупциялык саясаттын натыйжалуулугун жогорулатуу; өлкөнү санариптештирүү жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү автоматташтыруу процессин аягына чыгаруу (анын ичинде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын ишине мониторинг жүргүзүү боюнча процесстерди автоматташтыруу, алар тарабынан чечимдерди кабыл алуу жана пландаштыруу); бул процесске мамлекеттик бийликтин, жарандык сектордун жана бизнес-коомчулуктун бардык институттарын тартуу; кандай болбосун коррупциялык көрүнүштөргө “нөлдүк толеранттуулук” атмосферасын түзүү; мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогорку абройду камсыз кылуу.

Стратегияны ишке ашыруу планында ЖӨБ органдарына карата каралган чаралардын арасында төмөнкүлөр да бар:

  • ЖӨБ органдарында системалуу коррупцияны демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландарды иштеп чыгуу жана алардын ишке ашырылышына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү;
  • мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына калктын ишеними жөнүндө социологиялык сурамжылоо механизмин, санариптик инструменттерди колдонуу менен, эл аралык стандарттарга негизделген жана улуттук өзгөчөлүктөрдү, маданиятты жана менталитетти эске алуу менен өздүк индикаторлор системасы жана баалоо критерийлери менен коррупциянын деңгээлин аныктоочу улуттук системасын (КДАУС) түзүү;
  • мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдар, жарандык коом институттары тарабынан мамлекеттик же муниципалдык кызмат ордун ээлеген адамдын БСДга чагылдырылган маалымат менен анын иш жүзүндөгү мүлктүк абалына, ошондой эле анын жакын туугандарынын мүлктүк абалына шайкеш келбестикти контролдоону күчөтүү, анын ичинде ири сатып алууларды (курулушту), өзгөчө ири сатып алуунун түшүнүгү башталган мүлктүн ар бир категориясынын (кыймылдуу жана кыймылсыз) чектик суммасын аныктоо менен контролдоо;
  • мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдар (FORM STI-155) тарабынан БСД формасын толтуруу учурунда “Түндүк” ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардан маалымат алуу менен кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк бар экендиги жөнүндө маалыматты автоматтык түрдө толтурууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоону киргизүү;
  • материалдык жооптуу жана/же техникалык персонал катары мамлекеттик органдарда жана ЖӨБ органдарында иштеген жактардын ортосундагы кызыкчылыктарынын кагылышуусун жөнгө салуунун типтүү тартибин бекитүү;
  • ар бир мамлекеттик органдан жана ЖӨБ органынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды комплекстүү алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында бардык мамлекеттик каттоолорду жана маалыматтар базаларын борборлоштуруу жана автоматташтыруу;
  • мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын финансылык каражаттарынын чыгымдарын бухгалтердик отчеттордо ачык чагылдыруу жана калк үчүн жеткиликтүү кылуу менен ал органдардын финансылык отчеттуулугунун ачык системасын түзүү;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамында жана КР Эмгек кодексинде кызматтык кылмыш жасагандыгы үчүн кызматтан бошотулган адамдардын, анын ичинде коррупция, мамлекеттик жана/же муниципалдык менчикти уурдоо менен байланышкан кылмыштар үчүн, ишенимди жоготкондугу боюнча, ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы укук бузуулар үчүн жазык жоопкерчилигинен реабилитациялабоочу негиздер менен бошотулган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын жумушка кайра келүү, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына орношуу мүмкүнчүлүгүн жоюу жоболорун мыйзамдуу түрдө бекитүү.