Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

7-8 (165-166) 8 Сентябрь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү

2025-09-05 / ЖӨБ Өнөктөштүгүнүн жаңылыктары
2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында 603 угуучу БАЖБАнын акынын негизиндеги курстарынан өттү

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы (БАЖБА)1 өзүнүн уставдык ишинин алкагында акынын негизинде билим берүү кызматтарын көрсөтүп келет, 2025-жылдын биринчи жарымында бул курстардан 603 адам, анын ичинен 450 аял өттү.

“Биздин вазыйпабыз – башкаруу органдарына, жарандарга жана алардын бирикмелерине жергиликтүү өнүгүү боюнча актуалдуу жана практикалык билимди берүү. Ушундан улам Академия муниципалдык кызматчылардын кесиптик өсүшү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө жана окутууга алдыңкы ыкмаларды киргизүүгө умтулуп келет. Биздин жамаатыбыздын мүчөлөрүнүн ар тараптуу катышуусу жана менежерлерибиздин окутууну уюштуруу боюнча күч-аракети менен акынын негизиндеги курстарыбызга суроо-талап жана кызыгуу жылдан жылга өсүүдө. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылы 331 адамга акынын негизинде 25 курсту өткөрсөк, 2025-жылдын биринчи жарымында эле 603 адам биздин курстардан өттү. Айрыкча иш өндүрүшү чөйрөсүндөгү курстар популярдуу болуп жатат – көрсөтүлгөн мезгил ичинде 326 адам “Иш кагаздарын жүргүзүү”, “Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү” жана “ЖӨБ органдарында иш кагаздарын жүргүзүү” темалары боюнча курстардан өтүштү, бул болсо жалпы курстун катышуучуларынын 56 пайызын түздү”, – деп бөлүштү БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.

БАЖБАнын окуу курстарынын угуучуларынын саны, жынысы жана темалар боюнча, адам

Мекеменин директору ошондой эле Академия жыл сайын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндөгү консультанттардын (эксперттердин, мугалимдердин/тренерлердин, адистердин) реестрин, ошондой эле практиктердин ичинен жарандык өнүктүрүү жаатындагы адистерди толуктап жатканын белгиледи. Акыркысы өтө маанилүү,  себеби реестрге киргизилген соң консультанттар мыйзамдардагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен окуу программаларын жаңылап, ыңгайлаштырат, алынган билимдерди иш жүзүндө колдонуу боюнча консультациялык колдоо көрсөтүшөт жана зарыл болгон учурда аналитикалык серептерди жана корутундуларды даярдашат.

Белгилей кетсек, социалдык тармактардагы посттордун алдында квалификацияны жогорулатуу курстарына ыраазы болгондордун пикирлери жана комментарийлери да жаңы угуучуларды тартууга чоң салым кошуп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү алынган билимдерден тышкары, катышуучуларды топтордо иштөө жана акыркы продуктуну (пландарды, программаларды, эсептөөлөрдү ж.б.) иш жүзүндө даярдоо аркылуу интерактивдүү окутууга тартууга, андан кийин презентациялоо теориялык жактан алган билимдерин бекемдөөгө жардам берерин белгилешти.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты суроолорун же сунуштарын дайыма эле туура туюндуруу мүмкүн болбой жатканын, бирок курстан кийин кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын мойнуна алды: “Айылдык кеңештин депутаты катары айылдаштарымдын чогулуштарына жана жыйындарга көп катышам; кеңештин сессияларына же ар кандай коомдук иш-чараларга катышып турам. Биздин регламентибиз, ыйгарым укуктарыбыз жана компетенцияларыбыз боюнча суроолорду көп узатышат. Мындай учурларда тиешелүү билимиң болбосо, баяндамачы катары да бир нерсе деп айтуу кыйын болот. Силердин жергиликтүү кеңештин ишинин уюштуруучулук жана укуктук маселелери боюнча курсуңар көп маселелерге көзүмдү ачкандай болду. Бери дегенде азыр депутат катары да, жөнөкөй жаран катары да өз милдеттеримди билем. Алган билимимди кесиптештерим жана кошуналарым менен бөлүшөм”.

2025-жылдын 24-25-май күндөрү өткөн натыйжалуу байланыш боюнча курстун угуучусу:  “Курс абдан пайдалуу жана кызыктуу болду. Бардык маалыматтар практикага негизделген экен. Биз эл алдында ишенимдүү сүйлөгөндү, ЖМК менен иштегенди, терс пикирлерге реакция жасаганды үйрөндүк. Ар бир тема менин лидер катары өнүгүшүмө салым кошту. Тренерлердин деңгээли жогору болуп, материалдар оңой жана түшүнүктүү жеткирилди”. 

Баткен облусунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Өмүрбек ШЕРАЛИЕВ жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча 3 күндүк курска катышкан. Ал салыктар боюнча бөлүк өзгөчө пайдалуу болгонун белгиледи: “Сиздин курсуңуз мага салыктар боюнча суроолорду берген же кайрылгандардын баарына кантип жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде түшүндүрүп бере аларымды үйрөттү – салыктар кайдан келип, кайда кетип жатканын түшүндүрө алам”. 

“БАЖБАнын курстарында өзүнүн дараметин жогорулатуу менен муниципалдык кызматчылар жана жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн кесипкөй көндүмдөрүн өркүндөтүшүүдө, бул билим кийин аларга жергиликтүү маанидеги маселелерге байланыштуу конкреттүү милдеттерди чечүүгө жардам берип жатат. Биздин Академия кызматташуу үчүн дайыма ачык!” – деп сөзүн жыйынтыктады БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.

 

_____ 

1 БАЖБА – бул Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиясы бар (кошумча кесиптик билим берүү жана кошумча билим берүү), ЖӨБ органдарына консультациялык кызматтарды көрсөтүүчү, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндө эл аралык/жергиликтүү долбоорлорду ишке ашыруучу коммерциялык эмес уюм.

Окшош материалы: