Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылындагы фитнес-клуб: элеттиктердин саламаттыгы биринчи орунда

2024-01-31 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Ысык-Көл облусунун Түп районунун Талды-Суу айылындагы фитнес-клуб: элеттиктердин саламаттыгы биринчи орунда

Асель АКМАТАЛИЕВА, ӨСИнин коммуникация боюнча консультанты

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды- Суу айылынын тургундары көптөн бери эле өз ден соолугун сактоо жана бекемдөө үчүн шарттардын жоктугуна нааразы болуп келишкен. Спорт жана дене тарбия менен алектенүүгө мүмкүнчүлүктөрдүн жоктугу аялдарга, жаштарга жана кары адамдарга өзгөчө таасирин тийгизген көрүнүш эле. Ушундан улам жергиликтүү активисттер айылда тургундардын башын бириктирип, сергек жашоого үндөгөн борбору боло турган фитнес-клубду ачуу идеясын көтөрүп чыгышты. Бул демилге “Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” Метакета V долбоорунун алкагында Өнүктүрүү саясат институтунан колдоо тапты.

Жергиликтүү жамааттын демилгелүү тобунун лидери Анаркан ОСМОНБАЕВА Талды-Суу айылдык аймагынын Үй-бүлөлүк медицина борборунда 40 жылдан бери медайым болуп эмгектенип келди. Кесибинен улам ал кайрымдуулук уюмдары менен жигердүү иштешип, ар кандай оорулардан жапа чеккен адамдарга жардам берип жүргөн. Пенсияга чыккандан кийин коомдук иштерге убактысы кененирээк болуп, фитнес-клубду ачуу аркылуу элеттиктердин ден соолугун чыңдоого болгон күч- аракетин жумшоого бел байлады.

“Кесибимден улам дарылоо дары-дармектерди гана эмес, сергек жашоо образын да камтышы керек деген пикирди карманып келем. Мен ар дайым бейтаптарга көнүгүү жасоону сунуштачумун. Өзүм да ооруну башымдан өткөрүп, санаторийлерде дарыланчумун. Мындай эс алуу жайларында машыктыргычтар, гантелдер бар, жөө бастырышат дегендей... Ошентип жүрүп, мага бир ой келди: биздин айылда да фитнес-клубду ачканга эмнеге болбосун?”, – деп бөлүштү А. ОСМОНБАЕВА.

“Аялдардын коомдук турмушка жамааттык катышуусун активдештирүү” Метакета V долбоорунун алкагында демилгелүү топ веломашыктыргыч, чуркаткан машыктыргыч, швед дубалын жана башка спорттук шаймандарды сатып алышты. Талды-Суу айылдык аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу фитнес-клуб үчүн имарат бөлүп берген.

“Учурда фитнес-клубда “Шайыр апалар” тобунун 44 мүчөсү машыгууда. Бул жерде биз спорт менен машыгып, соңку кабарларды жана айылдын көйгөйлөрүн талкуулап турабыз. Бизде дагы кошумча жай бар, ал жерде күн жылыганда майрамдарды өткөрүп, туулган күндөрдү белгилеп турабыз”.

Айылда Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун каттоосунда кант диабетинен, муун ооруларынан жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан жапа чегип жүргөн 136 адам каттоодо турат. Жаштар арасында жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшү өзгөчө тынчсыздандырат. Анаркан ОСМОНБАЕВА муну жашоо шарттын өзгөрүшү менен байланыштырат: технологиялардын өнүгүшү менен буга чейин кол эмгегин талап кылган иштердин баары автоматташтырылууда, мунун айынан адамдар да көп кыймылдабай калышпадыбы. Натыйжада, спорт борборлоруна жана фитнес-клубдарга болгон муктаждык барган сайын көбөйүүдө.

“Биздин фитнес-клуб мурдагы айыл өкмөттүн имаратында жайгашкан. Кышында бул эски имарат көп жакшы жылытылбайт. Анын үстүнө көп адамды да батыра албайт, тар эле. Ошондуктан фитнес-клубду кеңейтүү үчүн жаңы имарат берүү өтүнүчү менен расмий түрдө ЖӨБ органына жана акимчиликке кайрылгам. Мага оң жооп кайтарышып, өтүнүчүмдү канааттандырышты. Келечекте жаңы Маданият үйүн куруу пландалып жатат жана бизге ошол жерден орун бөлүп берүүнү убада кылышты”, – деди Анаркан ОСМОНБАЕВА.

Фитнес-клуб жашоочулар жолугушкан башкы жерге айланды. Бул жерде спорт менен гана алектенбестен, ошондой эле айылдын жаңылыктарын жана көйгөйлөрүн кызуу талкуулап турушат. Бул болсо жалпы жамааттын жигердүүлүгүн жогорулатууга көмөкчү болууда.

 

Окшош материалы: