Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

7-8 (165-166) 8 Сентябрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда

2025-09-05 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда

Артур САРКИСОВ, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору

Жергиликтүү бюджетти канткенде ачык-айкын жана жарандар үчүн түшүнүктүү кылса болот? Эмне үчүн аймактарда коомдук талкууларды өткөрүү зарыл?
24-июндан 8-июлга чейин гибриддик форматта – оффлайн да, онлайн да өткөрүлгөн маалыматтык семинарлар ушул суроолорго арналып, маалыматтык өнөктүктүн курамдык бөлүгү болуп калды. Иш-чараны КР Финансы министрлиги Швейцариянын Өкмөтү каржылаган “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүк программасынын алкагында Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте уюштурду. Иш-чара ачык-айкындуулук механизмдерин өнүктүрүү жана ЖӨБ органдарынын финансылык сабаттуулугун бекемдөө боюнча системалуу иштин алкагында өттү.

Жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору боюнча коомдук угуулар – бул КР Бюджеттик кодексинин 127-беренесинде бекитилген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маанилүү милдеттеринин бири. Дал ушул форматтарда ишенимдин, жоопкерчиликтин жана жарандардын катышуусунун негиздери түптөлөт.

Маалыматтык өнөктүктүн көңүл чордонунда төмөнкүлөр болду:

  • коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү;
  • дем берүүчү гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлорду тандап алуунун эрежелери;
  • жеринде долбоорлорду даярдоонун жана ишке ашыруунун методикасы.

“Маалыматтык өнөктүккө райондук финансы бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, айыл өкмөтүнүн адистери жана шаардык мэриялардын өкүлдөрү – жалпысынан 321 адам тартылды. Ош шаарында өткөн семинарга абдан көп адам катышканын белгилебей коё албайм – ага 82 адам катышты. Ал эми катышкан аялдардын эң көп пайызы Чүй облусунда болду – 61 катышуучунун 49у аялдар болду. Көрсөтүлгөн жалпы сандын ичинен 141и аялдар болгон (бардык катышуучулардын 43 пайыздан ашыгы), бул бюджеттин ачыктыгынын инклюзивдүү жана туруктуу практикасын түзүү үчүн өзгөчө маанилүү. Чечимдерди кабыл алуу процесси канчалык түшүнүктүү болсо, ага болгон ишеним да ошончолук күчтүү болот деп эсептейбиз”, – деп белгиледи ӨСИнин жергиликтүү ресурстар боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ.

Иш-чаранын жүрүшүндө ӨСИнин адистери бюджеттик процесс жана бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн этаптары жөнүндө толук маалымат беришти, ошондой эле иш жүзүндө gb.minfin.kg порталында 2026-жылга бюджеттин долбоору боюнча дайындарды киргизип чыгышты. Бул иштер жергиликтүү бюджеттер жөнүндө маалыматты толук ачып берүүгө жана кийинки жылга жарандардан сунуштарды чогултууга жардам бермекчи.

Катышуучуларга ошондой эле КР Финансы министрлигинин дем берүүчү гранттар бөлүмүнүн адистери Тахир АКМАТОВ жана Нарина МАМЫТБЕКОВА дем берүүчү гранттар тууралуу маалымат беришти. Адистер Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтому менен бекитилген Долбоорлорду тандоо жана дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен каржылоо жөнүндө жобо, Долбоорлорду ишке ашыруу боюнча нускама тууралуу кеңири түшүндүрмө беришти.

Семинарлардын презентация бөлүгүнүн аягында талкуулар катышуучулардын көп сандаган суроолору, реалдуу иштерди талкуулоо жана жеринде бюджеттик процессти жакшыртуу боюнча сунуштар менен башталды. Катышуучулар ошондой эле материалдарды берүүнүн форматы жана анын өздөштүрүү үчүн жеткиликтүүлүгү боюнча өз ойлорун айтышты.

Нурзада КАЛЫС кызы, Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Э.Алиев айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси:  “Уюштуруучулар бул процесске облустун бардык адистерин тартканы жакты. Иш жүзүндө дал ушул бөлүм жетекчилери негизги жүктү көтөрүшөт. Жергиликтүү бюджеттердин ачыктыгы жана айкындыгы процессине ЖӨБ органдарынын бардык кызматкерлери тартылганы да маанилүү”.

КР Финансы министрлигинин Жалал-Абад облусунун Ноокен районуну финансы башкармалыгынын жетекчиси Асанбек МАМАТКУЛОВ семинардын мазмунуна токтолду: “Биз угуулардын терминологиясын жана максаттарын гана эмес, ошону менен бирге иштеп жаткан реалдуу практикаларды да талкууладык. Катышуучулар масштабдын кеңейгенин көрө алганы өзгөчө баалуу болуп саналат; эгерде мурда муниципалитеттердин 30% гана ачык угууларды өткөрсө, азыр алардын саны 80 пайыздан ашты. Бул мына ушундай өнөктүктөрдүн жыйынтыгы болуп саналат”.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак АӨнүн социалдык-экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Калыс КАЙНАЗАРОВА көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын билдирди: “Биз буга чейин порталды колдонгонбуз, ӨСИнин катышуусу менен угууларды өткөргөнбүз. ӨСИнин жамааты бизге маалыматтык жана техникалык жактан колдоо көрсөтүүнү улантып жатканына кубанычтамын. Бул биздин ишибизди кыйла кесипкөй кылып жатат”.

КР Финансы министрлигинин Ош облусунун Алай районунун финансы башкармалыгынын жетекчиси Жумабек ТАЖИБАЕВ “тема жалпак тил менен түшүндүрүлүп, теориялык жоболор ошол замат мисалдар менен бекемделди. Алган билимдер ЖӨБ органдарына өз ишин жакшы түшүнүүгө жардам берип, райондук финансы башкармалыктардын ишин да жеңилдетип жатат”, – деп белгиледи.

2026-жылга коомдук бюджеттик угууларга даярдык көрүү боюнча маалыматтык өнөктүктүн алкагында 3-июлда Баткен жана Талас облустары үчүн онлайн жолугушуу өткөрүлдү. Ага шаар мэрияларынын жана айыл өкмөттөрдүн финансы-экономика бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен жана кызматкерлеринен турган 49 адис катышты.

“Онлайн формат алыскы муниципалитеттерге да жетүүгө, кадыресе шарттарда катыша албай келаткан көбүрөөк катышуучуларды камтууга мүмкүндүк берди. КР Финансы министрлигиндеги кесиптештер жана катышуучулар менен бирге биз коомдук бюджеттик угууларды өткөрүүнүн максаттары жана жол-жоболору, gb.minfin.kg порталы менен иштөөнүн тартиби жана Министрлер Кабинетинин №103 токтому менен бекитилген дем берүүчү гранттар жөнүндө жаңы жобо өңдүү негизги өңүттөрдү талдап чыктык”, – деди ӨСИнин консультанты Жылдыз КЕРИМОВА

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү үчүн 2026-жылга коомдук бюджеттик угуулар боюнча маалыматтык өнөктүк 2025-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун өкүлдөрү үчүн семинар менен жыйынтыкталды.

Башка аймактардагыдай эле, коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу жана өткөрүү маселелеринен тышкары катышуучулар дем берүүчү гранттар жөнүндө жаңыланган жобо жана долбоорлорду ишке ашыруу боюнча нускама (Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы №103 токтому) менен кеңири таанышып, жергиликтүү бюджеттер боюнча өздөрүнүн маалыматтарын жарандык бюджет порталына киргизишти.

Семинардын аягында катышуучулар муниципалитеттерде ачык бюджеттик угууларды өткөрүүдөгү көйгөйлөрдү жана колдонулуп жаткан тажрыйбаларды талкуулашты.

“Мындай семинарларды өткөрүү биз үчүн жакшы салтка айланып калды. Жыл сайын коомдук бюджеттик угууларга даярдык көрүүнүн алкагында биз ӨСИде КР Финансы министрлиги менен биргеликте бул процессте муниципалитеттерге колдоо көрсөтүү максатында аймактарды кыдырып чыгабыз. Бул бир жолку акция эмес, ал ырааттуу жана мазмундуу иштин бир бөлүгү. Бул иш мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарын жер-жерлерде ишке ашырууга, кызматкерлердин кесиптик чеберчилигин бекемдөөгө жана бюджеттик процесстерди муниципалитеттердин өздөрү үчүн түшүнүктүү кылууга мүмкүндүк берет”, – деп сөзүн жыйынтыктады ӨСИнин жергиликтүү ресурстар боюнча адиси Азамат МАМЫТОВ. 

“КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгү КР Финансы министрлигине кызматташтыгы үчүн жана өнөктүктүн бардык катышуучуларына, ошондой эле жергиликтүү бюджетти адамдарга күн  сайын жакындатып жаткан жергиликтүү финансы кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, 2026-жылга бюджеттин долбоорлору боюнча коомдук угууларды ийгиликтүү өткөрүп алууну каалайт!

 

 

Окшош материалы: