Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ат-Башы районунун инвестициялык форумунун жыйынтыгы: жалпы суммасы 3 млрд 538 млн сомду түзгөн 20 долбоор

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Ат-Башы районунун инвестициялык форумунун жыйынтыгы: жалпы суммасы 3 млрд 538 млн сомду түзгөн 20 долбоор

Асел АКМАТАЛИЕВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча консультанты

“Ат-Башы-2023” инвестициялык форуму “Бүгүнкү аракет – эртеңки келечек” деген ураан менен өттү

Ири иш-чараны “Экономикалык өнүгүү максатында натыйжалуу башкаруу” Программасынын колдоосу менен Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Эмил АБДЫКАДЫРОВ демилгелеген. Аталган Программаны Улуу Британиянын Өкмөтү каржылап, ACTED Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте аткарып келүүдө. Форумду уюштурууга Ат-Башы районунун Координациялык кеңеши[1] жигердүү катышты, ага аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана башка катышуучулар киришти.

Иш-чара Ак-Талаа айылынын жанындагы “Кенфорель” балык чарбасынын эс алуу жайында өттү. Бул жерде жыгач подиумга өтө мыкты кооздолгон жети жаңы боз үй тигилип, алардын ортосуна иш-чаранын катышуучулары үчүн 200 отургуч коюлду. Ар бир боз үйдүн өзүнүн тематикалык багыты болду – Ат-Башы районунда өндүрүлгөн продукциянын түрлөрү жайылды. Боз үйлөр ар кандай кластерлерди жана алардын продукцияларын көрсөтүү үчүн кызыктуу жана функционалдык мейкиндикти түзүп беришти. Өндүрүштүн бул багытын тартуулаган жергиликтүү ишкерлердин командалары өз продукциялары менен тааныштырып, өз товарларынын келечеги жөнүндө презентация жасашты жана райондун экономикалык өнүгүүсүнүн келечектүү кластерлери боюнча конкреттүү инвестициялык сунуштарды киргизишти. Алар:

  • сүт азыктары;
  • эт азыктары;
  • туризм чөйрөсүндөгү азыктар;
  • балык азыктары;
  • дары чөптөр;
  • мөмөлөр (чычырканак, карагат ж.б.)
  • бал жана бал азыктары.

Инвестициялык форумду жергиликтүү өндүрүүчүлөр жана кол өнөрчүлөр ачып, конокторго өз продукцияларын тартуулашты. Ошону менен бирге Ат-Башы районунун органикалык продукциясынан ооз тийгизүү үчүн этно-чай тыным да уюштурулду.

Райондун акими Эмил АБДЫКАДЫРОВдун айтымында, форум чакан жана орто ишкердиктин ири бизнес, эл аралык уюмдар жана финансы институттары менен өз ара байланышын жана кызматташтыгын өнүктүрүү максатында уюштурулду. Форумду пландап жатып, райондук администрация өзүнүн алдына бир нече максаттарды жана милдеттерди койгон:

  • кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарды даярдоо: форум бизнестин ар кандай деңгээлдеринин ортосунда идеялар жана тажрыйбалар менен алмашууга көмөктөштү, биргелешкен өнүгүү боюнча конкреттүү сунуштарды жана стратегияларды түзүү үчүн аянтча болуп калды;
  • бизнеске колдоо көрсөтүү үчүн инфраструктураны өнүктүрүү: форум ишкерлер туш болуп жаткан кыйынчылыктарды жана тоскоолдуктарды аныктап, инвестициялар жана инновациялар үчүн инфраструктураны жана шарттарды жакшыртуу чараларын сунуштады;
  • инвестицияларды тартуу: форум инвесторлорго инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана кызматташуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берди;
  • кластерлерди өнүктүрүү: форум кластерлердин ичиндеги ишканалардын ортосундагы кызматташтыкты камсыз кылып, инновациялык изилдөөлөргө дем берүү аркылуу аймакта жети кластердин өнүгүшүнө көмөктөштү;
  • органикалык бренддин мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу: форум аймактын бизнес жана инвестиция үчүн ыңгайлуу жер катары имиджин бекемдөөгө жардам берди;
  • туризмди өнүктүрүү: форум туристтик дестинацияны түзүү жөнүндө чечим аркылуу туристтер үчүн инфраструктураны жана кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга түрткү берди.

 

“Экономикалык өсүшкө дем берүү, бизнес-чөйрөнү өнүктүрүү жана Ат-Башы районуна инвестиция тартуу инвестициялык форумдун максаты болуп калды. Бул максат ACTED Өнүктүрүү саясат институту менен биргеликте ишке ашырып жаткан “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын (EGED) милдеттерине коошуп кетет. Ошол себептен ACTED форумду уюштурууга жана өткөрүүгө көмөк көрсөттү”, – деди ӨСИнин долбоорлор боюнча менеджери Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА.

Форумда ошондой эле аймактын экономикалык дарамети да көрсөтүлдү. Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн жана кол өнөрчүлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсү өтүп, бул жергиликтүү товарларды жайылтууга, орто жана чакан бизнести колдоого көмөктөштү. Катышуучулар Ат-Башы районунун органикалык продукциясынан даярдалган этно-чай тынымда ар кайсы даамдарды татып көрүп, жергиликтүү азыктарга баа бере алышты. Этно-чай тыным иш-чаранын өзгөчөлүгүн белгилеп, форумдун катышуучуларына аймактын айыл чарба жана азык-түлүк секторундагы дараметин баалоого мүмкүндүк берди. Кластерлердин презентациялары болуп, ишкерлер инвестициялык сунуштарын берип, продукцияларды тартуулашты жана ыктымалдуу инвесторлордун көңүлүн буруу үчүн конкреттүү инвестициялык сунуштарды кошо алганда кластерлерди өнүктүрүүнүн келечеги жөнүндө айтып беришти.

“Ат-Башы-2023” инвестициялык форумунун жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 3 млрд 538 млн сомду түзгөн 20 меморандумга кол коюлду, алар 200 жаңы жумуш ордун түзүүгө жол ачмакчы. Меморандумдар төмөнкү чөйрөлөрдөгү долбоорлорду ишке ашырууга башат болуп берет: “Кара-Төр” кенинде алтын жана башка түстүү металлдарды казып алуу; яшма жана каптоочу таштарды казып алуу; туризм; спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерди куруу; аарычылык; тигүү цехин, мейманкананы, бал үчүн логистикалык борборду куруу жана ишке киргизүү; сүттү кайра иштетүү боюнча заводду куруу; чычырканакты жана карагатты өстүрүү; койдун жүнүн кайра иштетүү боюнча цех куруу; балык өстүрүү; Ат-Башы районунун дары чөптөрүн жана ак балын экспорттоо. Бизнес-долбоорлордон тышкары, маанилүү социалдык долбоорлорду ишке ашыруу, анын ичинде 400 аярлуу үй-бүлө үчүн бардык зарыл болгон социалдык инфраструктурасы бар социалдык шаарча куруу; калктын аярлуу катмарына даректүү жардам көрсөтүү жөнүндө баштапкы макулдашууларга жетишилди.

 


[1] Координациялык кеңештин төрагасы болуп райондун акими саналат, ал эми төраганын орун басарлары жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү болушу мүмкүн, мындай жагдай районду өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу процессине ар кандай тараптарды кеңири тартууга мүмкүндүк берет.

 

Окшош материалы: