Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо

2023-05-15 / Мыйзам жаӊылыктары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын окутуунун тартиби жөнүндө жобо

I. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Ушул Жобо административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды (мындан ары – кызматчылар) окутуу тартибин жөнгө салат жана мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуулугун жана таасирдүүлүгүн жакшыртууга багытталган. 

Ушул Жобо саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга да жайылтылат.

2. Кызматчыларды окутуу – мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматчынын кесиптик өнүгүүсү үчүн билимге, жөндөмгө, көндүмгө ээ болуунун максаттуу, системалуу жана план ченемдүү уюштурулган процесси.

3. Кызматчыларды окутуу эки түрдө ишке ашырылат – кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу.

Кызматчыларды кайра даярдоо – кесиптик иштин жаңы түрүн аткаруу үчүн зарыл болгон кошумча билимге, ыктарга жана көндүмдөргө ээ болуу, айрым сабактарды окуу, өзгөрүлүп жаткан экономикалык жана социалдык шарттарга кызматчылардын адаптацияланышын камсыз кылуу үчүн алардын квалификациясын кеңейтүү максатында ишке ашырылуучу окутуу.

Кызматчылардын квалификацияларын жогорулатуу – кызматчылардын өз кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруусу, кошумча кесиптик билим берүү программаларын, анын ичинде эл аралык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен өздөштүрүүсү үчүн алардын иш чөйрөсүндөгү теориялык жана практикалык билимдерин, ыктарын жана көндүмдөрүн жаңыртуу максатында ишке ашырылуучу окутуу.

4.  Кызматчыларды кайра даярдоо кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөндө жүзөгө ашырылат.

5.  Кызматчынын квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.

6. Окутуу эки багытты камтыйт – жалпы жана ведомстволук.

Жалпы багыт – бул иш чөйрөсүнө карабастан мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү кызмат ордуна же кызмат орундарынын тобуна карата жалпы типтүү квалификациялык талаптарды кызматчылардын аткаруусу үчүн үзгүлтүксүз системалуу негизде окутуу.

Жалпы багыт мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказ (мындан ары – Мамзаказ) аркылуу мамлекеттик окутуу программалары боюнча жүзөгө ашырылат.

Ведомстволук (тармактык) багыт – бул мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын керектөөлөрүнүн негизинде кызматчылар тарабынан атайын ведомстволук квалификациялык талаптарды аткаруу үчүн окутуу.

Ведомстволук (тармактык) багыт мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга ведомстволук заказ (мындан ары – ведомстволук заказ) аркылуу окутуунун ведомстволук программалары же ведомстволук заказды аткаруучу билим берүү уюмдарынын окутуу программалары боюнча ишке ашырылат (ишке ашырылат).

7. Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу бөлүгүндө:

  • кызматчыларды окутуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгат жана макулдашат;
  • кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштарды даярдайт;
  • кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказды ишке ашырууну, окутуунун эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун баалоону координациялайт;
  • кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө статистикалык отчеттуулукту түзөт;
  • кызматчыларды аралыктан окутуу түрүн ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
  • кызматчыларды окутуу маселелери боюнча улуттук жана эл аралык деңгээлдеги ар кандай уюмдар менен өз ара аракеттенет;
  • ведомстволук веб-сайтты жана басылманы колдоонун эсебинен мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын окутуу боюнча кадр маселелерин чечүүдө маалыматтык жеткиликтүүлүктү камсыз кылат;
  • кызматчыларды окутуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандарга консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтөт;
  • мыйзамдарды сактоо боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларды окутуу бөлүгүндөгү ишине мониторинг жүргүзөт;
  • мамлекеттик, муниципалдык кызматтын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн окутуу бөлүгүндө мониторинг, талдоо жана баалоо жүргүзөт;
  • кызматчылардын жана кадрлар резервинде турган адамдардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо маселелерин координациялайт;
  • кызматчыларды окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялайт.

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жогоруда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

  • кызматчыларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну комплекстүү өткөрүүнү уюштурууга;
  • берилген ыйгарым укуктардын алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, юридикалык жана жеке жактардан алардын карамагындагы маалыматтарды суроого жана алууга;
  • башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.

8. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларды окутуу бөлүгүндөгү ишин илимий-талдоо жагынан камсыз кылууну камсыздайт.

9. Окутууну каржылоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

  • жалпы багыт боюнча – мамлекеттик заказды бекитүүдө каралган өлчөмдө Академиянын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу мамлекеттик заказды аткаруунун алкагында;
  • ведомстволук багыт боюнча - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын кеминде бир пайызынын эсебинде мамлекеттик органдын бюджетине же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетине өзүнчө сап менен киргизүү аркылуу ведомстволук заказды аткаруунун алкагында.

10. Мамлекеттик заказды, ведомстволук заказды ишке ашыруу «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.

11. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттар окутууну каржылоонун кошумча булактары болушу мүмкүн.

II. КЫЗМАТЧЫЛАРДЫ ОКУТУУНУ УЮШТУРУУ ТАРТИБИ

12. Кызматчыларды жалпы багыт боюнча окутуу өндүрүштөн ажыратуу менен, өндүрүштөн жарым-жартылай ажыратуу менен жана өндүрүштөн ажыратпастан ишке ашырылышы мүмкүн.

13. Жалпы багыттар боюнча окутуунун узактыгы:

  • окутуунун жалпы багытынын алкагында кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу курстары – 36 сааттан 72 саатка чейинки көлөмдө;
  • улуттук программаларга жана башка стратегиялык документтерге ылайык аныкталган темалар боюнча окуу курстары – окуу программасына ылайык.

14. Ведомстволук багыт боюнча окутуунун узактыгы:

  • кызматчыларды кайра даярдоо (курстар, семинарлар, тренингдер жана башкалар) – окуу программаларына ылайык жалпы 72 сааттан кем эмес көлөмдө;
  • квалификацияны жогорулатуу (курстар, семинарлар, тренингдер жана башкалар) – квалификацияны жогорулатуу системасындагы топтоо принцибин эске алуу менен окуу программаларына ылайык жалпы 36 сааттан кем эмес көлөмдө.

15. Саясий мамлекеттик кызмат орундарын жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн окуу курстарынын узактыгы окуу программасына ылайык жүргүзүлөт.

16. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча же бала багуу боюнча, же оорулууну багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматчылар окуудан өтүүгө артыкчылыктуу укукка ээ.

17. Кызматчы окутууга мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча жиберилет: 1) кызматчынын; 2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин.

18. Кызматчы окуу курстарында, семинарларда, тренингдерде жана башка окуу программаларында жүйөсүз себептер менен жок болгон учурда тиешелүү чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазуу жүзүндө билдирилет.

19. Мамлекеттик органдын мамлекеттик жарандык кызматчыларын окутууну уюштуруу процесси үчүн жоопкерчиликти – жетекчинин орун басары же аппарат жетекчиси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларын окутууну уюштуруу процесси үчүн – аппарат жетекчиси же жооптуу катчы тартат.

20. Кайра даярдоодон өтүү жана квалификациясын жогорулатуу тиешелүү документ менен ырасталат.

21. 3 айдан ашык мөөнөткө окууга жиберилген кызматчы мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында белгилүү мөөнөттө иштөө жана эгерде кызматчы өз каалоосу боюнча кызматын токтотсо, окууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт.

22. Кызматкер окууну аяктагандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:

  • окутуу мөөнөтү үч айдан жогору болгондо – эгерде келишимде башкача белгиленбесе, мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде бир жыл иштөө;
  • окутуу мөөнөтү бир жылдан жогору болсо – эгерде келишимде башкача белгиленбесе, мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде эки жыл, анын ичинде аны окууга жиберген мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кеминде бир жыл иштөө;
  • окуу мөөнөтү эки же андан көп жыл болгондо – эгерде келишимде башкача каралбаса, мамлекеттик жарандык кызматта же муниципалдык кызматта кеминде үч жыл, анын ичинде аны окууга жиберген мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кеминде бир жыл иштөө.

23. Кызматчыларды окутууну кошумча кесиптик билим берүү боюнча иш жүргүзүүгө лицензиясы бар билим берүү уюмдары жүргүзүүгө укуктуу.

III. КЫЗМАТЧЫЛАРДЫ ОКУТУУНУН ЖАЛПЫ БАГЫТЫН УЮШТУРУУ

24. Окутуунун жалпы багытынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • 1) мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын күчөтүү;
  • 2) кызматчылар өздөрүнүн кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу максатында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу;
  • 3) кызматчылардын кесиптик өнүгүүсү жана карьералык өсүшү.

25. Окутуунун жалпы багыты квалификацияны жогорулатуу курстары түрүндө ишке ашырылат.

26. Академия мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутуу, Мамзаказды түзүү жана жайгаштыруу, ошондой эле аны ишке ашыруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу окуу жайы болуп саналат.

27. Мамзаказ бул максаттар үчүн мамлекеттик бюджетте каралган каражаттардын чегинде кызматчыларды календардык жылга окутуу планын билдирет.

28. Кызматчыларды окутуунун жалпы багытын уюштуруу этаптары:

  • 1) кызматчыларды окутууга болгон керектөөлөрдү аныктоо;
  • 2) Мамзаказды түзүү жана бекитүү;
  • 3) Мамзаказды жайгаштыруу;
  • 4) кызматчыларды окутуу;
  • 5) окутууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
  • 6) окутуунун жыйынтыктары боюнча отчет түзүү.

29. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын керектөөлөрүнүн негизинде администрациялык кызмат орундарынын топтору боюнча типтүү квалификациялык талаптарга жана мамлекеттик бюджетте каралган каражаттарга ылайык жүзөгө ашырылат.

30. Мамзаказды түзүү жана жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды окутууга мамлекеттик заказ жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.

31. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча кызматчылардын алган билимдеринин жана көндүмдөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна жана окуудан өткөн кызматчылардын кызматтык жактан көтөрүлүшүнө тийгизген таасирине баалоо жүргүзөт.

32. Академия көз карандысыз эксперттерди жана уюмдарды тартуу менен Мамзаказдын каражаттарын пайдалануу менен окутууну баалоого укуктуу.

33. Академия ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана Академиянын расмий веб-сайттарында жарыяланган жалпы багыт боюнча окутуунун жүрүшү жөнүндө отчет берет. Отчеттун формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

IV. КЫЗМАТЧЫЛАРДЫ ОКУТУУНУН ВЕДОМСТВОЛУК БАГЫТЫН УЮШТУРУУ

34. Окутуунун ведомстволук багытынын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • 1) ведомстволук функцияларын, программаларын жана долбоорлорун натыйжалуу аткаруу максатында мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык потенциалын жогорулатуу;
  • 2) кызматтык милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү.

35. Окутуунун ведомстволук багыты квалификацияны жогорулатуу жана кайра даярдоо курстары түрүндө ишке ашырылат.

36. Кызматчыларды окутуунун ведомстволук багытын уюштуруунун этаптары:

  • 1) кызматчыларды окутууга болгон керектөөлөрдү баалоо;
  • 2) окутууга ведомстволук заказды түзүү жана бекитүү;
  • 3) окутууга ведомстволук заказды жайгаштыруу;
  • 4) кызматчыларды окутуу;
  • 5) окутууну контролдоо, мониторинг жүргүзүү жана баалоо;
  • 6) окутуунун жыйынтыктары боюнча отчет.

37. Ведомстволук заказ тиешелүү мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бюджетинде бул максаттар үчүн каралган каражаттарынын алкагында бир календардык жылга кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуу планын билдирет.

38. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ведомстволук функцияларын, программаларын жана долбоорлорун аткаруу, өзгөртүү менен байланышкан керектөөлөрүнүн негизинде жүзөгө ашырылат.

Окутууга ведомстволук заказдын алкагында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар да окуй алышат.

39. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволук багыт боюнча окутууну жүргүзүү планын өз алдынча түзүшөт.

40. Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары же аппарат жетекчиси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аппарат жетекчиси же жооптуу катчысы окутууга ведомстволук заказдын долбоорун түзөт жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине бекитүүгө жиберет.

41. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомстволук багыт боюнча окутууну мамлекеттик органдын билим берүү уюмунда (бар болсо), ассоциация, бирлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлүүчү билим берүү уюмунда өз алдынча же «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна ылайык башка уюмдар менен биргеликте же башка билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырат.

42. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары окутууну жүргүзүү процессине мониторинг жүргүзөт жана контролдойт, ошондой эле кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуунун натыйжалуулугун баалайт.

43. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыл сайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ведомстволук багыт боюнча окутуу жүргүзүлгөндүгү жөнүндө отчет берет, ал ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жарыяланат. Отчеттуулуктун формасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.