Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү Иш-аракеттердин улуттук планы тууралуу

2024-02-13 / Мыйзам жаӊылыктары

Жаңылык Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун юристтери тарабынан даярдалды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы №748-т тескемеси менен 2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча Улуттук Иш-аракеттер планы бекитилди

Эл аралык рейтингдерге ылайык Кыргызстан кылмыштуулуктун жогорку көрсөткүчтөрү бар өлкөлөрдүн катарына кирет (кылмыштуулук индекси 60 балл). Global Finance порталы жыл сайын жүргүзүп келген коопсуз мамлекеттердин глобалдык рейтингине ылайык, Кыргызстан Мадагаскар менен Бениндин ортосунда орун ээлеп, 11,43 баллдык коопсуздук индекси менен 89-орунду ээлейт. Кылмыштуулук өлкөнүн экономикалык коопсуздугуна реалдуу коркунуч келтирүүдө. Экономикалык кылмыштардан гана материалдык зыян 2018-жылы – 18,6 млрд сомду, 2019-жылы – 1,3 млрд сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети төмөнкүдөй тыянактарга келди: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттардын алдын алуу процессине системалуу негизде начар тартылганы укук бузуулар менен натыйжалуу күрөштү күчөтүүгө бут тосуп жатат. Концепцияда кылмыштардын жана тартип бузуулардын алдын алуу, ар бир адам, жалпы коом жана мамлекет үчүн олуттуу кесепеттердин алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун жана калктын ортосунда системалуу социалдык өнөктөштүк үчүн шарттарды түзүү зарылдыгы белгиленген. Концепциянын авторлорунун пикири боюнча, жергиликтүү деңгээлде жамааттардын, жарандык коомдун жана мамлекеттик органдардын мындай эриш-аркак иштешүүсү фрагменттик мүнөзгө ээ.

Тескемеге ылайык, 2022-2028-жылдар аралыгында укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жана укуктук аспаптарды өркүндөтүп, алдын алуу жаатындагы өнөктөштүктү бекемдөө жана күч-аракеттерди координациялоо боюнча чараларды көрүү, ошондой эле жарандардын менчигине каршы кылмыштардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн профилактикалык ишке санариптик технологияларды киргизүү пландаштырылууда.

Улуттук план жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) катышуусу менен 11 пунктта сүрөттөлгөн иш-чараларды камтыйт, анын ичинде, мисалы, төмөнкүлөр бар:

  • укук бузуулардын алдын алуу жаатында ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү;
  • ички иштер органдарынын жана чукул кызматтардын ыкчам чара көрүүсү үчүн программалык камсыздоону колдонуу менен тышкы видеобайкоо камераларынын системасы менен интеграциялоо;
  • тартип органдары, жол кыймылынын инспекторлору, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча муниципалдык кызматынын органдары жана укук бузуулардын алдын алуунун башка катышуучулары менен отчеттук жолугушууларды биргелешип өткөрүү үчүн усулдук сунуштарды даярдап, ошондой эле аталган субъекттерди окутууну уюштуруу;
  • “Коопсуз шаар” долбоорун жана коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы башка технологиялык чечимдерди андан ары өнүктүрүү;
  • уурулуктун алдын алууга тургундарды тартып, алардын жигердүү ролун жогорулатуу;
  • коомдук транспортто видеобайкоо камераларын орнотуу боюнча уюштуруучулук-укуктук чараларды ишке ашыруу;
  • калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү өнөктүктөрүн өткөрүү.

Ошондой эле документте укук бузуулардын алдын алуу боюнча биргелешкен пландарды жана жергиликтүү деңгээлде аймактарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын тиешелүү бөлүмдөрүн киргизип, ишке ашыруу практикасы белгиленген, ал үчүн укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу жана баалоо боюнча усулдук колдонмо иштелип чыгат. Мындан тышкары, академиялык чөйрөлөргө ЖӨБ Союзунун катышуусу менен ЖӨБ органдарынын кызматкерлери үчүн тиешелүү окуу модулун даярдоо милдети тапшырылды.

Бул иш-чараларга катышуунун натыйжасында ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КР Ички иштер министрлигине маалымат берип турушу керектиги белгиленген.

Толук маалымат алуу үчүн бул QR-код аркылуу өтүңүз: