Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (152) 5 Июль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бишкекте “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунун жеңүүчүлөрү сыйланды

2024-04-20 / ЖӨБ тажрыйбасы

Байгелерди, грамоталарды, дипломдорду жана сертификаттарды тапшыруу иш-чарасы Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу Академиясында (БАЖБА) өттү.

Көчөлөрдө жарыктын жоктугу, ички жолдордун сапатынын начардыгы, калктуу конуштар же айыл менен жайыттардын ортосунда көпүрөнүн жоктугу, элеттик парктын начар абалы же анын жоктугу жана башка көптөгөн нерселер – айылдык жана шаардык муниципалитеттерде мунун баары өлкөдөгү бардык жерде кездешкен, мүнөздүү көйгөйлөр болуп саналат. Бул маселелерди чечүү кээде көп жылдарга созулуп кетүүдө. Буга адатта, жергиликтүү бюджетте акчанын жоктугу же тартыштыгы себеп болууда. Бирок, ар кандай долбоорлордун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн жардамы менен (түздөн-түз же конкурстарга жана гранттык программаларга катышуу аркылуу) ЖӨБ органдары бул көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издеп келишүүдө. Чакан эле көйгөйдөй көрүнгөнү менен, жергиликтүү деңгээлде көрсөтүлгөн кызматтарга канааттануунун жалпы таасири жана өсүү динамикасы же төмөндөшү дал ушул кичинекей нерселерден келип чыгууда.  

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” конкурсунун жеңүүчүлөрүн куттуктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин, КР ЖӨБ Союзунун, Өнүктүрүү саясат институтунун (ӨСИ) жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүн бир жерде чогултту. Конкурс ЖӨБдүн мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында өткөрүлдү. Порталга 17 тажрыйба коюлуп, онлайн-добуш берүү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мыкты тажрыйбасы тандалып алынды. Конкурстун жеңүүчүлөрүнүн тажрыйбалары жөнүндө кененирээк маалыматты бул QR-код аркылуу алууга болот:

Иш-чарада Конкурстун жеңүүчүлөрү өздөрүнүн тажрыйбалары менен тааныштырышты, ал эми порталдын администратору конкурс, анын максаттары жана милдеттери, өткөн жылдардагы жетишкендиктери жана жыйынтыктары жөнүндө жалпы маалымат менен бөлүшүп турушту.

Борбордук Азиянын Жергиликтүү башкаруу академиясы (БАЖБА) ЖӨБдүн Мыкты тажрыйбалар порталынын аянтчасында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн, активисттердин, меценаттардын, демөөрчүлөрдүн жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда ЖӨБ органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча мыкты практикасынын мисалдарынын жыйнагын чогулта берүүдө. 2021-жылдан баштап БАЖБА “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы” конкурсун өткөрүп келатат. Бул конкурсту алгачкы эки жылда “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” аттуу швейцар долбоору колдоого алган. 2023-жылы БАЖБА бул конкурсту өз алдынча өткөрүп, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты практикасынын дагы 17 мисалы менен өз архивин толуктай алды. “Муниципалитет” журналынын редакциясы өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча жеңүүчү деп табылган тажрыйбалар менен тааныштырат.

1-таблица. “ЖӨБдүн мыкты тажрыйбасы-2023” Конкурсунун жыйынтыктары

Окшош материалы: