Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Элдик демилге тууралуу” КРнын мыйзамы

2012-01-31 / Мыйзамдагы жаӊылыктар

Кыргыз Республикасында элдик мыйзам демилгеси мындан ары он миң шайлоочуга таандык, ал эми КРнын Конституциясынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна ылайык, эң кеми 300миңден ашык шайлоочуга таандык болот.

 

2011-жылдын 16-ноябрында “Кыргыз Республикасындагы элдик мыйзам демилгеси тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамы кабыл алынды. КРнын бул мыйзамы Конституциянын 79-беренесинде бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзам демилгелерине укугун ишке ашыруунун принциптерин, формаларын, кепилдиктерин, тартибин жана шарттарын аныктайт.  
 
Кыргыз Республикасында элдик мыйзам демилгеси мындан ары он миң шайлоочуга таандык, ал эми Кыргыз Республикасынын Конституциясынын үчүнчү, төртүнчү, бешинчи, алтынчы, жетинчи жана сегизинчи бөлүмдөрүнө өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбооруна ылайык, эң кеми 300 миңден ашык шайлоочуга таандык болот. 
 
Мыйзам демилгени ишке ашыруунун төмөнкү тартибин карайт. КРнын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн кол топтоо, КРнын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун даярдоо, киргизүү, андан тышкары долбоорду чакыртып алуу боюнча демилгечи топ түзүлөт. 
 
Демилгечи топ жана мыйзам долбоору КРнын Юстиция министрлигинде катталат. Демилгечи топтун мүчөлөрүнө КРнын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү сунушу үчүн чогулуштарда, массалык маалымат каражаттарында, андан тышкары жарандардын колун топтоо учурунда үгүт жүргүзүү укугу берилген. Кол топтоо мыйзам долбоорунун тексти ММКда жарыялангандан отуз күндөн кийин башталат жана жарыялангандан үч ай өткөн соң аяктайт. КРнын Жогорку Кеңеши кол топтоо бүткөндөн отуз күндүн ичинде кол топтоонун, тиешелүү кагаздардын тартиби сакталганын, жарандар тууралуу маалыматтардын жана элдик демилгени колдоп чогултулган жарандардын колдорунун тууралыгын текшерет.  
 
КРнын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн жарандардын колдорун топтоонун жыйынтыгы тууралуу иш тобу чечим кабыл алат. Чечимде демилгечи топтон кабыл алынган кол коюлган барактардагы колдордун жалпы саны, 
туура же туура эмес деп табылган колдордун саны көрсөтүлөт. 
 
Элдик демилгени ишке ашырууга багытталган иш-чараларга (жарандардын колун топтоо, экспертиза жүргүзүү ж.б.) даярдык жана аларды аткаруу үчүн чыгымдар демилгечи топтун каражатынын эсебинен ишке ашырылат. 
 
Учурдагы  “Элдик демилге тууралуу” мыйзамга ылайык КРнын Конституциясына өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрүү үчүн 300 миң жарандын колу болушу керек жана мыйзамдарды  кабыл алуу демилгесин көтөрүү үчүн 10 миңден аз эмес жарандын колу болушу керек. Ушул талаптар сакталганын тастыктаган чечим кабыл алынгандан тарта үч айдын ичинде демилгечи топ КРнын Жогорку Кеңешине мыйзам долбоорун киргизет. 
 
Учурдагы “Элдик демилге тууралуу” мыйзамда, КРнын башка нормативдик укуктук актыларында бекитилген талаптарга ылайык элдик демилгени ишке ашыруу укугунун негизинде даярдалган мыйзам долбоору “КРнын Жогорку Кеңешинин регламенти тууралуу” КРнын мыйзамында каралган тартипте КРнын Жогорку Кеңешинин милдеттүү кароосуна коюлат. 
 
Элдик демилге укугун ишке ашыруу тартибинде жарандар тарабынан киргизилген мыйзам долбоору КРнын Жогорку Кеңеши карай электе экинчи окуудан чакыртылып алынса болот.