Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жемиштин бейиши. Токтогулда жаңы бренд кантип түзүлүүдө

2024-01-31 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жемиштин бейиши. Токтогулда жаңы бренд кантип түзүлүүдө

Асель АКМАТАЛИЕВА, ӨСИнин коммуникация боюнча консультанты

Ак-Тектир айылынын тургундарынын арасында кулпунайдын жаңы сортторун өстүрүүгө жана мөмө жемиштердин аянтын көбөйтүүгө кызыгуу күч алды. Ак- Тектир Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук борборуна жакын жайгашкан Чолпон-Ата айылдык аймагына кирет. Жергиликтүү тургундар өздөрүн камсыз кылуу максатында ишти илгерилетүүнүн жаңы жолдорун издеп келишет. “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” Метакета V долбоору менен кызматташуу айыл чарбасын өнүктүрүүнүн жаңы ыкмаларынын бири болуп калды. Бул долбоорду Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келүүдө1. Калктын аярлуу катмарына кирген үй-бүлөлөргө кошумча киреше алуу үчүн шарттарды түзүп берүү демилгенин максаты болуп саналат.

Жергиликтүү активист Акматбек ЧАЛОВ буларды айтып берди: “Өнүктүрүү саясат институтунун демилгелүү топтор үчүн конкурсу тууралуу анын Facebook тармагындагы баракчасынан билип калдык. Биздин айылдын эли кулпунайдын жаңы сортун өстүрүп, сатууга кызыгуусу чоң эле. Жергиликтүү жамаат менен акылдашкандан кийин конкурска катышууну чечип, андан утуп алдык”. Демилгечи топ “Клери Альба” деген сорттогу кулпунайдын 4 миң көчөтүн грант катары берилчү 100 000 сомго сатып алуу идеясын көтөрүп чыккан. Алардын ичинен 2000 көчөт колдоого муктаж аярлуу 20 үй-бүлөгө берилген. “Биздин айылда жардамга муктаж үй-бүлөлөр бар. Мисалы, кызы оорудан каза тапкандан кийин жети небересин багып жаткан пенсионер Шаркан БАЙТИКОВА бар. Биз ага кулпунайдын 100 көчөтүн өткөрүп бердик. Мындай үй-бүлөлөр аз эмес. Биринчи жылы кулпунайдын көчөттөрүн 20 үй- бүлөгө таратып чыкканбыз”, – деди демилгечи топтун жетекчиси Акмат ЧАЛОВ.

“Биз кулпунайды отургузуп, аны өстүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүп бердик. Кулпунайдын калган көчөттөрүн 6 сотик жери бар күнөсканага отургузуп чыкканбыз. Ал жерде тамчылатып сугаруу системасын орнотконбуз, – дейт демилгечи топтун жетекчиси Акмат ЧАЛОВ. – Азыр кулпунайга суу абдан жакшы жетет, кулпунайды тамчылатып сугаруу менен өстүрүүнүн артыкчылыктары өтө көп экен. Мен кулпунай өстүрүү технологиясын үйрөнүп, кулпунай келечектүү багыт экенине көзүм жетти. Биз билимибиз менен бөлүшүүгө даярбыз, кулпунайды өстүрүүгө кызыккан жана бул даамдуу мөмө жөнүндө көбүрөөк маалымат алууну каалагандар үчүн күнөсканабыздын эшиктери ар дайым ачык. Процесске кызыккандар биздин күнөсканаларга келсе, кеп-кеңешибизди эч аябайбыз. Жерди кантип даярдаш керектигин, кулпунайды кантип отургузуп, түшүмдү кантип жыйнап алыш керектигин толук айтып беребиз”, – деп кошумчалады Акмат ЧАЛОВ.

Элеттиктер эки жылдын ичинде кулпунайдын түшүмдүүлүгүн үч эсе көбөйтүүнү пландап жатышат, бул болсо ар бир үй-бүлөгө 40 миң сомдон ашык киреше алып келмекчи.

“Буга чейин бир нече жыл бою биз кулпунайды айылдан 15 чакырым алыстыктагы тоодогу тилкеде өстүрчүбүз. Бирок участок айылдан алыс жайгашкан, түшүм аз эле, жумшалган эмгектин акыбети кайтчу эмес. Азыр биз EGAP долбоорунун алкагында транспортту уюштурууга, көчөттөрдү алып келүүгө жана аларды эл арасында таратып чыгууга жардам берген Өнүктүрүү саясат институтуна ыраазыбыз. Көчөттөр сонун болуп тамыр жайып кетти. Элеттиктердин атынан терең ыраазычылык билдиргим келет”, – деди Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Чолпон-Ата айылынын тургуну Сүйүн БЕЧЕЛОВА.

Жергиликтүү тургундар кулпунайды өз брендине айландыргысы келет. “Кулпунай бейиши” брендин өнүктүрүү процесси баскыч- баскычы менен жүргүзүлөт. Биринчи жылы жергиликтүү жамаат кулпунайды өстүрөт. Экинчи жылы кулпунай бадалдарынын саны үч эсе көбөйүп, 12 000ге жетет. Алардын бир бөлүгү дагы 20 аярлуу үй-бүлөгө берилет, ал эми калган көчөттөрдү башка кызыкдар тургундар сатып алса болот. “Бизде “Бир айыл – бир өнүм” деп аталган өнүктүрүү программабыз бар. Бул программа элет жергесинде чакан бизнести өнүктүрүүнүн мыкты ыкмасы. Эгерде айыл тургундары кулпунайдын сапаттуу сортторун өстүрүп, өндүрүштүн көлөмүн көбөйтө алышса, анда биз продукциябызды башка айылдарга жана шаарларга сата алабыз. Азыр кулпунайдын 1 килосу 300 сомдон жогору сатылып жатат. Эгерде түшүм эрте жазда бышса, анда баасы мындан дагы жогору болот. Биз мындай баалар менен ар бир аярлуу үй-бүлө 40 миң сомдон ашык акча таба алат деп күтүп жатабыз”, – дейт ЧАЛОВ.

Баштапкы баскычында Ак-Тектир айылынын 500гө жакын тургуну, анын ичинде 261 аял кулпунайдын жаңы сортун киргизүүдөн пайда көрүшөт. Андан ары Чолпон-Ата айылдык аймагын толугу менен тартуу пландалып жатат, себеби жаңы брендди түзүү үчүн кулпунайды өстүргөндөр көбүрөөк болушу керек.

1 “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” МЕТАКЕТА V долбоорун Мамлекеттик башкаруу жана саясат маселелерин изилдөө боюнча глобалдык тармак (EGAP) каржылап, Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырып келатат. 

Окшош материалы: