Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИнин пикири: Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясы – бул адам көңүл чордонунда боло тургандай, мамлекеттүүлүктүн укуктук системасынын борбор азиялык брендин түзүүгө чоң салым!

2023-06-22 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары

Автор: Надежда ДОБРЕЦОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, www.dpi.kg, “Муниципалитет” журналынын башкы редактору, www.municipalitet.kg

Бүгүнкүдөй туруксуз, өзгөрүлмө дүйнөдө чакырыктар жана окуялардын күтүүсүз өзгөрүүсү коомчулуктун коопсуздук маселесине карата суроо-талабын күчөтүүдө. Ушундан улам көптөгөн жарандар укуктардын жана эркиндиктердин чектелишине макул болуп, анын ордуна коргоого жана жардам алууга кепилдиктерди күтүшөт. Мындай кырдаалда абдан күчтүү өлкө жана өзүнө ишенген өкмөт гана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кеңейтүү жолуна түшүп, ошол эле учурда улутка көбүрөөк социалдык, укуктук жана экономикалык кепилдиктерди сунуштай алат. Өзбекстандын Конституциясынын жаңы редакциясы мына ушулар тууралуу.

Мен дээрлик чейрек кылымдан бери Кыргызстанда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү менен алектенип келатам. Ошондуктан Баш мыйзамдын редакциясында дал ушул тема менин көңүлүмдү бурганы таң калычтуу эмес. Конституцияда өз алдынча башкарууга берилген аныктаманы кубаттабай коюуга болбойт. Ал төмөнкүдөй: өз алдынча башкаруу – бул жарандардын өз кызыкчылыктарына, өнүгүүнүн тарыхый өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле улуттук жана руханий баалуулуктарга, жергиликтүү үрп-адаттарга жана каада-салттарга таянуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча жана мыйзам чегинде чечүүгө укугу жана анык жөндөмү. Бул аныктама формасы боюнча өз алдынча башкаруунун эл аралык таанылган чечмелөөсүнө жакын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чыныгы маңызына туура келет. Бирок бул аныктаманын батыл жана актуалдуу локалдаштырылышы көзгө урунуп, кубандырып, шыктандырат: “өз кызыкчылыктарына, өнүгүүнүн тарыхый өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле улуттук жана руханий баалуулуктарга, жергиликтүү үрп-адаттарга жана каада-салттарга таянуу менен”. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү жеке тажрыйбам бир нерседен кабар берүүдө: мындай локалдаштыруу, өзүнчөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдө чыныгы ийгилик үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөргө азыркыга чейин жетпей келген чынжыр болуп калууга тийиш. Эгерде башынан эле саясаттын, практиканын жана турмуш-тиричиликтин тканына органикалык түрдө биригип, адамдарга жакын жана түшүнүктүү болгон өзүнүн, локалдаштырылган өз алдынча башкаруунун моделин түзө баштаса, анда өз алдынча башкаруу бийликтин жоопкерчилигин жарандар менен бөлүшүү, ресурстарды оптималдуу пайдалануу, жакырчылыкты тезирээк кыскартуу жана бакубатчылыкты жогорулатуу, ал тургай мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу түрүндө мол түшүм берет. Конституцияда өз алдынча башкаруунун пайда болушу менен Өзбекстанда чөлкөмдөгү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбаларын жалпылоого, аларды регионалдык контекстке интеграциялоого, коңшулардын каталарын кетирбөөгө жана ийгиликтерин пайдаланууга реалдуу мүмкүнчүлүк пайда болот. Муну менен Өзбекстан өз алдынча башкаруунун ыңгайлаштырылган чөлкөмдүк моделин түзө алат.

Баш мыйзамдын башка көптөгөн новеллалары да күчтүү оң маанайдагы жоопторду жаратууда. Алар: өлүм жазасына жана кыйноолорго тыюу салуу,  жеке маалыматтарды коргоо, турак жайга болгон укукту реалдуу коргоо, жарандардын Интернетке кирүү укугу, минималдуу эмгек акынын жетиштүүлүгүнүн кепилдиги, аялдардын укуктарын коргоо, эс алууга укуктар, айтор тизме таасирлендирбей койбойт. Бул жөн гана укуктук редакция эмес, бул бийликтин өзүн биринчи орунга коюп баалоодон жаранды баалай баштаганына, адам көңүл чордонунда боло тургандай мамлекеттик философияга өткөн тарыхый учур.

Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин алдында чоң иштер турат. Конституциянын жаңы редакциясы мыйзамдардын бүтүндөй массивин өзгөртүүгө алып келет, себеби киргизилип жаткан жаңы ченемдер жана шарттар аткаруу бийлигинин системасын үзгүлтүккө учуратпастан, жарандардын пайдасына шайкеш келип, үндөшүүгө тийиш. Мыйзамдын тамгасын өзгөртүүдөн тышкары, өлкөнүн негизги мыйзамынын жаңы рухунун алкагында мамлекеттик кызматчылар баш-оту менен толук өзгөрүшү керек. Өзбекстан жаңы Конституциянын тили менен адамдын бакубатчылыгын жана кызыкчылыктарын мамлекеттик башкаруунун максаттарынын чордонуна коюп жатат. Ошентип, биргелешкен аракеттер менен гана: Баш мыйзамдын жаңы редакциясына добуш бере турган элдин; андан кийин мыйзамдарды реформалоого кирише турган Олий Мажилистин; жарандын кызыкчылыгы үчүн башкаруу тажрыйбасын өзгөртүп, жакшырта турган аткаруу бийлигинин күч-аракети менен Конституциянын жаңы редакциясы өлкөнүн ар бир жаранынын жашоосуна оң таасирин тийгизет.

Борбордук Азиянын башка өлкөлөрү үчүн ири коңшу державанын Конституциясынын жаңы редакциясы – бул жөн гана укуктук талааны өзгөртүү эмес. Бул демек, чөлкөмдө адам чордондо турган жана мамлекеттүүлүктүн укуктук системасынын борбор азиялык өз модели, өз бренди калыптанып жаткандыгынын ачык белгиси. Албетте, биздин өлкөлөрдүн өз тарыхы, тагдыры, каада-салттары жана ресурстары бар, башкаруу эрежелери жана практикасы боюнча айырмаланат, бирок ошону менен бирге чөлкөмдөгү тагдыры-быз, маданий коддорубуз бир жана жалпы көйгөй-лөрүбүз бар. Ал эми бул көйгөйлөрдүн жалпы маданий-тарыхый, жаратылыш-географиялык, структуралык жана климаттык тамыры жана код-дору бар. Эми чөлкөмдөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн конституцияларында чагылдырыла турган адам чордондо болгон бирдиктүү мамлекеттик филосо-фиясы башкаруу саясатын жана практикасын жакындаштырууга, чөлкөмдөгү биримдикти бекемдөөгө, кошуна өлкөлөрдүн коомчулугунун аң-сезимин өзгөртүүгө жана биздин аймакта биринде бар, башкасында аз болгон ресурстарды биргелешип натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууга өбөлгө түзөт.

Алдыда боло турган референдум өзүнө болгон ишенимди жана бышып-жетилгенин баалай турган сынак болоорунан, Өзбекстан бул сынакты “мыкты” деген баага тапшыраарынан шек санабайбыз!

Окшош материалы: