Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу

2022-07-04 / ЖӨБ тажрыйбасы
Жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу

Автор: Жылдыз МОЛДАЛИЕВА, Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүнүн башкы адиси

Көйгөйдүн сүрөттөлүшү

Баетов айылынын четиндеги көчөлөрдө жарыктын жоктугунан кары-картаңдар, аялдар жана балдар1 жапа чегип келишкен, күн батканда көчөлөр капкараңгы болгондуктан бутун кокустатып алышчу, ал эми кышында окуучулар мектептен кайтканда кыйналышчу. Өзгөчө муктаждыктары бар (көрүүсү начар) адамдарга да оор болгон, түнкүсүн кылмыштуулук көбөйүп, жол кырсыктары да катталып турган.

Эмнелер жасалды? 

КР ЖӨБ Союзунун өнөктөш муниципалитети болуп, Баетов муниципалитетинин ЖӨБ органдары аларга жардам сурап кайрылышкан. Швейцария өкмөтү каржылаган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун колдоосу менен ЖӨБ Союзу муниципалитетке жарандардын жергиликтүү демилгелерин жергиликтүү бюджеттен каржылоо механизмин киргизүүгө жардам берүүнү чечти. Бул механизм боюнча жарандар өздөрү үчүн актуалдуу болгон көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштап, жашоо-шартын жакшыртууга салым кошо алышмак. ЖӨБ органдарынын колдоосу менен муниципалитет “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө” типтүү жобону даярдап, бекитти. Жобонун негизинде Баетов айыл өкмөтүндө комиссия түзүлүп, ал Жобону жетекчиликке тааныштырып, жергиликтүү демилгелерди ишке ашырууга конкурс өткөрдү (конкурс 2021-жылдын 29-сентябрынан 24-октябрына чейин өткөрүлдү). Түшкөн өтүнмөлөрдүн ичинен комиссия “Ак-Талаа жаштар уюму” коомдук бирикмесин жеңүүчү деп тапты.

2021-жылдын ноябрь айында жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандыруу демилгесин ишке ашыруу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруу үчүн “Ак-Талаа жаштар уюму” коомдук бирикмесине техникалык тапшырма берилди.

Жергиликтүү тургундардын кайрылууларынын негизинде Баетов айылынан 3 көчө тандалып алынды: Молдобасан, Балтабай жана Орозбаев көчөлөрүнө 2021-жылдын декабрь айында жарыктандыруу орнотулуп, жергиликтүү тургундарга жаңы жылдык белек болуп калды.

Тараптардын салымы

Демилгени ишке ашыруунун жалпы суммасы 92 миң сомду түздү, анын ичинде:

  • электр энергиясы менен камсыздоого жергиликтүү бюджеттин салымы – 16 500 сом;
  • “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун салымы 50 000 сом (21 500 сом устундарды сатып алууга жана 28 500 сом 30 чырак сатып алууга жумшалды);
  • коомдук жаштар бирикмесинин өздүк салымы: устундар үчүн (420 м) – 10 500 сом, фонарларды бекитүү үчүн металлды сатып алууга жана чырак үчүн атайын консолдорду буйрутма менен жасатууга 15 000 сом сарпталды.

Жыйынтыгы

Айыл өкмөт башчысынын долбоорлорду тартып, алар менен кызматташуу, жергиликтүү жамаатты мобилизациялоо боюнча билими болгонунун натыйжасында жергиликтүү бюджеттен салыштырмалуу аз каражат жумшалып, бирок эл үчүн маанилүү маселе чечилди.

Жарыктар орнотулгандан кийин жергиликтүү тургундардын көчөлөрдө ыңгайлуу жүрүүсүнө шарт түзүлдү. Эми балдар, аялдар, кары-картаңдар, ошондой эле айылдын коноктору кечкисин да ээн-эркин басып калышты. Кышында мектептен кеч чыккан окуучулардын коопсуздугу да камсыздалды (жолбун иттер кол салган, жол кырсыктары, кылмыштуулук азайды); жергиликтүү элди түнкү каракчылардан коргоо үчүн шарттар түзүлдү.

Тажрыйбаны ишке ашырууда ЖӨБдүн башчысы А.АБДЫЛДАЕВ менен жергиликтүү кеңештин ирээттүү иши мыйзамдын чегинде уюштурулду. Жарык орнотуу боюнча долбоор менен кызматташуунун натыйжасында жергиликтүү бюджеттин чыгымдары кыскарып, ЖӨБ органдары өз кезегинде мыйзам чегинде жергиликтүү демилгелерди колдогонду үйрөнүштү.

Эрмек ДҮЙШЕНОВ, “Ак-Талаа жаштар уюму” коомдук бирикмесинин өкүлү: “Биздин коомдук бирикменин мүчөлөрү үчүн жергиликтүү демилгени ишке ашырууга катышуу жаңы тажрыйба болуп калды. Бул тажрыйбадан кийин айыл өкмөтү менен чогуу жергиликтүү маанидеги бир катар маселелерди чечсе болоруна көзүбүз жетти. Айылдын көйгөйлөрүн чечүү жергиликтүү калктын жигердүүлүгүнө да көз каранды болгонун түшүндүк. Жергиликтүү демилгени ишке ашыруунун аркасында биринчи кезекте түнкүсүн жарык жок көчөлөрдөгү коопсуздук маселеси чечилип, кышкысын тез эле караңгы киргендиктен мектеп окуучуларына, кары-картаңдарга жана көзү жакшы көрбөгөндөргө шарттар түзүлдү”.

Алынган сабактар

АБДЫЛДАЕВ А., Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы: “Адегенде, жарык жеткириле турган көчөлөрдү өз алдынча аныктап чыктык, андан кийин РЭС талапка жооп бербеген устундарды аныктагандыктан, туура келген устундары бар көчөлөрдү издедик. Демилгени ишке ашырууга аз эле убакыт бөлүнгөн. Демилгени ишке ашыруучулардын тажрыйбасынын жоктугу ишти создуктуруп жиберди. Жергиликтүү демилгелерди ишке ашыруу жөнүндө типтүү жобо биринчи жолу колдонулгандыгына байланыштуу техникалык шарттарды нормативдик талаптарга шайкеш даярдоодо кыйынчылыктар болду. Жобо жана жалпысынан эле механизм жөнүндө коомчулуктун маалыматынын жоктугунан улам чийки долбоордук сунуштар көп түштү. Жергиликтүү демилгелерди ишке ашырган башка айыл өкмөттөр тажрыйбасы менен бөлүшүп, алардын күн энергиясы менен иштеген лампаларды орноткону бизди кийинки кадамды жасоого түрттү”. 

___________

1 Калктын жалпы саны – 11 983 адам. Эркектер – 5 966, аялдар – 5 927. Долбоор ишке ашырылган көчөлөрдө жашагандардын саны – 630 адам. Алардын ичинен 310 эркек жана 320 аял жашайт. 320 окуучунун ичинен 180и эркек бала жана 109у кыздар.

Окшош материалы: