Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жаңы билимди кантип колдонушту?
2025-жылдын февраль айында БАЖБА “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен Чүй районунун (Чүй) жана Бакай-Ата районунун (Талас) пилоттук айылдык аймактарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары үчүн “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун негиздери” курсу боюнча окуу өткөрдү.
Тренингдин жыйынтыгы боюнча Бакай-Ата районунун Күмүштак жана Биримдик айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү алган билимдерин ийгиликтүү колдонушту: депутаттар катуу тиричилик калдыктарын (КТК) ташып чыгарууга тарифтерди талкуулап, иштеп чыгуу үчүн коомдук угууларды жана фокус-топторду демилгелешти. Муниципалдык ишканалар экономикалык жактан негизделген тарифтерди даярдашты, бул тарифтерди коомдук угуулардын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңеш бекитип берди.
Ошондой эле жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда катуу тиричилик таштандыларын (КТТ) ташып чыгарууга жаңы тарифтерди киргизүү маселеси боюнча калк менен чогулуштар жана коомдук талкуулар өткөрүлдү.
1-диаграмма. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн өткөрүлгөн окутуунун натыйжаларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы
Жасалган иштердин жыйынтыгы менен Күмүштак айылдык кеңешинин токтому менен бир кишиге 100 сом көлөмүндө тариф бекитилди (буга чейин ар бир кожолук үчүн тариф 50 сом болгон).
Ушул өңдүү эле аткарылган иштердин жыйынтыгы менен Биримдик айылдык кеңешинин токтому менен ар бир адамга 100 сом көлөмүндө тариф бекитилди (буга чейин ар бир кожолук үчүн тариф 50 сом болгон).
Чүй районунун Биримдик айыл өкмөтү ичүүчү суунун тарифин иштеп чыгып, жергиликтүү калктын катышуусу менен коомдук угууларды өткөрдү. Ушул тапта тариф КР Монополияга каршы кызматынын макулдашуусуна жиберилди, ал ар бир суу алуучу жайга эсептегичтерди милдеттүү орнотууну талап кылат. Бирок бул максаттарды каржылоо айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджетинде каралган эмес, буга байланыштуу маселе ачык бойдон калууда.
“Тренингге чейин көптөгөн муниципалдык ишканаларда коммерциялык кызмат көрсөтүүлөргө баа бекитилген эмес эле. Окуунун жыйынтыгы боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары бул процессти көзөмөлдөй башташты, ал эми ЖӨБдүн аткаруу органдары жана муниципалдык ишканалар тиешелүү бааларды эсептеп чыгып, бекитүүгө сунуштап жатышат”, – деди БАЖБАнын долбоорлор боюнча менеджери Айнура ЧАНДЫБАЕВА.
Мониторингдин жыйынтыгы менен эки райондун жергиликтүү кеңешинин депутаттары буга чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат көрсөтүүлөрүн уюштурууда жөндөмү жана түшүнүгү болбогонун моюнга алышты. Тренингдин жүрүшүндө алар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен таанышып чыгышты. “Алган билимдер бюджетти бекитүү процессине, биздин депутаттык ишибизди жүзөгө ашырууга оң таасирин тийгизип, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун принциптерин түшүнүүгө жардам берди. Бирок ичүүчү сууга тарифтерди даярдоодо, өзгөчө эсептөөдө белгилүү бир кыйынчылыктар болгонун моюнга алышыбыз керек”, – дешти алар.
Жыйынтыгында жергиликтүү кеңештин депутаттары инвестицияларды тартуу, жергиликтүү бюджетти түзүү, аткаруу жана башка ушул сыяктуу темалар боюнча окуудан өтүүгө кызыкдар экендигин айтышты.
Муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери жаңы билимди кантип колдонушту?
Ушул жылдын март айында БАЖБА долбоордун 6 районундагы муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери үчүн “Муниципалдык ишканалардын бухгалтердик эсеби жана 1С” курсу боюнча окуу өткөрдү. Окууларга Чүй, Бакай-Ата, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Ноокен, Аксы райондорунун 31 пилоттук ЖӨБ органында орун алган ишканалардын кызматкерлери катышты.
Өткөрүлгөн окуунун натыйжалуулугун баалоо максатында БАЖБА окуудан кийин 2 ай өткөн соң мониторинг жүргүзүп чыкты. Атап айтканда, бухгалтерияда жана 1С программасында (муниципалдык ишканалар үчүн версияда) алынган билимдерди колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, ошондой эле бухгалтердик эсепти жүргүзүүдө жана 1С программасы менен иштөөдө келип чыккан кыйынчылыктарды аныктоого баа берилди.
Мониторингдин жыйынтыктары көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү – 90% – муниципалдык ишканалар үчүн 1С программасы боюнча буга чейин тажрыйбасы болгон эмес; атайын билими бар кээ бир бухгалтерлер мурда бухгалтер болуп иштеген эмес; айрымдарында башка чөйрөлөрдө – билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо ж.б. бухгалтер катары тажрыйбасы бар.
Баалоого ылайык, окууну аяктагандан кийин катышуучулардын 89% жаңы көндүмдөргө жана билимге ээ болуп, учурда аларды БАЖБАнын тренерлеринин көмөгү менен өз ишинде колдонуп жатышат. Бухгалтерлердин 40 пайызга жакыны бул курс боюнча тереңдетилген окутуудан өтүү ниетин билдиришти, ошондой эле муниципалдык ишканалардын бухгалтерлери бул кызматка ар кайсы тармактардан келгендиктен, жалпысынан муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү боюнча окууну уюштуруп берүүнү өтүнүштү.
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстандын делегациясы “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү” темасына арналган БУУнун Мамлекеттик кызмат форумуна катышты
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!