Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу: жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды

2024-01-31 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу: жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникация боюнча консультанты

2023-жылдын күзүндө Бишкек шаарында Аймактардын форуму-2023өттү. Жергиликтүү башкарууда жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда тажрыйба алмашуу боюнча бул иш-чараны USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жыл сайын өткөрүп келатат. Форумдун жүрүшүндө “Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары иш үстүндө” конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, Жогорку Кеңешинин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын жана Ош облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 130дан ашык өкүлүнүн катышуусунда беш жеңүүчү аныкталып, алардын эмгектери татыктуу бааланды. Бул жеңүүчүлөр: Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Винара ЭПЭЭВА; Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты Назгүл КУРМАНАЛИЕВА; Нариман айылдык кеңешинин депутаты Гүлмайрам ЖАНБОЛОТОВА; Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА; Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Салимахан КАРАЕВА.

Форумдун алкагында катышуучулар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору колдоого алган тажрыйба алмашуу боюнча демилгелер тууралуу маалымат алышты. Бул долбоорлордун арасында Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубу, жергиликтүү өз алдынча башкарууда аялдардын лидерлигин жогорулаткан жана жергиликтүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда мыкты чечимдерди издеген муниципалитеттер үчүн “Теңден теңге” өз ара окутуу платформасы бар2.

Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттарынын клубунун ментору, Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясынын долбоорлорунун менеджери Салия АКУЛОВА Клубдун ишмердиги, вазыйпасы жана милдеттери, келечеги жана жетишкендиктери менен тааныштырды. Ошондой эле АКУЛОВА 2023-жылдын жайында3 ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын (www. myktyaimak.gov.kg) аянтчасында өткөрүлгөн “Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары иш үстүндө” конкурсунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

“Мындай конкурсту өткөрүү демилгеси өзүнөн-өзү эле пайда болду. Бирок конкурска бөлүнгөн убакыт тар болгонуна карабастан, биз аны ийгиликтүү өткөрүп алдык. Биз бардык 39 катышуучуга жергиликтүү кеңештердин депутаты катары ишке ашырып жаткан демилгелери үчүн ыраазычылык билдирип, жасап жаткан иштерине суктанып турабыз. Тилекке каршы, юридикалык баалоо жүргүзүп чыккандан кийин конкурска 19 гана практика киргизилген, алардын ичинен сап башына суурулуп чыккан бешөө онлайн-добуш берүү жолу менен аныкталган. Бүгүн ошол аял депутаттар арабызда отурушат”, – деди Салия АКУЛОВА.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан ШАЙЛДАБЕКОВА өз сөзүндө аялдардын өлкөнү өнүктүрүүгө катышуу жигердүүлүгүн күчөтүү боюнча 2019-жылы жасалган кадамдартекке кетпегенин белгиледи.

“Ошол учурда 30 пайыздык квотаны киргизүү кескин, аргасыз, бирок маанилүү чара болгон. Мындай чечимди КР Жогорку Кеңешинин депутаттары колдоп беришкен. Квотанын жардамы менен биз жергиликтүү кеңештерде аялдардын санын расмий түрдө көбөйтө алдык. Ал эми Ысык-Көл облусунун Саруу айылдык аймагынын жергиликтүү кеңешинин аял депутаттарынын тажрыйбасы бизге дайыма үлгү болуп келет5. 2021-жылдын апрель айында өткөн шайлоо биз туура багытта баратканыбызды көрсөттү. Бүгүнкү күндө да биздин аялдар депутат болуп, өз жамааттарынын өнүгүүсүнө мурдагыдан да көп салым кошуп жатканына күбө болуудабыз”, – деди КР БШКнын төрайымы.

Андан соң 2023-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын аймагында КР ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында жарыяланган “Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары иш үстүндө” конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүп, аларга сыйлыктар жана дипломдор тапшырылды.

Эске сала кетсек, “Жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары иш үстүндө” конкурсунун онлайн-добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча комиссиянын чечими менен аял депутаттар сунуштаган 19 ийгиликтүү тажрыйбанын ичинен бешөө жеңүүчү деп табылды6:

522 добуш: Аялдардын экономи- калык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу”, автору: Винара ЭПЭЭВА, Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы, Тогуз-Торо району, Жалал-Абад облусу. Сыйлык – БШКнын Ардак грамотасы, МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, 1-даражадагы диплом, ноутбук жана принтер.

466 добуш: “Эрте нике ден соолукка зыян”, автору: Назгүл КУРМАНАЛИЕВА, Кара-Суу айылдык кеңешинин депутаты, Талас району, Талас облусу. Сыйлык – БШКнын Ардак грамотасы, МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, 2-даражадагы диплом жана ноутбук.

279 добуш: “№76 “Эркин Кыргызстан” орто мектебинин чатырын алмаштыруу”, автору: Гүлмайрам ЖАНБОЛОТОВА, Нариман айылдык кеңешинин депутаты, Кара-Суу району, Ош облусу. Сыйлык – БШКнын Ардак грамотасы, МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, 3-даражадагы диплом жана 3 функциясы бар МФТ.

268 добуш: “Сөздөн – ишке”, автору: Кенжегүл БЕКТЕМИРОВА, Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаты, Нарын району, Нарын облусу. Сыйлык – БШКнын Ардак грамотасы, МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, 4-даражадагы диплом жана БАЖБАнын окуу курсуна сертификат.

202 добуш: “Көпөлөк” мектепке чейинки билим берүү уюмуна инвестиция тартуу менен бакчанын инфраструктурасын түптөө”, автору: Салимахан КАРАЕВА, Кара-Дарыя айылдык кеңешинин депутаты, Сузак району, Жалал-Абад облусу. Сыйлык – БШКнын Ардак грамотасы, МКЖӨБМАнын Ардак грамотасы, 5-даражадагы диплом жана “Муниципалитет” журналына бир жылдык жазылуу.

Жеңүүчү деп табылган аял депутаттар конкурсту уюштургандыгы үчүн ыраазычылыгын билдиришип, бул конкурс аларды мындан аркы иш-аракеттерге да шыктандырганын белгилешти.

“Силер абдан жакшы иш жасадыңар, Академиянын жана “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун кадырлуу өкүлдөрү! Мага канат бергендей эле болдуңар, себеби мен биздин көйгөйдү жана анын чечилишин улуттук деңгээлге көтөрө алдым! Мен сүрөттөп берген практикамда сөз болуп жаткан Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал айылы Өзбекстан Республикасы менен чектеш аймакта жайгашкан (ортодогу аралык 3 км). Айылда 16 миңден ашык киши жашагандыгына карабастан, бул жерде өзүнүн бала бакчасы болгон эмес. 1968-жылы эле курулган бала бакчанын имараты көп жылдар бою кароосуз калып, албетте, колдонулбай келген. Бала бакчаны ачуу маселесин биз айыл өкмөтүнүн катышуусунда өткөн ар кандай иш-чараларда жана жолугушууларда көп жолу көтөргөнүбүз менен, маселе көпкө чейин чечилбей келген. Акыры жалпынын күч-аракети менен жергиликтүү тургундар болуп оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн республикалык бюджеттен 4 транш менен дем берүүчү грант алууга өтүнмө жибердик. Ушул тапта “Көпөлөк” бала бакчасы ийгиликтүү жана заманбап мектепке чейинки мекемелердин бирине айланды (ичинде канализация, жылуу суу, эки душ кабинасы бар). Мектепке бара элек курактагы 170 баланын ичинен биз 7 тайпа түздүк, алар менен 29 адам иштешет. Мен биздин айылда ушундай иштерди жасаганыбызга сыймыктанам! Бүгүн мен долбоордун өнөктөш муниципалитеттеринин биринин ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө угуп, абдан шыктанып калдым. Бул муниципалитеттин ЖӨБ органдары англис тилин үйрөнүү ийриминин кызмат көрсөтүүсүн уюштурушкан экен. Биздин айылда да ушундай ийримди ачуу – бул менин кийинки максатым. Бизде, тилекке каршы, мындай ийрим жок, ал эми англис тилин үйрөнгүсү келген жана жөндөмдүү адамдар аз эмес”, – деди Кара- Дарыя айылдык кеңешинин депутаты Салимахан КАРАЕВА.

Биринчи орундун ээси, Жалал-Абад облусунун тоолуу Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы Винара ЭПЭЭВА конкурстун жыйынтыгы мындай болоорун өзү да күтпөгөнүн мойнуна алды.

“Мен 1-орунду алам деп күтмөк тургай, жада калса, бул тууралуу кыялданууга да батынган эмесмин. Мен конкурс тууралуу БШКдан угуп калып, өз практикамдын сүрөттөлүшүн даярдаганым – өзүнчө бир чоң окуя. Үстүбүздөгү жылдын жазында эле мен Аял депутаттардын клубуна мүчө болгом. Бул Клубга биздин жергиликтүү активист, аял депутаттардын райондук координатору Чолпонай ЖЕҢИШЕВАнын сунушу менен кирген элем. Онлайн-добуш берүү учурунда, өзгөчө алгачкы күндөрү биз Порталда текшерүү процессинен өтүүгө байланышкан кээ бир кыйынчылыктарга туш болдук. Бирок “Сары- Булуң” Жамааттык мультимедиалык борбордун (ЖМБ) жетекчиси Анара МААМЕТОВА жардам берип, жалпынын күч-аракети менен акыры катталдык. Биздин тажрыйбабыз үчүн добушун берип, колдогондордун баарына ыраазымын. Ал эми менин ийгилигим азыр биздин райондун бардык аял депутаттары үчүн мотивация болуп калды, себеби биз буга чейин көп иштерди жасаганбыз, бирок анын баары кадыресе иш катары көшөгөнүн артында кала берчү. Ооба, эл өкүлдөрү катары биз жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө милдеттүү экенибиз талашсыз, бирок ошол ишти белгилеп, ыраазычылык билдирип турушса, бул жан дүйнөнү жылытып, мындан да көп иштерге шыктандырат экен”, – деди Сары-Булуң айылдык кеңешинин төрайымы.

Винара ЭПЭЭВА ошондой эле анын өтүнмөсүндө баяндалган “Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, үй-бүлөлүк зордук- зомбулуктун алдын алуу” практикасы уланып жатканын белгиледи. “Биз бул багытта бир нече жылдан бери иш жүргүзүп келатабыз. Сыйлык катары ноутбук жана түстүү принтер алдым, буларды ар кандай донордук уюмдарга жана долбоорлорго өтүнмөлөрдү даярдоо үчүн колдонуп жатам. Тактап айтканда, биз АРИСке тигүү цехи үчүн жеңил конструкциянын курулушуна өтүнмө менен кайрылдык. Бул цех ачылгандан кийин 50гө жакын аялды жумуш менен камсыз кылабыз, алар кошумча киреше таба башташат. Бул киреше алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жана экономикалык абалына оң таасирин тийгизет”, – деп кошумчалады Винара ЭПЭЭВА.

ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү үчүн “Аймактардын форуму” жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу жана уюштуруу тажрыйбасы менен алмашуу аянтчасы болуп калды. Ал кызмат көрсөтүүлөр: суу менен камсыздоо, катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу, билим берүүчү, спорттук жана музыкалык ийримдер, маалыматтык кызмат көрсөтүүлөр ж.б. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2021-жылдан 2025-жылга чейинки мезгил аралыгында Ош, Нарын, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарынын аймагында ишке ашырылууда. 

https://dpi.kg/ru/press-room/news/full/1934.html

https://myktyaimak.gov.kg/single-news?lang=ru&id=485

Аял депутаттар үчүн 30 пайыздык квота 2019-жылдын 8-августунда киргизилген, бул күнү «“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамга жана “Референдум жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына кол коюлган. Толук маалымат алуу үчүн: http://www.municipalitet.kg/ru/article/full/2510.html текке кетпегенин белгиледи.

5 https://kaktus.media/doc/398663_cik_ytverdil_itogi_vyborov_v_saryy_ gde_voznik_spor_iz_za_jenshin.html

Беш жеңүүчүнүн ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышкыңыз

 

Окшош материалы: