Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ачык Бишкек: Бишкек шаарынын тургундары шаар куруу долбоорлорун талкуулоого жана жерлерди башкарууга катыша алабы?

2024-01-31 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Ачык Бишкек: Бишкек шаарынын тургундары шаар куруу долбоорлорун талкуулоого жана жерлерди башкарууга катыша алабы?

Асель АКМАТАЛИЕВА жана Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин коммуникация боюнча консультанттары

Бишкек мэриясы жана “Ачык Бишкек” Комитетижарандык коом менен калааны башкарууну шаардыктар үчүн кантип ачык кылуу керектигин талкуулашат, мисалы, шаардагы жерлерди башкаруунун ачык- айкындуулугун күчөтүү; пландалып жаткан шаар куруу долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн онлайн-аянтча түзүү же мэриянын кызматкерлеринин ишинин жыйынтыктарын баалоону “ачып коюу” (KPI).

2023-жылдын октябрь жана ноябрь айларында “Ачык Бишкек” Комитети жарандык коомдун уюмдарынан сунуштарды бир айдан ашык чогултуп чыккан. Бул сунуштар 2023-жылдын 29-ноябрында Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу агенттигинде каралган2

Катышуучулардын кызуу талкуусу келечектеги шаар куруу долбоорлорун коомдук талкуулоо үчүн онлайн-аянтча түзүү сунушун пайда кылды. Долбоордун автору, “Арча” коомдук фондунун долбоорлорунун координатору Дмитрий ПЕРЕЯСЛАВСКИЙ шаардык башкаруу долбоорун иштеп чыгып, аны бекиткенге чейин шаарды куруу пландары менен бөлүшүшү керек деген жүйөлүү пикирин айтты: “Биз маалыматтык портал түзүүнү сунуштайбыз, бул жерде шаардыктар шаардын долбоорлору үчүн техникалык тапшырмаларды даярдоо баскычында эле келечектеги курулуштар муниципалдык кызматчыларды ведомстволук багыт боюнча окутуу бөлүгүндө мыйзамдардын талаптарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүүдө МКЖӨБМАга көмөк көрсөтүш керек;

ЖӨБ чөйрөсүндө, анын ичинде, бирок “Муниципалитет” журналы менен бириктирилген ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталы (www.myktyaimak. gov.kg) менен гана чектелбестен, билимдерди башкаруу системасын өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү уланта берүү зарыл;

МКЖӨБМА менен биргеликте саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген муниципалдык кызматчыларды окутуу жана дараметин жогорулатуу боюнча саясатты ишке ашырган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин аныктап, аларга колдоо көрсөтүү зарыл;

муниципалдык кызматчылар жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар үчүн окутуунун ведомстволук багытын уюштуруу боюнча ЖӨБ органдарына көмөк көрсөтүү зарыл (видео-роликтер, брифингдер, онлайн- консультация).

Бул резолюцияны 2023-жылдын 27-октябрында “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун актуалдуу маселелери” Тегерек столунун катышуучулары кабыл алышты. Резолюцияны колдоп 49 катышуучу добуш берди; 1 катышуучу добуш берген жок. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын Тегерек столдун төмөнкү уюштуруучулары көрүп, тастыкташат:

Б. РЫСПАЕВ, “КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу” ЮЖБнын өкүлү;

Н. КУМУШБЕКОВ, “Өнүктүрүү саясат институту” коомдук бирикмесинин өкүлү;

З. КАЗАНЛЫЕВА, “Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы” Мекемесинин өкүлү.

тууралуу ой-пикирлерин айта алышат. Мындай мамиле долбоорлордун сапатын жогорулатып, аларды жарандардын керектөөлөрүнө көбүрөөк көңүл бурууга шарт түзөт, нааразычылыкка себепчи болгон факторлорду азайтат”. Ал ошондой эле кызматкерлердин ишинин жыйынтыктарын (KPI-индикаторлорду) жарыялоо аркылуу Бишкек мэриясынын ишин ачык-айкын кылууну да сунуштады.

“Жарандык катышуу” коомдук фондунун директору Айдар МАМБЕТОВ шаарды өнүктүрүүнү пландоодо шаардыктардын керектөөлөрүн кылдааттык менен эсепке алууну, бул үчүн алардын даттануулары менен кайрылууларын колдонууну сунуш кылды: “Шаар жарандардын арыздарын жана кайрылууларын “тармактар” боюнча, мисалы, коммуналдык чарба, транспорт, билим берүү деп карап жатканда, кайрылуулардын массивинин артында адамдын өзүн “көрбөй жатат”. Биз даттанууларга жана кайрылууларга жасалган талдоону өзгөртүүнү сунуштап жатабыз: аларды “тармакка” эмес, социалдык топко, демографиялык категорияга бөлүп карай тургандай кылгыбыз келет. Ошондо биз шаардын чечилбей келаткан көйгөйлөрүнөн башкаларга караганда көбүрөөк жапа чегип жаткан шаардыктын “жүзүн” көрө алмакчыбыз. Мисалы, бул улгайган адамдар, же жаш ата-энелер, же студенттер болушу мүмкүн. “Азап чегип жаткан” топко кимдер кирээрин түшүнүү менен, шаар ошол топтор үчүн колдоо чараларын пландай алмак”. Бишкек шаардык мэриясынын экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек КУДАБАЕВ бул демилге көңүл бурууга татыктуу экенин белгиледи: “Бишкектин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын түзүп жатканда шаар биринчи кезекте кимге жардам берерин, жарандардын кандай керектөөлөрү бар экенин жана кандай маселелер тынчсыздандырарын түшүнүшү керек. Визуализациялоо шаймандарын колдонуу менен жасалган мындай талдоо тагыраак маалыматтарды алууга жардам берет”.

Социалдык өнүктүрүү жана адамдын коомго ыңгайлашуусу боюнча “Социум” коомдук фондунун аткаруучу директору Батма ЭСТЕБЕСОВА шаардык жер ресурстарын башкарууда ачык-айкындуулукту күчөтүүнү сунуштады. Мындай чаранын жардамы менен шаардыктар муниципалдык жерлерди бөлүштүрүүдө коррупцияга тоскоолдук жарата алышмак.

“Ачык Бишкек” Комитетинин мүчөлөрү жана жолугушуунун катышуучулары (Бишкек мэриясынын өкүлдөрү, “Демилгелердин” өтүнмө ээлери-авторлору жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү) бардык сунуштар Бишкекти шаардыктар үчүн ачык жана айкын калаага айландырууга жардам берерин, ал эми аларды ишке ашыруу чоң ресурстарды жана узак убакытты талап кылбастыгын ырасташты. Бирок мүмкүн болушунча көбүрөөк натыйжалуулукка жетүү үчүн аларды жеткире иштеп чыгып, андан соң 2023-жылдын декабрь айында “Ачык Бишкек” Комитетинин жыйынында кайрадан талкуулап алыш керек.

1 “Ачык Бишкек” Комитети “Ачык жергиликтүү башкаруу” демилгесинин алкагында түзүлгөн, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ЖӨБ органдарынын ачыктыгына, айкындуулугуна жана жоопкерчилигине көмөк болчу идеялары, шаймандары жана механизмдери менен бөлүшүп, аларды киргизишет жана тажрыйба алмашып турушат. Комитетти Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча агенттик жана “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясы (“Өнүктүрүү саясат институту” КБ, КР ЖӨБ Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы) колдойт. 1 “Ачык Бишкек” Комитети “Ачык жергиликтүү башкаруу” демилгесинин алкагында түзүлгөн, мында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандар менен биргеликте ЖӨБ органдарынын ачыктыгына, айкындуулугуна жана жоопкерчилигине көмөк болчу идеялары, шаймандары жана механизмдери менен бөлүшүп, аларды киргизишет жана тажрыйба алмашып турушат. Комитетти Бишкек шаарынын мэриясына караштуу Бишкек шаарын өнүктүрүү боюнча агенттик жана “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Коалициясы (“Өнүктүрүү саясат институту” КБ, КР ЖӨБ Союзу жана Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы) колдойт. 

2 Бишкек шаарынын жашоочуларынын жергиликтүү демилгелеринин конкурсу 2023-жылдын 13-октябрынан 15-ноябрына чейинки мезгил аралыгында өткөрүлгөн. Кененирээк маалымат алуу үчүн: https://dpi. kg/ru/press-room/news/full/1943.html .

 

Окшош материалы: