Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы: “Мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө көбүрөөк координацияланган колдоого ээ болушат”

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
“Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясы: “Мамлекет жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө көбүрөөк координацияланган колдоого ээ болушат”

Жаңылыктар түрмөгү Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА тарабынан даярдалды

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндөгү алдыңкы үч уюм “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясына (мындан ары – Коалиция) биригишип, мамлекеттик органдардан, эл аралык уюмдардан жана башка кызыкдар тараптардан өнөктөштөрдү кызматташууга чакырышты.

Коалицияны Өнүктүрүү саясат институту, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы түзгөн. Коалиция жергиликтүү жамааттардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндөгү реформаларды колдоо максатын көздөйт. “Жалпысынан мамлекет сыяктуу эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу да 2000-жылдардын башынан бери глобалдык жана чөлкөмдүк мүнөздөгү бир катар көйгөйлөргө туш болду. ЖӨБ пандемия, тышкы саясаттагы туруксуздук, ички тирештер, климаттын өзгөрүшү, энергетикалык кризис жана башка көйгөйлөрдү башынан өткөрдү. Адамдардын коопсуздугун, өнүгүү үчүн шарттарды, татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуусу үчүн бийликтен ыкчам жана координацияланган күч-аракеттерди талап кылган жарандар барган сайын көптү үмтөтүп жатканы айкын болууда. Ушундан улам башкаруу системасы мындай үмүттөрдү акташы үчүн бекем колдоого муктаж. Коалиция ушундай муктаждыкка жооп катары түзүлдү, биз биргелешкен аракеттер менен жергиликтүү өз алдынча башкарууга кыйла координацияланган жана иштиктүү колдоо көрсөтүүгө жөндөмдүүбүз”, – деди ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ.

Коалиция ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга колдоо көрсөткөн ар кандай тараптардын күч-аракеттерин координациялоону өзүнүн эң маанилүү милдети деп эсептейт. Ушундан улам 26-сентябрда Бишкекте өткөн Координациялык кеңештин жыйыны Коалициянын алгачкы коомдук иш-чарасы болуп калды. 2023-2026-жылдарга Коалициянын программасын талкуулап жатып, иш-чаранын катышуучулары жергиликтүү өнүктүрүү чөйрөсүндөгү өнөктөштөрдүн ишинин негизги багыттарын актуалдуу темалар менен толуктап чыгышты. Бул темалардын катарында жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин көбөйтүү, жергиликтүү өнүгүүнү пландаштырууну жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүү, муниципалдык башкарууну санариптик трансформациялоо өңдүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу үчүн башка көйгөйлүү маселелер бар.

КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Мурат БАЙДЫЛДАЕВ белгилегендей, Коалицияны формалдуу түзүү жана анын программасын иштеп чыгуу ЖӨБдү өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик эмес өнөктөштөрдүн мамлекеттик органдар менен өз ара байланышынын де-факто натыйжалуу системасынын уландысы болуп калды: “Ондогон жылдар бою жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар ЖӨБ Союзу жана Өнүктүрүү саясат институту, ошондой эле башка өнөктөштөр менен натыйжалуу түрдө эриш-аркак иштешип келатат. Биргелешкен күч-аракеттер жана ишти координациялоо көбүрөөк жыйынтыктарды алып келип, мамлекеттик ресурстарды үнөмдөп жатат. Мисалы, муниципалдык кызматчылардын ведомстволук багыт боюнча квалификациясын жогорулатуу багытындагы борбордун жоктугунан улам Мамагенттик (ал кезде – ЖӨБЭММА) Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясын түзүүгө жигердүү катышкан. Учурда Академия бул функцияны ийгиликтүү аткарып жатат, ошол эле маалда мамлекет бюджеттен бир сом да короткон эмес”.

Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА координациялоо жана биргелешкен аракеттер көбүрөөк жыйынтыкка алып келерин белгиледи: “ЖӨБ Союзу менен биргеликте биз ЖӨБдү жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүнүн көптөгөн актуалдуу маселелери боюнча мамлекеттик органдарга жардам берип келатабыз. Коалицияны расмий түрдө түзүү менен биз Швейцария Өкмөтүнөн бирикменин ишмердигине финансылык колдоо алдык, бул болсо ушул жардамдын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Коалициянын өнөктөштөрү бул жардам өзгөчө маанилүү болгон маселелер боюнча башкаруу системасына мындан ары да жардам беришет, бирок Коалиция муниципалдык башкарууну, кызмат көрсөтүүлөрдү, жамааттарды өнүктүрүүнү жакшыртуу процессинде башкаруу органдарын (улуттук жана жергиликтүү) да, жарандык жигердүүлүктү да колдой бермекчи”.

Коалициядагы ар бир өнөктөштүн өзүнүн ролу бар, ар бири өзүнүн адистигине жараша уникалдуу салым кошуп жатат. Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА Академия кеңири маанисинде жергиликтүү өнүгүү, билимдерди башкаруу борборунун ролун аткарып жатканын белгиледи: “Академия жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык башкаруу боюнча билимдерди жана тажрыйбаларды топтоп, андан ары жайылтуу максатында түзүлгөн. Академия муниципалдык кызматчылар үчүн ведомстволук квалификацияны жогорулатуу системасын түзүүгө, ЖӨБ органдарынын жетекчилерин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана жергиликтүү жамааттардын активисттерин окутууга күч-аракетин багыттап жатат. Квалификацияны жогорулатуу курстарынан тышкары, биз билимди башкаруунун ар кандай ийкемдүү форматтарын сунуштадык. Алар: “Теңден теңге” тажрыйба алмашуу платформасы, жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча консультанттардын тармагы, Аял депутаттардын клубу, “Муниципалитет” журналы. Биздин кызмат көрсөтүүлөрүбүздү ЖӨБ органдарынын жана жергиликтүү жамааттардын миңдеген өкүлдөрү пайдаланып жатышат жана алардын катары калыңдоодо”.

Коалиция Координациялык кеңештин жыйынынын катышуучуларына болочоктогу жолугушуулар үчүн темаларды, тараптардын кеңири чөйрөсүнүн катышуусун жана жигердүү координациялоону талап кылган көйгөйлөрдү жана маселелерди биргелешип аныктап алууну сунуштады. Мисалы, катуу тиричилик калдыктарын башкаруу чөйрөсүндөгү жаңы мыйзамдар, жергиликтүү жамааттарды климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо, чөлкөмдөгү жана жергиликтүү контекстти эске алуу менен аялдарды колдоону трансформациялоо, административдик-аймактык реформанын шарттарында муниципалдык кызматты кесипкөйлөштүрүү жана башка темалар сунушталды. Коалициянын Координациялык кеңешинин кийинки жыйыны 2024-жылдын жаз мезгилине белгиленди.

 

Окшош материалы: