Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Долбоордун өнөктөштөрү Аймактар форуму-2023тө тажрыйбасы жана мыкты практикасы менен бөлүшүштү

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Долбоордун өнөктөштөрү Аймактар форуму-2023тө тажрыйбасы жана мыкты практикасы менен бөлүшүштү

Бакыт АЙТКУЛОВ, 3-компоненттин координатору, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору

ЖӨБ органдары үчүн жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана жергиликтүү деңгээлде жарандардын жашоо шарттарын жакшыртуу (анын ичинде таза суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу, аларды ташып чыгаруу жана жок кылуу кызмат көрсөтүүлөрүн уюштуруу, спорттук, ийримдик иш-чаралар, жаштар менен иштөө, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр ж.б.) чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча жылдык жыйынтыктоочу иш-чараларды өткөрүү USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жакшы салтына айланып калды. 2023-жылдын сентябрь айында Бишкекте жогоруда саналган маселелерге арналган кезектеги “Аймактар форуму-2023” өттү.

Иш-чаранын максаттары: “жарандардын кызыкчылыгында кызмат көрсөтүү” ыкмасын колдонууда алдыңкы тажрыйбаны жайылтуу, тажрыйбадан алынган тыянактарды жана сабактарды иш жүзүндө бөлүшүү, ошондой эле байланыштарды жөнгө салуу, ЖӨБдү окутуу жана кызыкчылыктарын кеңейтүү, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору колдоого алган улуттук саясий диалогдун жана билимдерди жайылтуу платформаларынын натыйжалуулугун көрсөтүү, долбоордун жыйынтыктарын жана өлкөнүн эли үчүн анын жардамынын маанилүүлүгүн таануу болду.

 Форум 150 катышуучунун башын бириктирди. Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан жана Министрлер Кабинетинен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен, Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиядан, ыйгарым укуктуу тармактык жана аймактык мамлекеттик органдардан өкүлдөр (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги), Кыргыз Республикасынын Президентинин максаттуу облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Форумга жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары-максаттуу райондордун акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын башчылары – Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарынын айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары, ЖМКлар, эл аралык уюмдардын жана өнөктөш коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун катышуучуларынын алдында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен МАМАТАЛИЕВ өлкө үчүн пайдалуу жана натыйжалуу долбоорлорду колдоп келаткандыгы үчүн USAIDдин Кыргызстандагы Миссиясына ыраазычылык билдирди.

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк өнөктөштөргө ыраазычылык билдирем”, – деди Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жетиген БАКИРОВ.

Форумга ардактуу конок катары АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли ВИГЕРИ мырза жана КР БШКнын төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА катышып, салтанаттуу маанайда форумдун катышуучуларына эстелик белектерди жана сыйлыктарды тапшырышты. Лесли ВИГЕРИ мырза форумдун жүрүшүндө катышуучулар бөлүшкөн биргелешкен аракеттердин жана идеялардын жыйынтыктары өнөктөш муниципалитеттер менен гана чектелбестигин белгиледи. “Биз алган сабактар жана биз бөлүшкөн башкаруу ыкмалары жашоону, коомду өзгөртүүгө жана улуттук деңгээлде туруктуу өзгөрүүлөрдү жаратууга жөндөмдүү”, – деди ал.

Мамлекеттик бийликтин жогорку бутагынын өкүлдөрүнүн жана ардактуу меймандардын катышуусу иш-чарага өзгөчө маанини жана макамды берди, себеби алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана өнүктүрүүгө багытталган иштердин маанилүүлүгүн баса белгилей алышты.

Максаттуу муниципалитеттерден келген Форумдун катышуучулары бул сүрөт көргөзмөдөн өздөрүн жана жердештерин да таба алышты.

Форумдун катышуучулары Кыргызстандагы ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүсүндө жаңы ыкмаларды жайылтуу боюнча иштин экинчи жылындагы жетишкендиктер менен тааныша алышты. Бул жетишкендиктер USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорун ишке ашыруунун алкагында мүмкүн болду. Конкреттүү муниципалитеттердин ишине арналган видеобаяндар да көрсөтүлдү: Жалал-Абад облусунун максаттуу Акман айыл өкмөтүндө элди ичүүчү суу менен камсыздоо кызмат көрсөтүүсүн уюштуруу жана Ысык-Көл облусунун Абдрахманов айыл өкмөтүндө балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу кызмат көрсөтүүсү. Бул ЖӨБ органдары элди чечимдерди кабыл алуу процессине коомдук бюджеттик угуулар жана тарифтердин өлчөмдөрүн талкуулоо, ошондой эле кызмат көрсөтүүгө мониторинг жүргүзүү процесси аркылуу тарта алышты.

Иш-чаранын катышуучулары Лидерлик платформасынын – Аял депутаттар клубунун ишинин жыйынтыктары жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга жана ага арналган видеоролик менен тааныша алышты. Клубдун катышуучулары – конкурстун жеңүүчүлөрү үчүн грамота жана баалуу байгелерди салтанаттуу түрдө тапшыруу жагымдуу окуя болуп калды.

Форумдун жүрүшүндө коомдук кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун, ЖӨБдү Өнүктүрүү Программасынын долбоорун, Бюджеттер аралык мамилелердин Концепциясын иштеп чыгуунун жана сүрөөнүн жыйынтыктары сыяктуу USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору тикелей катышкан мыйзам чыгаруу демилгелери тууралуу маалымат берилди. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү негизги баяндамачылар болушту.

“Интернет-саясаттын жарандык демилгелери” өнөктөш уюмунун өкүлү Ош облусундагы ЖӨБ органдарынын кызмат көрсөтүүлөрүн санариптештирүүнүн жыйынтыктары менен тааныштырды. Бул уюм USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу процессине биллингди киргизүүгө көмөктөшкөн.

Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучулар арасында блиц-сурамжылоо уюштурулду, анын жыйынтыктары репрезентативдик изилдөөгө кирбейт, бирок ошентсе да жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү процесстерге карата муниципалдык активдердин бир бөлүгүнүн маанайы жана мамилеси жөнүндө түшүнүк бере алат. Алсак, форумдун катышуучуларынын төрттөн үч бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө сөз болгондо пайда болгон эмоцияларды позитивдүү деп баалашты. Иш-чаранын ар бир бешинчи катышуучусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу айтканда шыктануу сезими жаралаарын белгилешти. 2023-2027-жылдарга Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын форумда сунушталган долбооруна карата суроого респонденттердин басымдуу көпчүлүгү – 94% “Программанын чаралары калктын жашоо сапатына оң таасирин тийгизет” деп жооп беришкен. “Аймактар форумунун” дээрлик бардык катышуучулары (95,2%) ЖӨБ органдарынын натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү зарыл экендигине макул болушту, ошол эле учурда респонденттердин 92,8% ЖӨБ органдарын баалоого коомчулукту да тартуу зарыл деген ишенимде турушат.

Сурамжылоонун жыйынтыктары дагы бир нерсеге ынандырууда: келечекте ЖӨБ системасынын ийгиликтүү өнүгүшүнө ишенимди пайда кылууда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын системасынын натыйжалуулугу бүтүндөй өлкөнүн өсүшүнүн жана прогрессинин, жарандардын жашоо деңгээлинин жана ЖӨБ органдарына да, жалпысынан эле бийликке да болгон ишенимди жогорулатуунун кепили болуп берет.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору да өнүгүүгө өз салымын кошууда. Өнүктүрүү саясат институту аткарып жаткан долбоор 38 пилоттук муниципалитет менен түздөн-түз иштешүүдө. Бул муниципалитеттерде долбоордун ишинин натыйжасында Кыргыз Республикасынын 132 000ден ашуун жаранынын жашоо шарттары оңолду.

 

Окшош материалы: