Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызматтын тарыхындагы жаңы барак: муниципалдык кызматчыларды ведомстволук багытта окутууну уюштуруу маселелери чечилди

2023-05-15 / Мыйзам жаӊылыктары
Муниципалдык кызматтын тарыхындагы жаңы барак: муниципалдык кызматчыларды ведомстволук багытта окутууну уюштуруу маселелери чечилди

Муниципалдык кызматчылардын көп миңдеген корпусуна тиешелүү маанилүү жаңылык – ведомстволук багыт боюнча квалификацияны жогорулатууну талаптагыдай уюштурууга мүмкүндүк бербей келген ченемдик базадагы кемчилик четтетилди. Эми мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары ведомстволук багыт боюнча квалификацияны жогорулатууну уюштуруу жаатында так жана толук көрсөтмөлөрдү алышты, ошондой эле жалпы багыт боюнча квалификацияны жогорулатуу чөйрөсүндөгү айрым маселелер чечилди, атап айтканда окутууга мамлекеттик заказдын алкагында өз ара мамилелер тартипке келтирилди. Бул өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-апрелиндеги №209 токтомун кабыл алуу менен мүмкүн болду. Бул токтом менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуу тартиби жөнүндө көптөн бери күтүлүп жаткан жобо бекитилген. ЖӨБ органдарынын кызыкчылыктарын эске алуу менен документтин долбоорун иштеп чыгуу үчүн Өнүктүрүү саясат институту ЖӨБ Союзу менен биргеликте эки жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине (Мамагенттик) консультациялык жардам көрсөтүп келди.

Мамагенттиктин директорунун орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ бул токтом муниципалдык кызматтын өнүгүү тарыхында жаңы баракты ачты деген ишенимде:

“Муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жаатында ведомстволук багыт боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу – мамлекет көп жылдардан бери чечүүгө аракет кылып келген татаал маселе. Муниципалдык чөйрөдө ЖӨБ органдары кесиптик даярдыкты өз-өзүнчө уюштурууга мүмкүнчүлүгү жок болгон көптөгөн маселелер, багыттар, милдеттер, адистиктер бар экендиги өзгөчө кыйынчылыкты жаратты. Мына ушул нерсе муниципалдык органдарды мамлекеттик органдардан айырмалап турат. Мамлекеттик орган, мисалы, министрлик өзүнүн ведомстволук багыты боюнча окутуу программасын иштеп чыгуу менен гана чектелбестен, өзүнүн окуу борборун да ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бирок мындай форма, мисалы, алыскы айыл аймагына жеткиликтүү эмес. Принципиалдуу түрдө башка чечим талап кылынган. Мындай чечим мамлекеттин атынан Мамагенттиктин, муниципалдык ассоциациялардын атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын – ЖӨБ Союзунун жана мамлекеттик эмес уюм болгон Өнүктүрүү саясат институтунун күч-аракеттерин бириктирүү жолу менен табылды. Бардыгы биригип, биз адегенде Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясын (БАЖБА) түзүп, ведомстволук багытта окутууну уюштуруу үчүн бирдиктүү инфраструктураны курдук, андан соң ЖӨБ органдары үчүн укуктук шарттарды камсыз кылдык, эми алар масштабдын эсебинен чыгымдарды үнөмдөп, ЖӨБ Союзу аркылуу окутууну борборлоштуруп уюштура алышат. Бирок бул кандайдыр бир монополия пайда болду дегенди билдирбейт – эгерде муниципалдык кызматчыларды окутуу үчүн зарыл болгон интеллектуалдык ресурстарга жана лицензияларга ээ болгон башка билим берүү мекемеси пайда болсо, анда ЖӨБ Союзунда тандоо жасоо укугу бар. Жалпысынан алганда, жасалган жумуштар, укуктук шарттар жана квалификацияны жогорулатуунун ведомстволук багыты чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн инфраструктурасы түрүндөгү алынган жыйынтык – бул мамлекеттин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жеке сектордун үч тараптуу өнөктөштүгүнүн көрүнүктүү мисалы болуп саналат. Ал эми муниципалдык кызмат институту жалпысынан кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн жаңы келечегине ээ болду”.

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ кабыл алынган токтомго жогору баасын берип, бирок ошол эле учурда тараптардын инновацияларды ишке ашырууга даярдыгына калыс карайт:

“Чындыгында, Мамагенттик, ЖӨБ жана ӨСИ көп иштерди жасады: биз ведомстволук багыт боюнча квалификацияны толук кандуу жогорулатуу үчүн зарыл шарттарды түздүк. Бирок практикалык жыйынтыкка жетүү үчүн мындан ары ЖӨБ органдарынан да күч-аракеттер талап кылынат. Кызматкерлерди жергиликтүү өнүгүүнүн өзгөчөлүү маселелери боюнча квалификациясын жогорулатууга багыттоо үчүн мындай мүмкүнчүлүккө ээ болуу аздык кылат. Ар бир кызматкерди окутуунун зарылдыгын максаттуу түрдө изилдеп чыгып, зарыл финансылык ресурстарга ээ болуп, муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу боюнча өз программабызды даярдашыбыз керек. Башкача айтканда, эми кийинки кадамды ЖӨБ органдары жасоого тийиш. Биз өз кезегибизде БАЖБА менен биргеликте канткенде муну азыркыдан да жакшыраак жасоо керектиги боюнча кеңештерди берип жатабыз”.

ӨСИ тарабынан ишти башкаруунун мүчөсү Бекболот БЕКИЕВ жана консультант Нурдин КҮМҮШБЕКОВ чогуу координациялашты. Алар иштин жыйынтыгы тууралуу төмөнкүдөй ой бөлүштү:

“Мамагенттик, ЖӨБ Союзу жана ӨСИ квалификацияны жогорулатуунун ведомстволук багыты бо-юнча окутуу кызматтарын көрсөткөн инфраструктураны түзүү үчүн көптөгөн аракеттерди көрүштү. Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы түзүлүп, КР Билим берүү жана илим министрлигинин тиешелүү лицензиялары алынды, окуу модулдарынын көлөмдүү пакети даярдалды, окутуучулар даярдалып, курстардын ырааттамасы түзүлдү. Бирок, иш жүзүндө окутуу жергиликтүү бюджеттен кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоонун жөнөкөй механизминин жоктугунан улам башталбай, кийинкиге калып келген. Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдарда мындай кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну уюштуруунун айрым өзгөчөлүктөрү, чоо-жайы чагылдырылбай калгандыктан, бул аларды уюштурууда кээ бир кыйынчылыктарды жаратып келген. №209 токтом менен бекитилген жобо бул маселелерди чечип берди. ЖӨБ Союзу менен биргеликте биз Мамагенттиктин юристтери менен ырааттуу жана сапаттуу жасалган иштин жыйынтыктарына сыймыктанабыз”. 

ӨСИнин жана ЖӨБ Союзунун консультанттары менен өнөктөштүктө агенттиктин кызматкерлеринин көлөмдүү жана кесипкөй иши акыр соңунда окутуу кызмат көрсөтүүлөрүн мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу чөйрөсүндө маанилүү маселени чечүүгө мүмкүндүк берди.

Академиянын директору Асель КУРМАНАЛИЕВАнын ырасташынча, эми калган ишти БАЖБА улантып кетет, Академия азыртадан эле жогорку деңгээлдеги даярдыкты көрсөтө баштады:

“Квалификацияны жогорулатуу боюнча 3 программа иштелип чыкты. Программалар жана кыска мөөнөттүү курстар боюнча эң көп талап кылынган ондогон окуу модулдары даяр, практик-окутуучулар тандалып алынды, ырааттама жарыяланып, окуу аяктагандан кийин сертификат берилет. Биз ЖӨБ органдарынан бир катар өтүнмөлөрдү алдык, окутууну баштоого сатып алуулар чөйрөсүндөгү кыйынчылыктар гана тоскоол болуп жаткан. Токтомдун кабыл алынышы менен бул тоскоолдук четтетилип, окутуу 2023-жылдын биринчи жарымында эле башталмай болду. Биздин курстарда муниципалдык кызматчыларды, ЖӨБ органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, ошондой эле жергиликтүү активисттерди күтөбүз! Бардык суроолор боюнча Академиянын Окутуу боюнча координатору Жылдыз КЕРИМОВАга кайрылсаңыздар болот, электрондук дареги: j.kerimova@lga.kg”.