Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
ЖӨБ Союзу Токтогул районунун ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөттү
Нагима ОЗОКЕЕВА, ЖӨБ Союзунун коомдук байланыш боюнча адиси
2025-жылдын 30-июнунан 5-июлуна чейин КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун эксперттери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Токтогул шаарынын мэриясына жана элеттик муниципалитеттеринин ЖӨБ органдарына практикалык жардам көрсөтүштү.
Токтогул шаарынын мэриясында, ошондой эле Кетмен-Төбө, Толук, Сары-Камыш, Үч-Терек, Иманалиев жана А.Сүйөркулов атындагы айыл өкмөттөрүндө ЖӨБ органдарынын 60 кызматкеринин катышуусунда иш-чаралар өткөрүлдү.
“Практикалык жардам жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күнүмдүк ишин өркүндөтүүгө, мыйзамдардын так аткарылышын камсыз кылууга жана калк менен иштөөнүн сапатын жогорулатууга багытталды. Мындай иш-чараларды республиканын башка аймактарында да өткөрүү пландалып жатат”, – деди КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ.
Практикалык жардам төмөнкү үч багыт боюнча көрсөтүлдү.
Жер маселелери: жайыт жерлерин пайдалануу; жер мунапысы; жерлерди трансформациялоо (бир түрдөн экинчи түргө, анын ичинде калктуу конуштардын категориясына которуу); жолдун боюндагы жер участокторун ижарага берүү; жалпы пайдалануудагы жерлерди максаттуу пайдалануу; токой фондунун жайыт жерлерин пайдалануу ж.б.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр: эмгек өргүүлөрү; келишим боюнча иштеген кызматкерлер үчүн түшүндүрмөлөр; иш кагаздарын жүргүзүү тартиби; түзүм жана штаттык ырааттама маселелери; разряддар жөнүндө маалымат.
Муниципалдык ишканалардын иши: ишкананын уставын түзүү; субсидияларды берүүнүн эрежелери; туура бухгалтердик эсепти жүргүзүү; муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү; ишканалардын кызматкерлерине эмгек акы төлөө маселелери.
Окшош материалы:
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Данияр САПАРБАЕВ: үй коркчу жерге айланбашы керек
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Практика менен илим күч-аракеттерин бириктирүүдө: ӨСИ жана КР Башкы прокуратурасынын Юридикалык академиясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 ӨСИнин мамлекет менен коомдун ортосундагы диалогго кошкон салымы: ИИМ менен биргелешкен иш-аракеттер зомбулуктун алдын алууга кандайча жардам берүүдө
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 БАЖБА калдыктарды иштетүү боюнча жаңы базалык курсту сынады
-
№3-4 (173-174) / 2026-05-13 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн кадрлар: БАЖБА квалификациялуу консультанттардын чөйрөсүн кеңейтүүдө
-
№2 (172) / 2026-03-09 Өнүктүрүү саясат институту Тажикстандын коммерциялык эмес уюмдары жана жамааттары менен жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташууну жолго салууда
-
№2 (172) / 2026-03-09 Жергиликтүү кеңештерди ченем жаратуу ишмердигине окутуу
-
№2 (172) / 2026-03-09 ӨСИ Кыргызстандын элеттик муниципалитеттеринде инвестициялык активдүүлүктү жандандырыш үчүн финансылык сабаттуулук боюнча семинарларды өткөрүүдө


















