Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Экономиканы жоопкерчиликтүү башкаруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында бизнестин жана коомдун бирдиктүү үнү жаңырмакчы

2023-06-22 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Экономиканы жоопкерчиликтүү башкаруу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарында бизнестин жана коомдун бирдиктүү үнү жаңырмакчы

Бизнестин демилгеси менен 2023-жылдын 20-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Бизнес-ассоциациялардын Улуттук альянсынын (БАУА) Пресс-клубу өз ишин баштады. Клуб экономиканы өнүктүрүүдөгү “күйүп жаткан” маселелер боюнча бизнестин, бийликтин жана ЖМКнын ортосунда диалог үчүн бейформал аянтча болуп берет. Башкача айтканда, Пресс-клуб – бул коомдун, бизнестин жана бийликтин экономикалык процесстерди жана чечимдерди түшүнүүсүн жакшыртуу үчүн ЖМКлар менен тереңдетилген коммуникациялардын бейформалдуу аянтчасы. Клубдун 2023-жылга карата пландары менен тааныштыруу иш-чарасына мамлекеттик органдардын, медиа чөйрөлөрдүн жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү келишти.

БАУАнын Пресс-клубунун ишин уюштурууга Өнүктүрүү саясат институту “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED)” Программасынын долбоорунун алкагында жардам берүүдө1.

Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы (мындан ары – БАУА) Кыргыз Республикасынын 70тен ашык тармактык, аймактык жана кесиптик бизнес-ассоциацияларынын кызыкчылыктарын көздөйт жана ири коалиция – бизнес коомчулугунун бирдиктүү үнү болуп саналат.

БАУА бизнес-чөйрөнү жакшыртуу, чыгымдарды азайтуу жана экономикалык өсүш үчүн тоскоолдуктарды жеңүү максатында мамлекеттик органдар менен өнөктөштүктө жигердүү иш алып барууда. БАУАнын катчылыгынын жетекчиси Иван ГЕЛЕТЮК БАУА экономиканы өнүктүрүүгө карата объективдүү коомдук пикирди калыптандыруунун үстүндө ишти күчтөндүрүп, коомдогу маанилүү экономикалык чечимдерди, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) аркылуу салмактуу талкуулоону уюштурушу керек деп эсептейт: “Бирок бул иштин жүрүшүндө БАУА журналисттердин да, жалпы эле коомдун да экономикалык процесстерди жана окуяларды жетиштүү деңгээлде түшүнбөгөн көйгөйгө туш болууда. Ошол эле учурда экономикада болуп жаткан окуяларды чындап түшүнбөсө, коом башкаруу системасынын отчеттуулугуна жана ачыктыгына карата үмүттөрүн толук ишке ашыра албайт. БАУА үчүн ЖМК менен да, жарандык коом менен да бардык тараптарга түшүнүктүү боло тургандай сүйлөшүү маанилүү, себеби биз бир максатта – жарандардын кызыкчылыгы үчүн экономиканы башкаруунун ачык-айкын системасын түзүү максатында бириктик. Бул бийлик органдары үчүн да маанилүү. Пресс-клубду түзүү идеясын мен көптөгөн мамлекеттик органдардын жетекчилери менен, ар кайсы министрликтерде, чечим кабыл алуунун ар кандай деңгээлдеринде талкуулап келдим. Бардык жерде колдоо таптым – мамлекеттик чечимдерди кабыл алган адамдар да экономикада болуп жаткан процесстерге карата адамдарга түшүнүктүү болгон коммуникация каналдарын жолго салуу зарылдыгын сезип турушат. Ошентип, Пресс-клубга болгон муктаждык бизнесте гана бар деп айта албайбыз. Коомдо да, мамлекетте да бирдей даражада бар”.

“Биз-эксперт” агенттигинин директору Андрей ДОГАДИН Пресс-клубду түзүү учурдун талабы экенине кошулат: “Экономикалык темаларды түшүнүп, ЖМКда баяндап берүүдө медиа каражаттары менен ишти күчөтүүнүн актуалдуулугу кризис учурунда көңүл чордонундагы маселеге айланат. Мындай учурда экономикалык саясатты реформалоого, көптөгөн татаал чечимдерди кабыл алууга, аларды калктын калың катмары жакшыраак түшүнө алышы үчүн чечмелеп берүүгө бийлик да, бизнес да мажбур болот. Улуттук деңгээлде кабыл алынган чечимдер менен катар аймактардын экономикасына тиешелүү темалар да өзгөчө актуалдуу, алардын тең салмактуу өнүгүшүнөн жашоо шарттары, социалдык туруктуулук, Кыргыз Республикасынын бардык жарандары үчүн жумуш орундарына, кызмат көрсөтүүлөргө жана товарларга жетүүдөгү аймактардын теңдиги көз каранды болот”.

Клуб журналисттерге, блогерлерге, медиа чөйрөдөгү активисттерге татаал экономикалык контентти түшүнүүгө, маанилүү экономикалык чечимдерди жана окуяларды жиликтеп чыгууга жардам берет. Ошол эле учурда окуянын же процесстин маңызына, анын бизнеске, экономикалык субъекттерге гана эмес, ар бир жаранга, анын ичинде калктын аярлуу топторуна тийгизген таасирине жетүү маанилүү максат болуп эсептелет.

Экономикалык контекстти жакшы түшүндүрүп берүүнү талап кылган дагы бир маанилүү аудитория – бул аярлуу топтор үчүн шарттарды түзүүгө адистешкен жарандык коомдун уюмдары жана алардын бирикмелери (коалициялары). Бизнес үчүн да, аярлуу топтордун кызыкчылыктары үчүн да адвокация процессинде калктын бардык катмары үчүн маанилүү болгон себептер боюнча биргелешкен өнөктүктөрдү өткөрүү жана макулдашылган чечимдерди издөө үчүн бизнестин өкүлдөрү менен аярлуу топтордун ортосунда өз ара консультациялар зарыл. Бизнестин жана аярлуу топтордун кызыкчылыктарын коргоодо карама-каршылыктар жокко чыгарылбаса да, БАУА биргелешкен иш-аракеттердин натыйжалуулугу бардык категориялар үчүн ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат деп эсептейт.

Экономикалык кубулуштарды, чечимдерди жана процесстерди коомчулук жакшы түшүнүп, кабылдоо деңгээлин жогорулатуу Пресс-клубду түзүүнүн максаты болуп саналат. Пресс-клуб бул максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттерди аткарат:

  • экономиканы өнүктүрүүнүн ар кандай маселелери боюнча актуалдуу, олуттуу, ыкчам маалыматтар жана жеткиликтүү эксперттик пикирлер менен бекемделген контентти журналисттерге берүүнү уюштурат;
  • ар кандай аудиториялардын кабылдоо өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен экономикалык контентти чечмелеп, жөнөкөйлөтүү процессинде ЖМКга жардам берет;
  • коом жана аярлуу топтор үчүн маанилүү темалардын өнүгүшүн биргелешип колдоо үчүн бизнестин, ЖМКнын жана жарандык коомдун “социалдык” уюмдарынын үч тараптуу кызматташтыгын кеңейтет;
  • тажрыйба алмашууну, контент түзүүнү, мыкты тажрыйбаларды жарыялоону, аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча регионалдык жана улуттук ассоциациялардын ортосундагы өнөктөштүктү уюштурат.

Пресс-клуб диалог жана ЖМК менен иштөө үчүн аянтча катары жаңы форма эмес, анын тарыхы узак жана абройлуу. Мындай клубдарды өз учурунда Кыргыз фондулук биржасы, Эл аралык ишкерлер кеңеши уюштуруп, экономикалык журналистиканын сапатын жакшыртууга жардам берген. “Тазабек” бизнес-порталынын редактору Светлана АХМЕТШИНА 2011-2012-жылдары КФБнын Пресс-клубунун катышуучусу болгон: “Ишемби күнкү мектептерде пресс-клубга катышып тургам. Бул мага ЖМКда экономикалык темаларды даярдоодо жакшы багыт алууга, туура басым жасоого жардам берди. КФБнын мектебин аяктагандан дагы көп убакыт бою пикир жана маалымат сурап, жакшы эксперттерге кайрылып турдум, бул мага абдан жардам болду. Форманын өзү натыйжалуулук жагынан оптималдуу болгон: бардык эксперттер практиктер болгондуктан, сабактан кийин угуучулар билим алып гана тим болбостон, өз басылмасынын контентин түзүп, өз ишин аткара алышкан. ЖМК менен иштөөнүн мындай формасын жандандырууну зарыл жана маанилүү иш деп эсептейм”.

Клубдун 2023-жылдагы ишинин формаларына пресс-сессиялар, ишембилик мектеп, журналисттик иштерге конкурс кирет.

Пресс-сессиялар ЖМКларга жана “жарандык” коалициялардын өкүлдөрүнө экономикалык саясаттагы учурдагы өзгөрүүлөрдү (мисалы, адамдардын жашоо шартына жана бизнес жүргүзүүгө таасир этүүчү жаңы акт кабыл алынган учурда) ошол замат түшүндүрүп берүү үчүн өткөрүлөт. Пресс-сессиянын форматы пресс-конференциядан бир нерсеси менен айырмаланат: мында темага тереңирээк сүңгүп киресиң, маалыматтык себептин өзүнө гана эмес, анын пайда болуу тарыхы, коомдук жана экономикалык мааниси тууралуу аудиторияга маалыматты туура жеткиресиң. Пресс-сессиянын жүрүшүндө чакырылган эксперттер болуп жаткан окуяларга баа беришет, журналисттерге жана башка катышуучуларга фактыларды чечмелеп берүүгө жардам беришет. Адатта, пресс-сессия кызыкдар тарапты тааныштырган жана маалыматтык себеп жөнүндө билдирүү жасаган ньюсмейкердин билдирүүсүн камтыйт. Андан кийин теманы терең түшүнгөн, журналисттерге жана башка катышуучуларга маселени же көйгөйлөрдү чечмелеп берүүгө чакырылган эксперт чыгат. Адатта ушул принцип боюнча “окуя + эксперттердин пикири” деген структура боюнча сюжеттер даярдалып, же аналитикалык макалалар жазылат жана бул учурда журналист комментаторлорду жана эксперттерди издөөгө күчүн-убактысын коротпойт, пресс-сессия бардык маалыматты бир жерден жана бир заматта алууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары пресс-сессияга кошумча жазуу материалдары, инфографика (мүмкүн болсо) даярдалат, бул журналисттер үчүн сапаттуу аналитиканы даярдоо ишин да жеңилдетет.

Баяндамачылар маалыматтык себептин темасына жараша, көбүнесе БАУАнын мүчөлөрүнүн ичинен тандалып алынат. Конок катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү чакырылат.

“Бардыгы үчүн экономика” ишембилик мектеби ЖМК өкүлдөрү экономикалык процесстерди терең түшүнүүсү үчүн уюштурулат. Ишемби күн журналисттерге карап атайын тандалып алынды, себеби алар иш күндөрү материалдарды даярдоо менен алек болуп, окутуучу иш-чараларга көп катыша алышпайт.

2023-жылдын апрель жана май айларында ЖМКнын жана коомдун эң көп кызыгуусун жараткан экономикалык темалардын рейтингин түзүү иштери улантылууда. Азырынча рейтингге төмөнкүдөй суроолор кирди: Кыргызстан экономикадагы геосаясий жылыштардан пайда ала алабы? Коррупциянын баасы эмнеге тете? Көмүскө экономиканын доору бүтүп баратабы жана санариптештирүү бул процессте кандай роль ойношу мүмкүн жана ойноп жатат? Кыргызстан санариптик хаб боло алабы? Бизнести текшерүү – эмне үчүн бешинчи мораторий? Туризм коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү? Кыргызстандын транспорттук келечеги кандай болот? Жеке сектор коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жакшырта алабы?

Мектепке катышуунун натыйжасында анын бүтүрүүчүлөрү – ЖМКнын жана “жарандык” коалициялардын өкүлдөрү экономикалык процесстерди түшүнүүсүн тереңдетип, экономикалык чөйрөдөгү эксперттер менен жакшы байланыштарды түзүп, өздөрүнүн аналитикалык материалдарын даярдап, келечекте мектептин темаларында жакшы багыт ала алышат.

Пресс-сессияларга жана мектепке даярдык көрүүнүн алкагында Улуттук статистика комитети колдоо көрсөтөт, ал пресс-сессиянын ар бир темасы боюнча иш жүзүндөгү маалыматтардын топтомун даярдайт, ошондой эле мектептин алкагында жок дегенде бир сабак өткөрүп берет.

2023-жылы ишембилик мектеп 3-июнда башталып, 9-сабактан кийин 27-июлда жыйынтыкталат.

БАУАнын Пресс-клубунун иш-чараларына катышуу маселелери боюнча Нургуль ЖАМАНКУЛОВАга электрондук почта аркылуу кайрылсаңыз болот njamankulova@dpi.kg  

 

______________ 

1 “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу (EGED)” программасы, 2-компонент “Жарандык коом отчеттуулук үчүн: Борбор Азияда инклюзивдүү, фактыларга негизделген экономикалык өсүштү камсыз кылуу максатында жарандык коомду активдештирүү”. Улуу Британиянын өкмөтүнүн каржылоосу менен, ACTED менен кызматташтыкта (Өнүктүрүү саясат институтунун катышуусу менен) ишке ашырылууда.

Окшош материалы: