Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери
2025-жылдын июль айында Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА) айыл өкмөт башчылары, пилоттук жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистери жана бухгалтерлери үчүн “Мамлекеттик сатып алуулар” курсу боюнча окуу тренингдерин өткөрө баштады.
Бул тренингдер “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында 31 пилоттук ЖӨБ органы үчүн өткөрүлүп жатат. Аталган долбоорду Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырууда. Июль айында окууга Чүй жана Бакай-Ата райондорунун пилоттук ЖӨБ органдары тартылса, 2025-жылдын август айынын этегине чейин Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ноокен жана Аксы райондорунун калган пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн да ушул өңдүү тренингдерди өткөрүү пландалууда.
Тренингдер муниципалдык кызматкерлердин теориялык деңгээлин жогорулатып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин натыйжалуу аткаруу үчүн алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган практикалык көндүмдөргө үйрөтүү максатында өткөрүлүүдө. Катышуучулар мамлекеттик жана муниципалдык керектөөлөрдү канааттандыруу жана сатып алуулардын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну жөнгө салуучу колдонуудагы мыйзамдар чөйрөсүндө системалуу жана актуалдуу билимге ээ болушат.
Тренингдин жүрүшүндө ЖӨБ органдарынын деңгээлинде “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруунун негизги чакырыктары жана көйгөйлүү өңүттөрү боюнча катышуучулардын арасында ыкчам-сурамжылоо жүргүзүлүп жатат. Чогултулган маалыматтардын негизинде мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун ишке ашырууда ЖӨБ органдары туш болуп жаткан өзгөчө кеңири таралган көйгөйлөр жалпылаштырылмакчы. ЖӨБ органдары менен баарлашуу көйгөйлөрдү төмөнкү категорияларга топтоп чыгууга мүмкүндүк берди.
Квалификациялуу кадрлардын тартыштыгы
Көпчүлүк айыл өкмөттөрүндө мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө профессионалдык жактан даярдалган жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча гана функцияларды аткарган өзүнчө адистер жок. Эреже катары, сатып алуулар менен бир нече функцияларды (инвестиция боюнча адис, бухгалтер ж.б.) айкалыштырган кызматкерлер алектенип келишет. Окууну аяктагандан кийин да алар мамлекеттик сатып алуулар порталында иштөөдө, өзгөчө типтүү сатып алууларды (мисалы, чарба товарларын, кеңсе буюмдарын ж.б.) тариздөөдө кыйналышууда. Катышуучулар жол-жоболорду жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистердин ишин жөнөкөйлөтүү үчүн сатып алуулар порталына шаблондор же автоматтык баскычтар функциясын киргизүүнү сунушташты. Айыл өкмөттөрүндө кадрлардын бир орунда көпкө кармалбашы жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча квалификациялуу адистердин тартыштыгы сатып алуулар боюнча документтерди даярдоонун сапатынын төмөндөшүнө, жол-жоболорду бузууга, создуктурууга, айрым учурларда сатып алууларды жүргүзбөөгө жана иш пландарын өз убагында аткарбай калууга алып келип жатат.
Техникалык жана консультациялык ресурстардын чектелүү болушу
Мамлекеттик сатып алуулар департаменти жана казыналык органдары менен кеңешүү мүмкүнчүлүгү бар болгонуна карабастан, көпчүлүк учурларда жеринде туруктуу эксперттик жана методикалык колдоо бар болгон муктаждыкты толук канаттандыра албай жатат. Ири же конкрет-түү сатып алуулар боюнча квалификациялуу адистерди жана консультанттарды тартууга мүмкүнчүлүк жок, анын ичинде финансынын жана адистердин тартыштыгы өзгөчө аймактардын деңгээлинде курч болууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталынын (zakupki.gov.kg) маал-маалы менен иштебей калышы да сатып алуулар боюнча адистин ишин татаалдаштырып жатат. Порталдын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуу максатка ылайыктуу болмок.
Мөөнөттөрдү жана жол-жоболорду кармануудагы кыйынчылыктар
Көпчүлүк айыл өкмөттөрү белгиленген мөөнөттү карманууга аракет кылышат, бирок порталда адам факторуна жана техникалык каталарга байланыштуу көйгөйлөргө көп кездешет. Порталдын функционалдуулугун өркүндөтүү зарылчылыгы, атап айтканда, жүктөлгөн документтерди редакциялоо мүмкүнчүлүгүн киргизүү зарыл болуп турат.
Атаандаштыктын төмөн деңгээлде болушу
Айрыкча алыскы райондордо жеткирүүчүлөрдүн саны чектелүү болгондуктан, өтүнмөлөрдүн жоктугунан улам көптөгөн тендерлер өткөрүлбөй келатат. Подрядчылар конкурска кирбегендиктен сатып алуулар кийинкиге калууда же кайра жарыяланып жатат.
Бир жактуулук жана коррупциялык тобокелдиктер
Тандоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугунан улам ЖӨБ органдары жеткирүүчүлөрдүн чектелүү чөйрөсү менен иштөөгө аргасыз болушууда, бул алдын ала сүйлөшүп алды же адилетсиз атаандаштык болду деген шектенүүлөрдү жаратышы мүмкүн. Анткен менен, катышуучулар баса белгилегендей, мындай иш-аракеттер негизинен мажбур кылган жагдайлардан – тапшырмаларды өз убагында аткарууну камсыз кылуунун зарылдыгынан улам келип чыгууда.
Мыйзамдардын тез-тез өзгөрүп турушу жана методикалык жардамдын жетишсиздиги
Мыйзамдарга жана мыйзам алдындагы актыларга тынымсыз киргизилип жаткан түзөтүүлөр ченемдерди практикалык ишке ашырууну кыйындатып, ЖӨБ органдарынын адистеринен билимдерди үзгүлтүксүз жаңылап турууну талап кылып жатат. Долбоорго катышкан жана БАЖБАнын окуусунан өткөн пилоттук айыл өкмөттөрү гана кошумча маалыматтык жана окутуу колдоосун алып жатышат. Калгандары системалуу жардамсыз кала беришүүдө.
Жергиликтүү кеңештердин жана жарандардын процесске көп жакшы тартылбаганы
Көпчүлүк учурларда жергиликтүү кеңештер сатып алуулардын жол-жоболорун көзөмөлдөөгө жигердүү катышпайт, алар бул жаатта жетиштүү даярдыкка ээ эмес. Пилоттук айыл өкмөтүнүн алкагында гана мониторинг, жарандык жана парламенттик көзөмөл практикасы киргизилүүдө. Башка ЖӨБ органдарында мындай механизмдер иш жүзүндө ишке ашырылган эмес. Өзгөчө учурларда гана, эгерде депутаттардын курамына мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун билген айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкерлери кирсе, алар сатып алуулардын жол-жоболорун жана аткарылышын көзөмөлдөп жатышат.
СУНУШТАР
Тренингдин катышуучулары жогоруда саналган көйгөйлөрдү чечүүгө жана кырдаалды жакшыртууга жардам бере турган төмөнкү чараларды сунушташты:
- окуу иш-чараларын, анын ичинде окуу материалдарына практикалык мисалдарды жана кейстерди киргизүү менен үзгүлтүксүз өткөрүүнү;
- сатып алууда зарыл болгон техникалык тапшырмалардын жана башка документтердин типтүү шаблондорун иштеп чыгууну жана жайылтууну;
- штаттык бирдикти бөлүштүрүү, эмгек акыны жана квалификацияны жогорулатуу аркылуу муниципалдык сатып алуучулар институтун чыңдоону;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ролун активдештирүү жана калкты маалымдоо аркылуу ачык-айкындуулукту күчөтүүнү;
- мамлекеттик сатып алуулар порталын өркүндөтүүнү: интерфейсти жөнөкөйлөтүү, шаблондорду жана нускамаларды кошуу;
- ЖӨБ органдарына ыкчам колдоо көрсөтүү үчүн консультациялык аянтчаны же “ишеним телефонун” түзүүнү.
Мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистин өзүнчө штаттык бирдигин киргизүү маселеси өзгөчө көңүл бурууга арзыйт, себеби административдик-аймактык реформасынын (АТР) натыйжасында айыл өкмөттөрү ирилештирилди, мындан улам сатып алуулар чөйрөсүндөгү иштин көлөмү кыйла көбөйдү: бюджет кеңейди, сатып алуулар жол-жобосунун саны көбөйдү, мыйзамдарды сактоо үчүн жоопкерчилик арбыды. Өзүнчө адистин болушу сатып алууларды туура пландоону, жүргүзүүнү жана коштоону камсыз кылат, мыйзам бузуп алуу тобокелдиктерин азайтат жана бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатат.
Бул жыйынтыктар пилоттук муниципалитеттерде гана эмес, жалпы республика боюнча сатып алуулар чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын дараметин күчөтүүгө жана окуу-методикалык демилгелерди кеңейтүүгө системалуу мамиле кылуу зарылдыгын көрсөтүп турат.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандын делегациясы “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү” темасына арналган БУУнун Мамлекеттик кызмат форумуна катышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!