Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
Кыргызстандын делегациясы “2030-жылга чейин беш жыл: туруктуу келечек үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү” темасына арналган БУУнун Мамлекеттик кызмат форумуна катышты
Артур САРКИСОВ, ӨСИнин коммуникациялар боюнча координатору
2025-жылдын июнь айында байыркы жана меймандос Самарканд шаары (Өзбекстан Республикасы) БУУнун кезектеги Мамлекеттик кызмат форумунун (UN Public Service Forum 2025) катышуучуларын кабыл алып, мамлекеттик кызмат маселелери боюнча эл аралык диалогдун чордонуна айланды. Өзбекстан өзүнүн тарыхында биринчи жолу бул Форумдун кожоюну болду. Форум 2003-жылдан бери өткөрүлүп келатат, буга чейин Форумду АКШ, Австрия, Испания, Танзания, Бахрейн, Марокко, Колумбия, Азербайжан жана Корея Республикасы сыяктуу өлкөлөр өткөрүп келишкен.
23-25-июнь күндөрү Самарканд шаарында өткөн Форумду БУУнун Экономикалык жана социалдык маселелер боюнча департаменти (UNDESA) Өзбекстан Республикасынын Санариптик технологиялар министрлиги, Мамлекеттик кызматты өнүктүрүү агенттиги жана Стратегиялык реформалар агенттиги менен биргеликте уюштурду. Форумга рекорддук сандагы адам – миңден ашуун адам катышты. Дүйнө жүзү боюнча 80ден ашуун мамлекеттен, анын ичинде Европа, Азия, Латын Америкасы жана Африка, анын ичинде Самоа жана Бутан королдугу сыяктуу чакан мамлекеттерден министрлер жана мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилери келишти. Ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын, илимий коомчулуктун өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, эксперттер, жарандык сектордун, бизнестин өкүлдөрү жана инновациялар чөйрөсүндөгү лидерлер катышты.
Форумга Кыргызстандын атынан расмий делегация катышты, алардын арасында төмөнкүлөр болду:
- форумдун спикери Назима БАКТИЯРОВА, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин санариптик чечимдерди башкаруу боюнча санариптик саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси;
- Айжан САРЫГУЛОВА, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин санариптик чечимдер башкармалыгынын санариптик долбоорлорду коштоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Мурат БАЙДЫЛДАЕВ, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы;
- Бакытбек АЙТКУЛОВ, Өнүктүрүү саясат институтунун консультанты.
Иш-чараны Өзбекстан Республикасынын Президентинин жардамчысы Саида МИРЗИЁЕВА ачып, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат МИРЗИЁЕВдин атынан форумдун катышуучуларына куттук сөздү окуп берди. Куттук сөздө “мамлекеттик башкаруунун санариптик трансформациясын сүрөөдө, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө инновациялык чечимдерди колдонууда, мамлекеттик сектордун институттарынын натыйжалуулугун толугу менен жогорулатууда, башкарууда лидерликтин стилдерин өнүктүрүүдө, үзгүлтүксүз билим берүүнү кеңейтүүдө жана болочок жетекчилерге зарыл болгон көндүмдөрдү аныктоодо алдыңкы тажрыйба алмашуу болуп көрбөгөндөй актуалдуу мааниге ээ болуп жатканы” белгиленди. Азыркы заман “Мамлекет – эл үчүн” деген принципти “эл мамлекеттик органдарга эмес, мамлекеттик органдар элге кызмат кылышы керек” деген сыяктуу принцип менен катар бекем карманууну талап кылып жатканы өзгөчө баса белгиленди. Бул постулаттарды кармануу мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү глобалдык өзгөрүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү болуп калууда.
Форумдун ачылышында БУУнун Башкы катчысынын экономикалык өнүгүү боюнча жардамчысы Ханиф НАВИД жана Малайзиянын Премьер-министринин орун басары Юсуф ФАДИЛЛАХ да сөз сүйлөштү.
Өзбекстан Республикасынын санариптик технологиялар министри Шерзод ШЕРМАТОВ өлкөдө мамлекеттик кызматты өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана анын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын программасы пленардык жыйналыштарды, тематикалык талкууларды, стратегиялык сүйлөшүүлөрдү, чакырыктардын жана тездетилген өзгөрүүлөрдүн шарттарында мамлекеттик кызматтын ролун кайра карап чыгууга багытталган ийгиликтүү тажрыйбалардын презентацияларын камтыды.
Үч күндүн ичинде катышуучулар төмөнкү темаларды талкуулашты: мамлекеттик башкаруудагы инновациялар: натыйжалуулукту, ачыктыкты жана отчеттуулукту жогорулатууда санариптик аспаптардын жана жасалма интеллекттин ролу; “акыркы миляга” жетишүү: бардыгы үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча эл аралык тажрыйба; реформаларды тездетүү: инновациялык лабораториялар аркылуу башкарууну трансформациялоо.
БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө беш эле жыл калды. Ошол себептен натыйжалуу, инклюзивдүү жана инновациялык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө муктаждык барган сайын актуалдуу болуп баратат. Санариптештирүүгө, өнөктөштүккө жана башкаруунун жаңы ыкмаларын колдонууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат, алар кызмат көрсөтүүлөргө бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга жана “акыркы милядагы” ажырымды кыскартууга көмөктөшмөкчү. БУУнун Мамлекеттик кызмат маселелери боюнча форуму бир өзгөчөлүгү менен маанилүү: Форум Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) жетүүдө мамлекеттик сектордун дараметин бекемдөөгө, адамдык капиталды чыңдоого жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган.
Реформалардын алкагында Өзбекстан Республикасында заманбап санариптик экосистема түзүлдү. “Санариптик өкмөт” ведомстволор аралык интеграциялык платформада 49 мамлекеттик органдын 390дон ашык веб-сервиси иштейт, аларга күн сайын 216дан ашык маалымат системасы кошулуп турат.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү интерактивдүү порталы (my.gov.uz) аркылуу 760тан ашык электрондук кызмат көрсөтүү жарандарга жана бизнеске жеткиликтүү болуп, ал эми каттоодон өткөн колдонуучулардын саны 11 миллиондон ашты.
Жасалма интеллекттин базасында санариптик жардамчы Улуттук мыйзам чыгаруу базасына ийгиликтүү киргизилип, жалпы коомчулукка да, кесипкөй юристтерге да жеткиликтүү болуп калды.
208 Калкты тейлөө борборунун өнүккөн тармагы жалпы өлкө боюнча административдик сервистерге оффлайн режиминде жеткиликтүүлүктү камсыз кылып турат.
Жетишилген жыйынтыктарды эл аралык коомчулук таанып жатканы рейтингдер менен да тастыкталууда: 2024-жылы Өзбекстан биринчи жолу санариптик өнүгүүнүн “өтө жогорку” деңгээли бар өлкөлөрдүн тобуна кирген жана GovTech Жетилүү индексинде 37 позицияга көтөрүлүп, “А” категориясына кирди.
Санариптик трансформация бардык негизги чөйрөлөрдү камтыйт – мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдөн баштап, электрондук финансыга, финтех чечимдерге, электрондук коммерцияга, фискалдык дайындардын аналитикасына жана санариптик экономиканын башка багыттарына чейин.
Бул жетишкендиктер санариптик жетилгендиктин жогорку деңгээлинен гана эмес, Өзбекстандын топтолгон тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даярдыгын да тастыктап турат. Өлкө эл аралык кызматташууга, анын ичинде Азия жана Африка өлкөлөрү менен кызматташууга да ачык.
Кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү маселелери боюнча тажрыйбасы менен бөлүшкөн өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан да четте карап турган жок. Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин санариптик чечимдерди башкаруу боюнча санариптик саясатты иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси Назима БАКТИЯРОВА панелдик талкуулардын биринде сөз сүйлөдү: “Биз санариптик трансформация мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калган доордо жашап жатабыз. Биз үчүн Кыргыз Республикасында санариптештирүү – бул жөн гана технологиялык модернизациялоо эмес. Бул – башкаруунун ачыктыгын жогорулатууга, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга, экономикалык өсүшкө жана адамдын дараметин өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык артыкчылык”.
Андан соң Кыргызстандын өкүлү өлкөнүн тажрыйбасы жана жетишкендиктери, “Санариптик Кыргызстанга” жолду түзгөн чакырыктар жана пландар, анын ичинде “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү интеграциялоо жолу менен бөлүштү. Назима БАКТИЯРОВА өз сөзүндө санариптик трансформация ачык-айкындуулукту жогорулатуунун, жарандардын жашоосун жакшыртуунун жана Кыргызстанда туруктуу башкарууну өнүктүрүүнүн негизги аспаптарынын бири болгонун баса белгиледи.
ӨСИнин консультанты Бакытбек АЙТКУЛОВ мамлекеттик кызматты санариптик трансформациялоого, жасалма интеллекттин доорунда кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого, санариптик башкаруунун жаңы моделдерин иштеп чыгууга, этика, инклюзия жана санариптештирүүнү укуктук жөнгө салуу маселелерине арналган жумушчу сессияларга катышты.
Кыргызстандык катышуучулар чөлкөмдөгү кызматташуунун мүмкүнчүлүктөрүнө, алдыңкы тажрыйбалар менен алмашууга, маалыматтарды коргоо боюнча бирдиктүү стандарттарды түзүүгө, санариптик кадрларды өнүктүрүүгө жана жасалма интеллект (ЖИ) чөйрөсүндөгү өз ара байланышка өзгөчө көңүл бурушту.
Форумдун катышуучулары ошондой эле жети максатты камтыган Самарканд декларациясын1 талкуулашты. Алар: санариптик трансформация; ЖИни жоопкерчиликтүү киргизүү; дайындарды башкаруу; инновациялар; киберкоопсуздук; инклюзивдүүлүк; эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган ишенимдүү башкаруу; өзгөчө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн ортосунда тажрыйба алмашуу; мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө тең жетүүнү сүрөө.
“БУУнун Мамлекеттик кызмат форуму айрым өлкөлөрдүн тажрыйбасын талдоого эмес, Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жаатында дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жүргүзүлүп жаткан реформалардын иштиктүүлүгүн изилдөөгө, ошондой эле тажрыйба алмашууга багытталган”, – деди Орусия Федерациясынын Президентине караштуу Орусиянын эл чарбасы жана мамлекеттик кызмат академиясынын проректору Андрей МАРГОЛИН.
КОРУТУНДУ СӨЗ
Самарканд форуму санариптик трансформациянын глобалдык стратегиясын түзүүнүн маанилүү этабы болуп калды. Форум ошондой эле маанилүү эл аралык платформа да болуп саналат. Бул платформада Кыргызстан санариптик трансформация, ачык башкаруу жана мамлекеттик кызматты модернизациялоо маселелеринде өзүнүн жигердүү позициясын тастыктады. Форум мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын жаңы деңгээлин ачып, Өзбекстандын GovTech’теги лидерлигин баса белгиледи жана 2030-жылга чейин туруктуу, инклюзивдүү чечимдерди андан ары киргизе берүү үчүн негиз түзүп берди.
___________
1 2022-жылдын 16-сентябрында Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин жыйыны өткөн. Саммиттин күн тартибине ылайык ШКУнун ишинин талап кылынган чөйрөлөрүндө жана багыттарында кызматташуунун абалы жана өнүгүү келечеги талкууланган. ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин Самарканд декларациясы негизги жыйынтыктоочу документ болуп калган. Бул саммитте рекорддук сандагы макулдашуулар, концепциялар, программалар жана башка чечимдер кабыл алынган – бардыгы болуп 44 документ. Булак: https://president.uz/ru/lists/view/5544
Окшош материалы:
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун ЖӨБ органдары үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча тренингдерди өткөрүүдө
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 БАЖБА ЖДКЖ долбоорунун пилоттук ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган окуунун таасирине мониторинг жүргүздү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ЖӨБ Союзу Кыргызстандын муниципалдык ишканаларына практикалык жардам көрсөтүүнү улантууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 Кыргызстанда 2026-жылга карата коомдук бюджеттик угууларды уюштуруу боюнча маалыматтык өнөктүк аяктады. Угуулар улантылууда
-
№7-8 (165-166) / 2025-09-05 ӨСИ Биологиялык көп түрдүүлүктү сактоо боюнча Мамлекеттик программаны коомдук талкуулоонун тең уюштуруучусу болду
-
№6 (164) / 2025-07-14 “Кыргызстандын 100 лидер аялы” программасынын экинчи агымы башталды!