Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жасалган ишке коюлган мыкты баа – кызмат көрсөтүүлөрдү жана турмуш шарттарын уюштуруу чөйрөсүндө жылыштарды таануу

2024-06-08 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Жасалган ишке коюлган мыкты баа – кызмат көрсөтүүлөрдү жана турмуш шарттарын уюштуруу чөйрөсүндө жылыштарды таануу

Бакыт Айткулов, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору муниципалитеттердин биринчи максаттуу тобу менен иштерди жыйынтыктады

Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырган USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору 2021-жылдын аягында өз иш-аракеттерин баштагандан тарта өнөктөш  болгон муниципалитеттердин биринчи тобу менен кызматташуунун жыйынтыгын чыгаруу аземин өткөрдү. Бул иш-чара долбоор 2023-жылдын күз мезгилине чейин колдоо көрсөткөн ЖӨБ органдарынын тобу менен ишти жыйынтыктады дегенди билдирет. Колдоонун алкагында жергиликтүү жамааттар өтүнгөн жана Кыргызстандын жарандарынын турмуш шарттарын жакшырткан ар түрдүү кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууну жакшыртууга квалификациялуу ар тараптуу жардамдар берилди. Бул мезгил аралыгында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору төрт облустагы - Жалал-Абад, Ош, Нарын жана Ысык-Көл - 1 шаар жана 19 айылдык аймакта  иш алып барды, ошондуктан кызматташтыктын жыйынтыктарын чыгаруу аземи ошол жактарда өттү. Иш-чаралар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында аймактардагы туруктуу өнүгүүгө өз салымын кошкон бардык өнөктөш тараптардын биргелешкен аракеттеринин жыйынтыктарын айкын көрсөттү. Бул - консолидация жана жемиштүү өнөктөштүк аркылуу мүмкүн болгон ийгиликтер жөнүндө кыскача маалымат берүү, тажрыйба алмашуу жана корутунду чыгаруу мезгили. Аземге катышкандардын жалпы саны 257 адамды түздү, алардын 130у - аялдар.

Иш-чараларга райондук мамлекеттик администрациялардын (РМА) жетекчилери жана кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарынын башчылары жана кызматкерлери, ошондой эле өнөктөш муниципалитеттердин жигердүү жашоочулары, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, анын ичинде муници-палдык ишканалардын өкүлдөрү жана ЖМКнын өкүлдөрү катышты. 

Катышуучулардын ар кандай топтору мындай аземдерди райондук мамлекеттик администрациялар менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү үчүн аянтча катары кароого мүмкүндүк берет. Райондордун акимдеринин, алардын орун басарларынын жана акимчиликтердин кызматкерлеринин катышуусу мамлекеттик бийликтин райондук деңгээлин ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү менен гана эмес, ошондой эле долбоорду ишке ашырууга жигердүү катышкан жарандар менен да жакындаштыруу канчалык маанилүү болгонун көрсөттү. 

Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сөз сүйлөгөн Базар-Коргон районунун башчысынын орун басары Асель САНСЫЗБАЕВА төмөнкүлөрдү белгиледи: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун иш-чараларынын натыйжасында калкка көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты жогорулады, ал эми балдар, алардын ата-энелери жана мугалимдер үчүн зомбулуктун түрлөрү жана формалары жөнүндө маалыматтык өнөктүктөр өткөрүлдү, зомбулук жасалса, кайсы жакка кайрылуу керектиги жана ага кантип каршы турса болоору тууралуу маалымат берилди”. 

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Эмилбек АБДЫКАДЫРОВ: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында ЖӨБ органдары жергиликтүү кызматтардын сапатын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууда олуттуу жыйынтыктарга жете алдык. Көптөгөн айылдарда маданият жана спорт сыяктуу чөйрөлөрдө кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү уюштурулуп, учурда иштеп жаткандары жакшыртылды. Долбоор берген толук консультациялар баа жеткис болуп чыкты. Биздин элеттик райондорубузда көп билимди талап кылган трансформациялык өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Мен келечектеги кызматташтыкты чыдамсыздык менен күтүп жатам”. 

Ар бир иш-чаранын башында да, аягында да жаштардын жана балдардын чыгармачыл топтору өнөрлөрүн көрсөтүп турушту. Бул балдар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган өздүк чыгармачылык ийримдеринде жана курстарында музыкалык, вокалдык жана бий фольклорун үйрөнүп жатышат.

Жыйынтыктарды чыгаруу аземинин жүрүшүндө USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун кызматкерлери катышуучуларга өнөктөш муниципалитеттердин жайгашкан жерлерин жана жетишкендиктерин чагылдырган интерактивдүү картаны тартуулашты. Картадагы маалымат менен төмөндөгү QR-код менен таанышсаңыз болот.

Картанын кошумча барактарында USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору ЖӨБ органдарына жана жергиликтүү жамааттарга жашоо шарттарын жакшыртууда кантип жана эмне менен көмөк көрсөткөндүгү жөнүндө толук түшүнүк түзүүгө мүмкүндүк берүүчү маалыматтардын түрлөрүнүн тизмеси бар. Муниципалитеттин аталышынан тышкары, маалыматтын түрлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • муниципалитеттин курамына кирген калктуу конуштардын саны жана аталыштары жөнүндө маалыматты;
  • калктын саны, анын ичинде аялдар жөнүндө маалыматтарды;
  • жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө маалыматтарды (Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтында жайгашкан онлайн Жарандык бюджеттин шилтемесин, https://gb.minfin.kg/);
  • жакшыртылган же “нөлдөн” баштап уюштурулган калк үчүн артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөр тууралуу толук маалыматты;
  • жергиликтүү маанидеги маселелерди талкуулоого арналган коомдук иш-чараларга жергиликтүү калктын катышуусу жөнүндө маалыматты (фокус-топтор, коомдук бюджеттик угуулар);
  • презентацияларга шилтемелерди, ийгиликтүү окуяларды жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө, жерги-ликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жетишкендиктерди чагылдырган видеолорду. 

Интерактивдүү картанын бетачарынан кийин катышуучуларга USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорун ишке ашыруунун жалпы жетишкендиктери жана жыйынтыктары жөнүндө тасма көрсөтүлдү, ал эми мониторинг, баалоо жана билимди башкаруу боюнча долбоордун менеджери Артур БУКАЛАЕВ долбоорду ар бир конкреттүү райондо ишке ашыруунун жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Сөз кезеги өнөктөш ЖӨБ органдарынын жетекчилерине жана кызматкерлерине келгенде, алар кызматташуунун жакшы тажрыйбалары жана ийгиликтери тууралуу окуялары менен бөлүшүштү. Презентациялар жана видео-окуялар USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуунун алкагында жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жергиликтүү деңгээлдеги Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу планына кирген артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөрдү ишке киргизүүгө жана жакшыртууга арналды. Долбоордун атынан ар бир жигердүү өнөктөшкө ыраазычылык каттары жана чакан эстелик белектер тапшырылды.

Спорттук секциялардын жана чыгармачыл ийримдердин мындан ары ийгиликтүү иштешин камсыз кылуу максатында өнөктөш ЖӨБ органдары долбоордон медалдардын, дипломдордун жана Ардак грамоталардын комплекттерин алышты.

“Эркин микрофон” форматында катышуучулар долбоордун дарегине кайрылуу мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, каалоо-тилектерин, сунуш-пикирлерин айтып, долбоордун жетекчилигине жана кызматкерлерине ыраазычылык каттарды жана Ардак грамоталарды тапшырышты.

Сайдыкум АӨ башчысы Теңирберди ЖОЛДОШЕВ: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосунун натыйжасында үзгүлтүксүз окутуу, маалыматтык өнөктүктөр жана консультациялар аркылуу калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу, “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча маалыматтык кызматтарды көрсөтүү өңдүү багыттар боюнча ишибиз жолго салынды. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү боюнча, ошондой эле коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү жолу менен бюджеттин долбоорун талкууга алып чыгуу жол-жоболору боюнча жасаган иштердин деңгээли кыйла жогорулады”.

Отуз-Адыр аймагынын тургуну, биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун мүчөсү Жамийла КАДЫРОВА: “USAIDдин “Ийгиликтүү  аймак 2” долбоору бизге мониторинг тобун түзүүдө, окутууда жана анын ишин мындан ары да түптөөгө чоң жардам берди. 2023-жылдын апрелинде топ донорлордун каражаттарынын эсебинен курулган фельдшердик-акушердик пункттун (ФАП) жана төрөт үйүнүн имараттарын курууга көмөктөшүү боюнча иш жүргүзгөн. Курулушка жасалган мониторинг белгиленген мөөнөттө курулуш иштеринин сапатын жакшырта алды. Ошондой эле топ жаштардын демөөрчүлүк жардамынын эсебинен Кызыл-Абад айылындагы спорт комплексинин курулушуна да мониторинг жүргүзүп чыкты. Кыш-Абад айылындагы топ кыз-балдарыбыз машыгып жаткан грек-рим күрөшү боюнча спорттук секциянын уюштурулушуна жана ишине мониторинг жана баалоо жүргүздү”.

Ак-Таш АӨ башчысы Аскарбек АХМАТОВ: “Катуу тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу көйгөйү биз үчүн дайыма курч маселе болуп келген. Маселе толук чечилбесе да, олуттуу ийгиликтерге жетише алдык. Ошентип, биз муниципалдык ишкана түздүк, ал эми USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору калк арасында сурамжылоо жүргүзүүгө, ошондой эле КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча артыкчылыктуу кызмат көрсөтүүлөргө экономикалык жактан негизделген тарифтерди эсептеп чыгууга жардам берди. Ошондой эле долбоор коомдук угууларды өткөрүүгө жана калк менен КТКны чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифин талкуулоого жардам берди. Бул иш-чаралардын жардамы менен бул кызмат көрсөтүүнү уюштуруу сапаттык жагынан жаңы деңгээлге чыкты, себеби калк менен айыл өкмөтүнүн өз ара байланышы оңолду. Ичүүчү суу менен камсыз кылууну уюштуруу жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө маселелери боюнча да калк менен байланыш жолго салынды. Долбоор бул тема боюнча тренингдерди жана коомдук иш-чараларды өткөрүп, мунун натыйжасында буга чейин болуп келген түшүнбөстүктөр жоголду. Айыл өкмөтү, муниципалдык ишкана жана калктын ортосунда ишке байланышкан конструктивдүү мамилелер түзүлдү”.

Ат-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан ДОКОЕВ: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосу менен биз ичүүчү суу менен камсыздоону, КТК чогултууну жана чыгарууну уюштурууда, муниципалдык ишканалардын ишин жолго салууда бир топ ийгиликтерге жетиштик. Мүлктү башкаруу чөйрөсүндө жылыштар бар. Айыл өкмөтүнүн балансында атайын техника бар, ал буга чейин жергиликтүү бюджеттин, ошондой эле донордук долбоорлордун каражаттарынын эсебинен сатып алынган. Бул техника буга чейин жеке колдорго, жайыт комитеттерине таратылып келген. Ошол эле маалда биз бул техниканы колдонулушу тууралуу отчетторду да, ал кандай абалда турганы жөнүндө маалыматтарды да ала албай келгенбиз. USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен кызматташуунун натыйжасында долбоор бизге колдонуудагы мыйзамдардын алкагында техниканы натыйжалуу башкарганды, анын ичинде техниканын эскириши үчүн эсептелген амортизациялык чегерүүлөрдү эсептеп чыкканды үйрөттү”.

Семеновка АӨ башчысы Бактыбек МОМБЕКОВ: “USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору менен 2021-жылдан баштап тыгыз кызматташып келатабыз. Кызматташтыктын башталышы биз турак жай-коммуналдык чарбабызды (ТКЧ) калыбына келтирүү менен алектене баштаган учурга туш келди. ТЧКнын ишин уюштурууга байланышкан көптөгөн суроолорго, мисалы, кызмат көрсөтүүлөргө тарифтерди иштеп чыгуу жөнүндө, мүлктү натыйжалуу башкаруу жөнүндө жана башка суроолорубузга USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору жоопторду жана консультацияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу процессин жакшыртууга жардам берди”.

 

Окшош материалы: