Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Мыйзам жаӊылыктары
Билим берүү тууралуу
Нурдин КҮМҮШБЕКОВ, Өнүктүрүү саясат институтунуну координатору, юрист
2023-жылдын 18-августунда “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирди. Мыйзам билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин, ошондой эле Кыргыз Республикасында билим берүү ишинин укуктук, социалдык-экономикалык, уюштуруучулук негиздерин белгилейт.
Адамдын сапаттуу билим алуу укугун кепилдөө, жалпы адамзаттык жана улуттук баалуулуктарды тааныган инсанды ар тараптуу өнүктүрүү, ар бир адамга коомдун пайдалуу, кесиптерди эркин тандоо аркылуу эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү мүчөсү болуу мүмкүнчүлүгүн берүү Мыйзамдын максаты болуп саналат.
Мыйзам ЖӨБ органдары үчүн да маанилүү болгон бир катар жаңылыктарды камтыйт.
Билим берүүнүн деңгээлдеринин тизмеси жаңы – кошумча билим берүү менен толукталды: 1) мектепке чейинки билим берүү; 2) жалпы (башталгыч, негизги жана орто) билим берүү; 3) кесиптик (башталгыч, орто, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки) билим берүү; жаңы деңгээл – 4) кошумча билим берүү (балдарды, чоңдорду жана кошумча кесиптик билим берүү). Мында билим берүүнүн деңгээлдери формалдуу жана формалдуу эмес билим берүү болуп бөлүнөт. Формалдуу эмес билим берүүнү киргизүү чоң жаңылык болуп саналат жана бул болсо мындан ары окутуу формаларынын көп жана ар түрдүүлүгүнө, жарандын билим алуу муктаждыктарына ыкчам жооп кайтаруу жөндөмүнө негизделген формалдуу билим берүүнүн алкагынан тышкары билим берүү иши билим берүү (формалдуу эмес) деп тааныла тургандыгын билдирет. Жөнөкөй мисал: өз алдынча билим алуу мындан ары билим катары таанылат жана резюмеде көрсөтүлсө болот.
Кыргыз Республикасында билим берүүнүн бардык деңгээлдерине мамлекеттик билим берүүнүн стандарттары белгиленген: мектепке чейинки билим берүү, жалпы башталгыч, жалпы негизги, жалпы орто билим берүү, кесиптик башталгыч жана кесиптик орто билим берүү, жогорку кесиптик билим берүү.
Лицензиялар жокко чыгарылды. Мындан ары менчигинин түрүнө карабастан мектепке чейинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашырган билим берүү уюмдарынын билим берүү иши лицензиялоого жатпайт. Бирок бул тизмеге автомектептер кирбейт, алар мурдагыдай эле билим берүү ишмердигине лицензия алышы керек, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү тобокелдиги менен байланышкан кошумча билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө да лицензия алынышы керек. Алардын түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
Бала бакчалар үчүн лицензиялар жокко чыгарылды. Мыйзамда мектепке чейинки билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча билим берүү иши билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилген кабарламанын негизинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленген. Лицензиялар эми талап кылынбайт.
Ыктыярдуу аккредитациялоону киргизүү. Билим берүү уюмдарын аккредитациялоо эми ыктыярдуу негизде, таанылган аккредитациялык агенттиктерде жүзөгө ашырылат. Бирок аккредитациялоонун ыктыярдуу принциби орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына жайылтылбайт, алар үчүн аккредитация милдеттүү талап бойдон кала берүүдө.
Ваучердик каржылоо механизми. Мыйзамда каржылоонун жаңы ваучердик механизми – мамлекеттик каржылоонун ыкмасы сүрөттөлөт, мында республикалык бюджетте каралган бюджеттик каражаттар менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарына окугандарды кошо ээрчийт. Бул, мисалы, бала бир бала бакчадан экинчисине өткөндө, мамлекеттик каржылоонун ваучери же жергиликтүү бюджеттен каржылоонун суммасы бала менен кошо жаңы бала бакчага өтөт дегенди билдирет.
Жаңы түшүнүктөр. Мыйзам бир катар жаңы түшүнүктөрдү киргизди, анын ичинде 34-беренеде жумуш ордунда окутуу каралган. Мында жумуш ордунда окутуу кош окутуу, практика, стажировка жана шакирттик аркылуу, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен практикалык жана тарбиялык мүнөздөгү башка иш-чаралар аркылуу ишке ашырылат деп айтылат. Кош окутуу окуп жаткандардын зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү алуусу аркылуу жүзөгө ашырылат, анын теориялык бөлүгү билим берүү уюмунда, ал эми практикалык бөлүгү – окуп жаткандын жумуш ордунда жүзөгө ашырылат. Ошондой эле маалыматтык билим берүүнүн, реабилитациялоонун/абилитациялоонун ж.б. аныктамалары киргизилди.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктары. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
- 1) муниципалдык билим берүү уюмдарын түзүү;
- 2) муниципалдык билим берүү уюмдарында билим берүү кызматтарын көрсөтүүгө көмөктөшүү;
- 3) муниципалдык билим берүү уюмдарын каржылоо жана материалдык-техникалык жактан жабдуу;
- 4) мектепке чейинки, башталгыч жалпы, негизги жалпы жана орто жалпы билим берүү программалары боюнча окутулууга тийиш болгон балдардын эсебин алуу;
- 5) жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан кошумча каржылоо берүү, жөндөмдүү окуучуларды, билимге өзгөчө муктаж жактарды, турмуштук оор кырдаалда турган жактарды колдоо, башка чараларды көрүү;
- 6) балдарды жалпы билим берүү уюмдарына жеткирүүнү уюштуруу;
- 7) мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда тамактанууну уюштуруу;
- 8) жалпы билим берүү уюмдарына жер үлүштөрүн бөлүп берүү;
- 9) жаштарды кесиптик даярдоого көмөктөшүү жана бул маселелерди координациялоо;
- 10) ушул Мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
Мыйзамдын 28-беренеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү уюмдарда окуп жаткандардын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыраарын аныктайт. Мында ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр), ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү кеңештердин чечиминин негизинде жалпы билим берүү уюмдарында жалпы башталгыч билим берүүдө окуп жаткандардын тамактануусун кошо каржылоого укуктуу.
Мыйзамдын 42-беренеси ЖӨБ органдарын билим берүү кызматтарын көрсөткөн юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле ата-энелер менен катар окуучулардын ден соолугун коргоого жана чыңдоого кепилдик берүүчү шарттарды түзүүчү жактардын катарына кошкон.
Белгилей кетүүчү нерсе, билим берүү чөйрөсүндөгү айрым маселелер боюнча жоопкерчиликтин “бүдөмүктүгү” кайрадан байкалууда, мында мыйзамдын беренеси бир эле учурда мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын жана башка адамдардын жоопкерчилигин караштырат. Тактап айтканда, мындай жагдай профилактикалык медициналык жардамдын ишин уюштурууга карата байкалат.
Жаңы мыйзамдын кабыл алынышына байланыштуу “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө”, “Билим берүү жөнүндө”, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө”, “Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдары күчүн жоготту.
Окшош материалы:
-
№5 (151) / 2024-06-08 Транспорт каражатын ижарага берүүнүн типтүү келишими
-
№5 (151) / 2024-06-08 Келишимдик мамилелер жергиликтүү маанидеги маселелерди ишке ашыруунун аспабы катары
-
№5 (151) / 2024-06-08 Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын ишин уюштуруу маселелери жөнгө салынды
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу тууралуу
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Аксакалдар соту тууралуу
-
№2 (148) / 2024-02-13 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Иш-аракеттердин улуттук планы тууралуу
-
№2 (148) / 2024-02-13 ЖӨБ органдарынын тарыхый-маданий мурастар чөйрөсүндөгү жаңы милдеттери тууралуу
-
№2 (148) / 2024-02-13 Административдик-аймактык реформа тууралуу