Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарына консультациялык жардам финансылык колдоого караганда алда канча натыйжалуу болот

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
ЖӨБ органдарына консультациялык жардам финансылык колдоого караганда алда канча натыйжалуу болот

Асел АКМАТАЛИЕВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси

Айылдарда жылдап чечилбей келе жаткан социалдык көйгөйлөр жетиштүү болгону эч кимге жашыруун эмес. Тургундардын жашоо шартын оңдоп алуу үчүн бюджети тартыш болгон айылдар өзгөчө кыйналышууда. Мындай муниципалитеттер үчүн өкмөттүк эмес уюмдардын жана долбоорлордун, мисалы, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жардамы өзгөчө актуалдуу болуп турат. Бул долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жогору турган органдардан жардам күтпөстөн, колдо болгон ресурстарга таянып, өздөрү чечим табууга жардам берип келатат.

 

Ананьеводо жергиликтүү бийлик таза суу тартыштыгы көйгөйүн калк менен биргеликте чече алды

Ысык-Көл облусунун Ананьево айылдык аймагында 12 миң адам жашайт, алардын арасында 25 улуттун өкүлдөрү бар. XXI кылымда жашап жатканыбызга карабастан, таза суунун тартыштыгы ушул күнгө чейин курч маселе болуп келген. Суу күнүнө 1-3 саатка гана берилип, жергиликтүү тургундардын нааразычылыгына себепчи болчу. Айыл өкмөтү бул көйгөйдү эл менен биргеликте чече алды: “Биз көчөлөрдү кыдырып чыгып, керектүү көлөмдөгү сууну көтөрүү үчүн кубаттуулугу жетишпей жаткан насостук станцияны жаңыртып алууга каражат жок экенин түшүндүрдүк. Суу үчүн тарифти көтөрүү зарылчылыгы пайда болду. Тарифтин баасын негиздеп бергенде эл суу үчүн көбүрөөк төлөй баштады. Ошентип, азыр үйлөргө таза суу эртең мененки саат 7ден кечки 7ге чейин келип турат. Мында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун эксперттеринин консультациялык жардамы чоң роль ойноду, алар бизге тарифти кантип эсептеш керектигин, калк менен кантип сүйлөшсө болоорун үйрөтүштү”, – деди Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысы Бактыбек БАЙГАЗАКОВ.

Ананьево муниципалитети эки жыл мурун USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өнөктөшү болгон. Бул убакыттын ичинде адамдар биргелешкен күч-аракеттердин пайдасын көрүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катыша башташты. Биринчи кезекте чечилиши керек болгон маселелерди жергиликтүү тургундар өздөрү көтөрүп чыкканы маанилүү. “Биз экинчи жыл катары менен бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүп жатабыз. Дал ушундай чогулуштарда тургундар өздөрүнүн көйгөйлөрү жана каалоолору менен бөлүшүп турушат. Кээде жергиликтүү кеңештин депутаттары менен бюджетти бекитебиз. Бирок депутаттар элге эмне керек экенин дайыма эле биле беришпейт экен. Мисалы, биз алгач жолду оңдоп алыш керек десек, аялдар бала бакча ачууну сунуш кылышы мүмкүн, себеби энелер иштей алса, салыктан түшкөн акча да көбөйөт. Ошондуктан, маселелерди чечүүдө жарандардан түшкөн сунуштарга басым жасоо абдан маанилүү”, – деп кошумчалады Бактыбек БАЙГАЗАКОВ.

Бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары социалдык жактан аярлуу үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүдө жеке жактар менен жигердүү кызматташууда. Айылда балдар үчүн реабилитациялык борбор ачылды, анда алар психологиялык жардамдан тышкары, кесиптик билим да ала алышат. Мисалы, чач тарач, ашпозчу ж.б. кесибин өздөштүрө алышат. Мындан тышкары, айыл өкмөтү калк арасында ирригациялык системаны тазалоо боюнча жигердүү иш алып барууда.

 

Арстанбап айылдык аймагында муниципалдык-жеке өнөктөштүктүн жардамы менен муниципалдык базар ачылды

Жалал-Абад облусунун Арстанбап айылдык аймагынын өз кирешеси аз жана муниципалитет негизинен мамлекеттин дотациясынан көз каранды.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жардамы менен жаңы айыл өкмөт башчысы өнүгүүнүн альтернативалык жолдорун – аутсорсингди жана муниципалдык-жеке өнөктөштүктү колдоно баштады: “Бизде аянты 1 гектар болгон жер тилкеси бар. Жер саздуу болчу, бирок дренаждык системаны куруп, биз сазды кургатып чыктык. Дем берүүчү гранттын эсебинен участокту тегиздеп, жолдорду курдук; муниципалдык базардын курулушуна тендер жарыяладык. Азыр тендердин жеңүүчүсү – жеке адам базарды куруп жатат. Муну менен биз бир нече маселени чечип жатабыз. Биринчиден, жумуш орундарын түзүп, туш келди жерде соода кылуу көрүнүшүн азайтуудабыз. Экинчиден, жергиликтүү бюджет үчүн кошумча киреше булагы пайда болууда”, – деди Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы Икрамжон ЧОЛПОНБАЕВ.

Ошондой эле муниципалитет коңшу аймактар менен муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу боюнча олуттуу жыйынтыктарга жетишти, анын натыйжасында катуу тиричилик калдыктары үчүн жаңы полигон ачылды.

“Биз коңшу Момун айылы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койдук. Биз алардын жерин катуу тиричилик таштандылары үчүн полигон катары колдонобуз, ал эми мунун ордуна кошуналарыбызды таза суу менен камсыздап турмакчыбыз. Юридикалык жана консультациялык жардам көрсөтүү менен процессти башынан аягына чейин коштоп келген USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун консультанттарына ыраазычылыгымды билдирем”, – деп баса белгиледи Икрамжон ЧОЛПОНБАЕВ.

 

Билимдүү миңдеген каршылаштарын жеңет

Кыргыз элинде “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген макал бар. Анын сыңары USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун максаты муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө билим берүүгө багытталган. Долбоордун алкагында консультациялык жардам өлкө боюнча 38 муниципалитетке көрсөтүлүп келатат. Колдо болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен адам ресурстарын өнүктүрүү долбоордун башкы максаты болуп саналат.

“Кыргызстандын айылдарынын биринде мындай бир окуя болгон эле: айыл өкмөтү гранттык акчага жаңы спорт залын курган. Бирок техникалык персоналды кармоого, кайтарууга каражат жетишпегендиктен объект бир нече жыл бою жабык турган эле. Биздин консультанттардын жардамы менен айыл өкмөт башчысы билим алып, анын жардамы менен залды башкарууга аутсорсинг механизмин киргизип, жеке адамдар менен кызматташа баштаган. Натыйжада ишкерлер объектиде тиешелүү тарифтер боюнча спорттук ийримдерди жана секцияларды ачышкан. Айыл өкмөтү тендер өткөрүп берди, ал эми калган иштерди конкурста уткан адамдар жасаган. Эми жергиликтүү тургундар спорт менен машыгып жатышат, ал эми жергиликтүү бюджетте кошумча киреше булагы пайда болду”, – деди USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун жетекчисинин орун басары Улара НАРУСБАЕВА.

Жардамдын түрү ар кандай болот: финансылык, материалдык, техникалык, окутуучу жана консультациялык. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору өнүгүүнү каалаган жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн окутууга жана консультациялык жардамга басым жасайт. ЖӨБ органдарынын көптөгөн өкүлдөрү жакшы билим базасына ээ болсоң, аймак чоң шаарлардан канчалык алыс болбосун, бакубатчылыктын жана гүлдөп-өсүүнүн үрөнүн себүүгө болорун баамдап калышты.

 

Окшош материалы: