Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Балык чарбасын өнүктүрүү – практикалык диалог куруу аркылуу экономикалык өнүгүүгө олуттуу салым кошуу

2022-04-23 / Инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү
Балык чарбасын өнүктүрүү – практикалык диалог куруу аркылуу экономикалык өнүгүүгө олуттуу салым кошуу

МУНИЦИПАЛИТЕТ ТУУРАЛУУ. Абды Сүйөркулов айылдык аймагынын жалпы калкынын саны 2021-жылы 11 254 адам, кожолуктардын саны 1771 түтүн болгон. Үч айыл бар: Торкен айылы (920 кожолук), Көтөрмө айылы (309 түтүн), Кара-Жыгач айылы (542 түтүн). Калктын 32% 16 жашка толо элек балдар, жалпы калктын 8 пайызын карылар түзөт. Ошентип, калктын 60% жакынын экономикалык жактан активдүү эмгекке жарамдуу жарандар түзөт.

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Акыркы жылдары Кыргызстандын аймагында балык чарбасы жана аквакультура тармагында сандык жана сапаттык өнүгүү байкалууда. Абды Сүйөркулов айыл аймагы бул багытта өнүгүүгө чоң потенциалы барлардын катарына кирди, бирок балык өстүрүү үчүн шарттарды түзүү же жакшыртуу жана балыктын баалуу түрлөрүн жасалма жол менен көбөйтүүгө көңүл буруу боюнча көзгө көрүнөрлүк аракеттер болгон эмес. Ошондой эле балыктын үрөнүн жана товардык балыктарды өстүрүүдө селекция болгон эмес; өздүк тоюттун жергиликтүү өндүрүшүнүн жоктугу аларды айыл аймагынан тышкары жерлерден тоют сатып алууга аргасыз кылган, анын баасы кээде негизсиз кымбат эле. Жеке балык чарбалары ачылды, бир нерсе кылалы деп аракет кылды, кандайдыр бир жол менен өнүгүп, бирок бат эле жабылууга туура келди. Аймакта балык чарбасы жок болуп бара жаткандай туюлуп калган.

Көйгөйдү чечүү үчүн эмнелер жасалды?

Бул көйгөйдү чечүү жана экономиканы өнүктүрүүгө дем берүү максатында 2013-жылы бул райондо үлгүлүү “Токтогул балыгы” балык чарбасы түзүлгөн. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары айыл аймактын инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүктүрүү Программасына (ИЖЭӨП) жана СЭӨПкө киргизүү аркылуу колдоо көрсөтүштү. Балык чарба кызматкерлерин маалымат жана тийиштүү билим менен камсыз кылуу үчүн “Кетмен-Төбө Агро” кооперативи түзүлдү. Алардын жардамы менен балык чарба адистери чабактарды туура азыктандыруунун жана багуунун ыкмаларын үйрөнүштү. Ошондой эле Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча практикалык диалог” долбоорунун колдоосу менен чабак жана ири балыктар үчүн тамак-аш өндүрүүгө пайдаланылуучу трансформатор орнотулду. Мындан тышкары жергиликтүү тургундардын мал жана канаттуулары үчүн кошумча тоют даярдоо аракеттери көрүлөт. 

Бүгүнкү күндө “Токтогул балыгы” облустагы жалгыз балык чарбасы. Балык чарбасында 6 бассейн, тегирмен жана балык тоютун даярдоочу машиналар (грануляторлор) бар. Балык чарбасынын жалпы аянты 1 гектар. Алгач балыктын икралары Польша менен Даниядан алып келинген. Андан кийин Испания менен Италиядан буйрутма бере баштады. “Токтогул балыгы” “Кетмен-Төбө” айыл чарба артелинин мүчөсү. Кооператив 2019-жылы кеңеш берүүчү аянтча катары түзүлгөн жана 20 мүчөдөн турат. Кооперативдин мүчөлөрүнүн иш-аракети ар түрдүү: балык чарбасы, багбанчылык, жаңы үрөндөр менен иштөө, мисалы: буудай, картошка, жүгөрү. Кооператив аларга окууларды өткөрүп, анын ичинде балык чарбасы боюнча да ар кандай маалыматтарды берип турат. 

2019-жылы А.Сүйөркулов аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жамааттардын муктаждыктарын биргелешип аныктап, анын жыйынтыгында балык тармагын жаңылоо жана өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттардын бири катары аныкталган. Буга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана “Токтогул балыгы” балык чарбасы “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча практикалык диалог” долбоору менен кызматташууну баштады. 

Долбоор менен кызматташуу туруктуу диалогду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жеке ишкерлердин өз ара аракеттенүүсүн, жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн инклюзивдүү программасын өнүктүрүү үчүн катчылыкты (мамлекеттик-жеке диалог) түзүү, айыл аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн талдоо менен башталды. 

Калк балык чарбачылыгын артыкчылыктуу багыт катары белгилеп, жергиликтүү экономиканы инклюзивдүү өнүктүрүү багыты катары аны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына киргизүү сунушун берди. Семинарлардын жыйынтыгында Жалал-Абад жана Ош облустарынын балык чарбаларына икрадан өстүрүлгөн чабактарды сатуу жакшырды. Туруктуу сатып алуучулар пайда болду, анткени баасы Чүй облусунда сатып алуу баасынан бир аз төмөн. 2021-жылы 500 000 чабак (ар бири 1 грамм) өндүрүлгөн. 2022-жылдын планында кадимки чабактан тышкары 50 тонна жаңы товардык балыгын өстүрүү каралган. 

Мындан сырткары чарбанын инфраструктура-сы түзүлдү. 2021-жылы долбоордун колдоосу менен конкурстун жеңүүчүсү болуп ЭЛТМ ЖЧКсы табылды: 250/10/0,4 кВА трансформатордук көмөкчордон менен камсыз болду, берилген трансформатор ТМГ 250/10/0,4 кВА, өзгөрмө ток 50/8, 6-10 кВ, жогорку вольттуу зым тартылды. 

Электр линиялары тартылып, тегирмендин имаратына электр жарыгы тартылып, жергиликтүү калк үчүн тоют даярдоо жолго коюлат. 

Балык чарбасы үчүн өздүк тоют даярдоонун өзүнө турган наркы түзүлдү. Мындан тышкары мал, бакма канаттуулар жана мал чарбасы үчүн кошумча тоют даярдоо аракеттери көрүлөт. 

Айыл өкмөтү тарабынан жол тейлөө кызматтары жакшыртылды. Тактап айтканда, зарылчылыкка жараша жол тегизделип турат. 

“Токтогул балыгы” балык чарбасы тарабынан тажрыйбаны жайылтуу боюнча кеңештер берилип, учурда Жалал-Абад жана Ош облустарында жаңы балык чарбаларын ишке киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул чарбалар Токтогулдан чабак алып, товардык балык өндүрүү боюнча кубаттуулуктарын жогорулатышат.

Чыгымдар

“Токтогул балыгы” балык чарбасы болжол менен 100 000 сомго барабар болгон акча каражатын ремонттук иштерин жүргүзүүгө сарптайт. Бул каражаттар бассейн, суу келүүчү түтүктөр иштен чыгып калганда оңдоп-түзөө иштерине жумшалат. Чыгымдардын дагы бир негизги бөлүгүн сапаттуу жем жана балык ооруларынын алдын алуу үчүн  дарыларды сатып алууга кеткен каражаттар түзөт.

Экономикалык натыйжалуулук

Тоют даярдоочу ишканада бардыгы болуп 4 жумушчу эмгектенип, алардын ар бири балык чарбасынын бюджетинен айына 15 миң сомдон маяна алышат. Аталган айыл өкмөт учурда Жалал-Абад облусунда форель чабактарын өстүргөн жалгыз балык чарбасы жайгашкан муниципалитет. 2021-жылы 4 миллион сомго 500 миң чабак (ар бири 1 грамм) өндүрүлгөн.

Социалдык натыйжалуулук

“Токтогул балыгы” балык чарбасы Торкен, Көтөрмө, Кара-Жыгач айылдарынан, калктын аярлуу катмарынан жана облустун кызыкдар тараптарынан 21 адам үчүн балык өстүрүү, балык чарбасын өнүктүрүү боюнча бир катар жолугушууларды жана эки тренингди уюштурду. Бардык иш-чаралардын жыйынтыгында катышуучулар балык өнүктүрүүнү  туура жүргүзүп, анын санын көбөйтүүнү, балыктын тоютун туура даярдоону жана чабактарды өстүрүүнү үйрөнүштү.

Башкаруу натыйжалуулугу

Долбоордун алкагында айылдык аймактын экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу механизми ишке ашырылып, айыл өкмөтү менен бизнестин ортосунда практикалык диалог түзүлдү. ЖӨБ органдары ошондой эле чакан бизнести кантип туура жүргүзүү керектиги жөнүндө жаңы түшүнүккө ээ болду.

Катышуучулардын пикирлери

МОЛДОГАЗИЕВ Дөөлөтбек, Торкен айылынын тургуну: “Балык өндүрүү үчүн суу керек, аны кармоо үчүн тор керек деп ойлошот. Бирок ар бир бизнестин өз көйгөйлөрү болгондой эле, балык өстүрүүнүн да көйгөйлөрү бар. Балык 2-3 күн жем болбосо эле арыктап кетет. Анын салмагын кайра калыбына келтирүү аракеттери кошумча чыгымга алып келет. Чабактарды өстүрүү андан да кыйын, анткени дайыма температураны жөнгө салып, аларды өз убагында азыктандыруу керек. Кандай гана аба ырайы болбосун, иштөөгө туура келет. Балыкчылыкты өнүктүрүүгө азыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жардам берип жатат. Башка жарандар тарабынан да кызыгуулар бар. Бул айыл жергеси үчүн жакшы тажрыйба, аны жайылтуу керек”.

Жергиликтүү ЧУАлардын, ЖӨБ органдарынын программаларынын жана жарандардын артыкчылыктарына шайкештиги

А.Сүйөркулов айыл аймагында балык өстүрүү, коргоо жана балык өстүрүү жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуу төмөнкү мыйзамдардын негизинде ишке ашырылат: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 25-мартындагы № 25 “Аквакультура, балык чарбасы жана суу биологиялык ресурстарын коргоо жөнүндө” Мыйзамы, 19-берене; 2021-2024-жылдарга Абды Сүйөркулов айыл аймагынын жергиликтүү экономикасын инклюзивдүү өнүктүрүү программасы; Айыл чарба министрлиги, айыл өкмөтү жана Токтогул балык чарбасынын ортосунда үч тараптуу келишим.

Каталар жана алынган сабактар

Артур ЭГЕМБЕРДИЕВ: “Балык чарбасы жаңыдан иштей баштаганда көптөгөн кыйынчылыктар, түшүнбөстүктөр болгон. Мисалы, майда балыктарды кармоо үчүн салттуу ванналар колдонулган. Икра өндүрүү жана майда балыктарды өстүрүү үчүн заманбап атайын техникалар жетишсиз болгон. Жасалма икра инкубаторлорунун өндүрүмдүүлүгү төмөн болуп, пайда болгон икра өлүп калган. “Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба” дегендей, биз кетирген каталарыбыздан сабак алып, көптөгөн кыйынчылыктарды жеңип, бүгүнкү күндө товардык балыктарды өндүрүү боюнча жетишерлик деңгээлге жеттик. Температураны сактоону, инфраструктураны туура жана таза колдонууну үйрөндүк; бекемделген жана толукталган тамак-аштын салмагын жана сапатын камсыз кыларын билдик”.

Мыкты тажрыйбага шилтеме: https://myktyaimak.gov.kg/library/best-practices/best-practice-example?lang=kg&id=313

Окшош материалы: