Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутууну каржылоо: БАЖБА жана өнөктөштөр чечим издешүүдө

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештин депутаттарын окутууну каржылоо: БАЖБА жана өнөктөштөр чечим издешүүдө

Жаңылыктар түрмөгү Асел АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА тарабынан даярдалды

Административдик-аймактык реформа муниципалдык кызматчылардын алдына жаңы милдеттерди коюп жатат. Кыргызстандын мыйзамдары кызматчыларды окутууга жана квалификациясын жогорулатууга шарт түзүп бергени менен, башка маселелер кала берүүдө. Бирок эң чоң суроо жергиликтүү кеңештердин депутаттарына байланыштуу келип чыгууда – алардын саны өлкөдө 8 722 адамды түзөт. Тилекке каршы, жер-жерлерде эл өкүлдөрүн окутуу жана квалификациясын жогорулатуу механизми жок. Жамааттардагы жашоонун сапаты көп учурда депутаттардын билим деңгээлине көз каранды болот, себеби алар бюджетти, өнүктүрүү программасын кабыл алышат, тарифтерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү бекитишет, дагы башка иштерди жасашат. Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы көйгөйдү чечүүнүн варианттарын талкуулоо максатында 27-октябрда Бишкекте тегерек стол өткөрдү. Талкууга мамлекеттик органдардын, ЖӨБ органдарынын, эл аралык уюмдардын, ЖОЖдордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) маселелери боюнча биз өткөрүп жаткан курстар муниципалдык кызматчылардын гана эмес, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын да квалификациясын туруктуу негизде жогорулатып турууга ЖӨБ органдары муктаж экенин тастыктап жатат, себеби алар жергиликтүү маанидеги маселелерге тиешелүү башкаруучулук чечимдерди кабыл алып турушат эмеспи. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында муниципалдык кызматчылардын ведомстволук багыт боюнча квалификациясын жогорулатуу системасы эми гана калыптанып келаткандыктан, иштин жүрүшүндө биз ченемдик укуктук актылардагы көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди аныктай алдык. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын же потенциалын жогорулатуу боюнча конкреттүү ченем жок, ошондуктан депутаттар өз каражаттарынын эсебинен билим алууга мажбур болушууда. Ал эми мындай мүмкүнчүлүк бардык эле депутаттарда боло бербейт, анын үстүнө депутаттар коомдук башталышта иштешет эмеспи”, – деди БАЖБАнын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, ал жергиликтүү депутаттар үчүн окутууну каржылоо механизмин түзүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо үчүн КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигине, КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына жана башка тиешелүү ведомстволорго жөнөтүлдү. Бирок ошону менен бирге талкуунун катышуучулары башка маселелерди да козгошту, анын ичинде ЖӨБдүн ар бир органында муниципалдык кызматчыларды окутуу программаларынын болушу зарылдыгы жөнүндө маселени көтөрүштү. Маселе административдик-аймактык реформага байланыштуу күн тартибине чыкты, себеби бул реформанын натыйжасында бир көрүнүш айкын болду: бүгүнкү күндө ири муниципалитеттерде ЖӨБ органдарында иштеген көп сандагы “универсалдуу кызматкерлердин” ордуна кыйла квалификациялуу жана кууш адистиктеги кызматкерлер керек болуп турат.

Мыйзамдардагы тез-тез өзгөрүүлөр, муниципалитеттерде кадрлардын бир орунда кармалбаганы, каржылоону жана негизги билимди камсыз кылбастан эле ЖӨБ органдарына улам жаңы функцияларды жана милдеттенмелерди жүктөй берүү алардын квалификациясын туруктуу негизде жогорулатууга болгон муктаждыгын көбөйтүүдө. Бул чөйрөдөгү керектөөлөр менен таанышып чыгып, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) муниципалдык кызматчылардын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын квалификациясын жогорулатуу боюнча бир нече программаны даярдап чыкты. Академия ушул жылдын июнь айынан баштап жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, шаарлардын мэрияларынын жана айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлерин үзгүлтүксүз окута баштады. Бүгүнкү күндө акы төлөп, 1300гө жакын адам квалификациясын жогорулата алды, алардын ичинде муниципалдык кызматчылар, ошондой эле жергиликтүү кеңештердин депутаттары жана жергиликтүү активисттер бар.

Иш-чара Швейцария Өкмөтүнүн колдоосу менен “КРда жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү[1].

 


[1] “Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясынын программасын Өнүктүрүү саясат институту, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы түзгөн. Коалиция жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү өнүгүү чөйрөсүндө жергиликтүү жамааттардын турмуш шартын жакшыртууга багытталган реформаларды колдоо максатын көздөйт жана Швейцариянын финансылык көмөгү менен ишке ашырылууда.

 

Окшош материалы: