Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

“Ынтымак жумалыгы”: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана КЭУлардын күчү менен тынчтык куруу сабактары

2023-12-10 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
“Ынтымак жумалыгы”: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана КЭУлардын күчү менен тынчтык куруу сабактары

Асел АКМАТАЛИЕВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коомдук байланыш боюнча адиси Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун коммуникациялар боюнча консультанты

2023-жылдын күзүндө “Ынтымак жумалыгынын” алкагында Өнүктүрүү саясат институту International Alert[1] менен биргеликте “Күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу аймактарда тынчтыкты бекемдөөгө кандайча көмөктөшүүдө?” деген темада сессия өткөрдү. Сессияга жарандык сектордун жана эл аралык уюмдардын жигердүү өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын студенттери катышты. Төмөнкү баяндамачылар сөз сүйлөштү:

  • Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА, Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлор боюнча менеджери;
  • Айпери ЖАНЫЗАКОВА, “Интернешнл Алерттин” долбоорлор боюнча менеджери;
  • Индира АСЕЙИН, “Агергеч” Коомдук бирикмесинин жетекчиси.

 

Баяндамачылар аймактарда тынчтыкты бекемдөө боюнча аспаптарды жана механизмдерди көрсөтүп беришти. Алар бул аспаптарды “Ынтымактуу жашоо” долбоорун[2] ишке ашыруунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте киргизишкен.

“Бул аспаптарды колдонсо, адамдар чыр-чатактардан алыс болуп, ынтымакта жашай алышат. Ал аспаптар: жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен көйгөйлөрдү аныктоого жардам берген жамааттын муктаждыктарын биргелешип аныктоо (ЖМБА) аспабы; жергиликтүү бюджетти, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди ж.б. талкуулоо боюнча коомдук угуулар. Ошондой эле ЖӨБ органдары Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын (СЭӨП) даярдашы керек”, – деди Өнүктүрүү саясат институтунун долбоорлор боюнча менеджери Алтынай БУЗУРМАНКУЛОВА.

Тынчтыкты куруу – бардыгын камтыган жана көп тараптуу катышууну талап кылган мүнөзгө ээ маселе. Бардык милдеттенмелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мойнуна “илип коюуга” болбойт, көп тараптуу кызматташуу жана күч-аракет жумшоо керек. Калк арасында тынчтыкты жана ынтымакты сактоодо маанилүү ролду өкмөттүк эмес уюмдар аткарат.

“Ынтымактуу жашоо” долбоорун ишке ашырууда биз ЖӨБ органдары менен да, жергиликтүү эл менен да жигердүү кызматташканбыз. Иш-чаралар (тренингдер, семинарлар жана талкуулар) учурунда ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү бет маңдайлашып эмес, жергиликтүү тургундар менен бир катарда отурушту. Мындай көрүнүш элдин жергиликтүү бийликке болгон көз карашын толугу менен өзгөртөт. Алар талкуулап, көйгөйлөрдү чечүү жолдорун биргелешип издешет. Мындан тышкары, биз Кыргызстандын аймактарындагы медиаторлор үчүн да курстарды өткөрдүк, ал жакта долбоор аяктагандан кийин да жергиликтүү жамааттарга чыр-чатактарды алдын алууда жардам берип жаткан медиация борборлору, медиаторлор бар”, – деп белгиледи International Alert уюмунун долбоорлор боюнча менеджери Айпери ЖАНЫЗАКОВА.

Сессиянын жүрүшүндө угуучулар суроолорду жигердүү узатып турушту. Бул суроолордун жардамы менен учурда айылдык аймактардын административдик-аймактык реформасы (ААР) маселеси курч тургандыгын аныктоого мүмкүн болду.

“Айылдык аймактарды ирилештирүү реформасы көптөгөн суроолорду жаратууда. Ресурстарды кайра бөлүштүрүү тирешти жаратышы мүмкүн. Бул сессияда мен чыр-чатактарды мүмкүн болушунча аз жоготуулар менен азайтуунун ыкмаларын үйрөндүм. Ошондой эле аймактарда юристтердин тартыштыгы курч маселе болууда. Мага медиаторлорду окутуу боюнча долбоор да, анын аймактарда иштей баштаганы да жакты”, – деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын студенти КУБАНЫЧБЕК уулу Улук.

“Баарынан да мага коммерциялык эмес уюмдар мектептердеги рэкетчилик көйгөйүн чечүүгө аракет кылып жатканы жакты. Ири шаарларда бул көйгөй анчалык көп кездешпеши мүмкүн, бирок айылдарда рэкетчилик кадыресе көрүнүш. Бул тууралуу ачык айтып чыккандар аз, атүгүл бийлик өкүлдөрүн да коркутуп же туугандар аркылуу таасир этүүгө болот. Мен жарандык коомдун уюмдары жана бардык тиешелүү тараптар дал ушул маселеге көбүрөөк көңүл бурушун каалайт элем”, – деди Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын студенти Бегимай КУБАНЫЧБЕКОВА.

Эл аралык Тынчтык күнүнө карата өткөн “Ынтымак жумалыгын” Тынчтык куруу хабы уюштурган. Иш-чара адамдардын жана жамааттардын чыныгы окуяларынын мисалында тынчтык куруу иштеринин жыйынтыктары жөнүндө биргелешип ой жүгүртүүсү жана билим алмашуусу үчүн Кыргызстанда тынчтык куруу чөйрөсүндө иш алып барган адамдарды жана уюмдарды бириктирген аянтча болуп калды.

“Ынтымак жумалыгын” өткөрүүнү өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардан тышкары, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек ЖАПАРОВ да колдоп бергенин эске алсак, Кыргызстанда тынчтык куруу темасына мындан ары да жакшы көңүл бурулуп, иш-чара жыл сайын өткөрүлөт деп үмтөтүп туралы.

 


[2] “Ынтымактуу жашоо” долбоорун 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын декабрына чейин International Alert уюму “Өнүктүрүү саясат институту” (ӨСИ) коомдук бирикмеси жана Улуттук медиация борбору менен консорциумда ишке ашырды. Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://dpi.kg/ru/activity/projects/full/0/104.html

 

Окшош материалы: