Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

БАЖБА Нарын облусунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо боюнча окуу курстарын өткөрдү

2024-06-06 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
БАЖБА Нарын облусунда Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо боюнча окуу курстарын өткөрдү

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, БАЖБАнын жана ӨСИнин коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын апрелинин ортосунда Нарын облусунда аймактарды өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы Методикасы боюнча “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо” (мындан ары – СЭӨП) боюнча окуу курстары өттү. Методиканы КР Экономика жана коммерция министрлиги (КР ЭКМ) жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги (МКЖӨБМА) бекиткен.

Бул курстардын максаты – окууга катышкан мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарына жана жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнө “Санарип аймак” АМСнын маалыматтарынын негизинде аймакты өнүктүрүүнү пландоо жана болжолдоо процесси жөнүндө жаңы билимдерди берүү, ошондой эле практикалык көнүгүүлөр аркылуу шаарларды, айылдык аймактарды жана райондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу методологиясына ылайык СЭӨПны даярдоо көндүмдөрүн үйрөтүү.

Жалпысынан Нарын облусу боюнча 14 окуу курсу (5 РМА жана 9 ЖӨБ үчүн) өткөрүлүп, ага  270 адам катышты: ЖӨБ органдарынын, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа, Кочкор жана Жумгал райондорунун райондук мамлекеттик администрацияларынын өкүлдөрү, жергиликтүү жарандык коомдун жана бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү, КР Финансы министрлигинин аймактык (райондук) башкармалыктарынын жана Нарын облусу боюнча облустук статистика башкармалыктарынын өкүлдөрү.

Катышуучулардын ой-пикирлери ар түрдүү болгону менен, баары бир тыянакка келишти: аймактарды өнүктүрүү программасы кабинетте отуруп алып жазган адистер тарабынан эмес, бардык маселелер жана ресурстар талкууланып, ар тараптуу каралып чыккандан кийин жергиликтүү калк менен бирге иштелип чыгышы керек.

Максат ДҮЙШӨНБЕК уулу, Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнүн адиси:  “Буга чейин биздин аймактын стратегиялык планын бир нече адам түзүп келген, көп өтпөй ал тууралуу унутуп деле калчубуз. Ал эми тренингдерде мен өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга комплекстүү мамиле жасап, фокус-топторду өткөрүп, калктын пикирин сураш керектигин жана бүтүндөй жумушчу топ программанын үстүндө иштеши керектигин түшүндүм”.

Чолпон СЫДЫКОВА, Кочкор районунун Чолпон айылдык кеңешинин депутаты: “СЭӨПны даярдап жатканда калкыбыздын аярлуу катмарын таптакыр унутуп калат экенбиз. Бизде майыптыгы бар жана аярлуу адамдар менен иштөө боюнча жакшы тажрыйба жана практика бар. Эң башкысы – биз аярлуу топтордун экономикалык абалын жакшыртып, аларга шарт түзүү менен акырындап аларды бул категориядан чыгарабыз, бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маанилүү милдеттеринин бири экенин түшүндүк”.

Сабира ЖАПАРОВА, Казыбек айыл өкмөтүнүн адиси: “Баарыбыз эле Программага күнүмдүк көйгөйлүү маселелерди гана эмес, ошону менен бирге “өнүгүү пункттарын” да киргизгибиз келет. Жергиликтүү өнүктүрүү программасында, бир жагынан, жергиликтүү жамааттын керектөөлөрүн, ал эми экинчи жагынан, жашоонун ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүүгө мүмкүндүк берүүчү анын демилгелүү дараметин да эске алуу керек. Эгерде бул шарттар түзүлсө, анда айылдык аймак өнүгөт, жаңы жумуш орундары пайда болот, калктын кирешеси өсөт, демек, биздин муниципалитеттин бюджети дагы көбөйөт. Ошентип, биз жашоо деңгээлинин туруктуу өсүшүн камсыз кылып, жолдорго каражат бөлүп, ичүүчү суу, канализация кызмат көрсөтүүлөрү менен камсыз кылып, сейил бактарды көрктөндүрө алабыз. Биздин муниципалитет жергиликтүү экономиканы, маданиятты, спортту өнүктүрүүдө жетишкендиктерге ээ. Бул салттарды сактап калып эле тим болбостон, өнүгүүнүн этаптарына жооп берген жаңы максаттарды жана милдеттерди коюу да маанилүү. Бул документ жөн гана “кагазда” кала берген программа эмес, биздин айылдык аймактын калкы менен жергиликтүү бийлик органдарынын ортосундагы өз ара өнөктөштүктүн жана макулдашуунун документи болуп калат деп үмүттөнөбүз. Алдыга коюлган милдеттерди аткарып, жарандарыбыздын жашоо сапатынын өсүшү үчүн пайдубалды түзүү үчүн ар бирибиз жооптуу болобуз”.

Бекболот МАМЫТОВ, Казыбек айыл өкмөтү: “Биз буга чейин социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларыбызды “ишке ашып кетээр бекен же андай болбой калабы” деген күмөн ойлор менен даярдап келгенбиз. Программалар “кагазда эле жашай берчү”, биз болсо программаларыбыздан бөлөк жүрө бердик. Эми болсо жыл сайын бюджетти кабыл алуу менен бирге программаларды ага жараша түзөтүп турганга аракет кылып келатабыз. Эгерде биз көчөлөрдү жарыктандырып, арыктарды тазалап же жаңы мектеп кургубуз келсе, анда жылын жана керектүү сумманы көрсөтүшүбүз керек. Эгерде буларды программада көрсөтпөстөн жасасак, анда акча бөлүнбөйт. Бул жерден мен “Инклюзивдүү өнүгүү”, “мейкиндик” деген эмне экенин билдим, эл аралык тажрыйба жана СЭӨП аркылуу маселелерди чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндөгү башка аймактардын тажрыйбасы менен да тааныша алдым”.

Окуу аяктагандан кийин катышуучуларга “Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын даярдоо” курсу боюнча квалификациясын жогорулатканы жөнүндө БАЖБАнын лицензиялык сертификаттары тапшырылды.

Окуу курстары Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын (БАЖБА) “Натыйжалуу муниципалдык башкаруу” квалификациясын жогорулатуу билим берүү программасынын алкагында өткөрүлүп,  төмөнкүлөр колдоо көрсөттү:

  • “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасын (EGED) ишке ашыруунун алкагында Улуу Британиянын өкмөтү жана Дүйнөлүк банк;
  • Швейцария Өкмөтү каржылаган Кыргыз Республикасындагы ХЕЛВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын филиалынын жана Өнүктүрүү саясат институтунун консорциуму ишке ашырып жаткан “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоору;
  • Швейцария Өкмөтү каржылаган, өзүнүн программасын  ишке ашырып жаткан “Кыргыз Республикасында жергиликтүү  өз алдынча башкарууну өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүгү.

 

Окшош материалы: