Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ мыкты тажрыйбасы-2013
Мектептин бюджети ачык болуш керек
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Төрт-Күл АА ийгилик баяны
Маселенин тарыхы
Б.Мамбетов атындагы мектепте 600 окуучу билим алат. Бул айыл калкынын жалпы санынан болжол менен 20% түзөт. Бул чакан элеттик мектеп Тоң районундагы Төрт-Күл айылында жайгашкан. “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун пилоттук муниципалитети болгондон кийин Төрт-Күлдүн тургундары мектептин бюджети канчалык натыйжалуу жана ачык деп ойлоно түштү. Долбоордун алкагында калк арасында мектептин бюджетинин айкындуулугу тууралуу сурамжылоо жүргүзүлдү. Анын натыйжасында айылдын тургундары мектептин бюджети тууралуу маалыматка ээ болбогонун жана мектептин бюджети маселеси боюнча коомдук угууларга катышууну каалай турганы маалым болду.
Эмне жасалды?
2012-жылдын 19-мартында айылдык аймактын техникалык жана консультациялык колдоосу менен айылдык аймактын тарыхында биринчи жолу мектептин бюджетине байланыштуу маселелер боюнча коомдук угуулар өттү. Ага мектеп окуучуларынын ата-энелери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ЖӨБ аппаратынын жооптуу кызматкерлери, бейөкмөт уюмдардын жана коомчулуктун башка өкүлдөрү катышты. Тажрыйбаны жайылтуу максатында башка мектептердин директорлору чакырылды. Бул иш-чаранын уюштуруучулары маалымат өнөктүгүн жүргүзүштү, бюджеттин кыскача сүрөттөлүшүн даярдашты, чакыруу баракчаларын таратып, залдын дубалдарына маалымат баннерлерин илишти.
Натыйжалар
Бул иш-чаранын натыйжасы – жергиликтүү маанидеги маселелерге карата чечим кабыл алуу процессине жергиликтүү тургундар тартылды, тагыраак айтканда бюджеттик процесске катышты. Муз ордунан козголду. Мындан ары жергиликтүү тургундар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттик процесс тууралуу маалыматты жана бюджеттөө маселелеринде айкындуулук зарылчылыгын талап кылууга укугу бар экенин билет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз кезегинде мындай иш-чараларды туруктуу өткөрүп турууга милдеттеме алышты.
Окшош материалы:
-
№11 (169) / 2025-11-29 Биринчи орун Кара-Кулжа айыл өкмөтүндө: "Зомбулукка каршы "маданий иммунитетти" тарбиялоо – жалпы жамааттын иши"
-
№11 (169) / 2025-11-29 1700 жаран өз муниципалитеттеринин мыкты тажрыйбасы үчүн добуш берди: “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2025” конкурсунун жыйынтыктары чыгарылды
-
№11 (169) / 2025-11-29 Үчүнчү орун: Тогуз-Торо айыл өкмөтү “Таза суу – жашоо булагы” демилгеси менен ээледи
-
№11 (169) / 2025-11-29 Экинчи орунду ЖӨБ органдары жана жарандык коом менен кызматташтыкта аялдар үчүн ден соолукту чыңдоо борборун түзгөн Багыш айыл өкмөтү ээледи
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Нарындыктар достук зонасын жашылдандырышты: Нарын шаардык мэриясынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Жамаат жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүдө: Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн жергиликтүү жамаат менен кызматташтыгынын практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Бойго жеткен жарандар өсүп келе жаткан муундун саламаттыгы үчүн моралдык жактан жооптуу: Масы айыл өкмөтүнүн практикасы
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Суу – бардык нерсенин башаты: Сары-Булуң айыл өкмөтүнүн практикасы

















