Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргызстан менен Өзбекстандын академиялык коомчулугу жана жарандык коому жергиликтүү башкаруу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу үчүн платформа түзүштү

2024-07-05 / ЖӨБ Коалициясынын жаңылыктары
Кыргызстан менен Өзбекстандын академиялык коомчулугу жана жарандык коому жергиликтүү башкаруу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу үчүн платформа түзүштү

Нургүл ЖАМАНКУЛОВА, ӨСИнин жана БАЖБАнын коммуникациялар боюнча консультанты

2024-жылдын 25-26-апрель күндөрү Бишкекте “Борбордук Азиядагы жергиликтүү өнүгүүнү башкаруунун модели” деген темада регионалдык семинар өттү. Семинарга Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын академиялык коомчулугунун, улуттук жана суб-улуттук мамлекеттик башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Семинар жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен оптималдуу регионалдык моделди түзүү максатында Борбордук Азияда жергиликтүү башкаруунун системалык мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында уюштурулду. Семинардын катышуучулары – Кыргызстандын жана Өзбекстандын эксперттери, башкаруу органдарынын өкүлдөрү – жергиликтүү башкарууну жана өз алдынча башкарууну өнүктүрүү чөйрөсүндө алган сабактары менен бөлүштү, ошондой эле жалпы тарыхынан, салттардан, маданий коддордон жана тажрыйбалардан улам окшош болгон чөлкөмдөгү өлкөлөр үчүн мүнөздүү системалуу өзгөчөлүктөрдү талкуулашты.

“Ар бир өлкө уникалдуу. Дүйнөдө өз алдынча башкаруунун көптөгөн моделдери бар жана Өзбекстан да мындан четте калган эмес. Биз өткөн 30 жылда калыптанып калган системабыз менен салыштырып көрүп, “махалля” призмасы аркылуу кошуналарыбыздын тажрыйбасын чоң кызыгуу менен изилдеп келатабыз. Биздин биргелешкен иш-чарабыз Кыргызстандагы административдик-аймактык ири реформанын финалдык баскычына туш келди. Бул реформанын натыйжасында Кыргызстанда муниципалитеттердин саны болжол менен 40 пайызга кыскарды. СССР доорунда азыркы Кыргызстандын аймагында уруулук мамилелердин негизинде түзүлгөн айылдык советтер, колхоздор, совхоздор уюштурулган эле. Андан бери дээрлик эч нерсе деле өзгөргөн жок. Бул – кыргыз элинин өзгөчөлүгү жана бул модель өзбек махалляларына окшош болуп чыкты. Бул биздин система менен мамлекеттик түзүлүштүн окшоштугунун жалгыз эле бир көрүнүшү эмес, буга биз эки күндүн ичинде күбө болдук”, – деди КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмазбек АКМАТАЛИЕВ.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу өз каада-салттарын, тарыхын, маданиятын карманган жергиликтүү жамааттардын үмүттөрүнө жана керектөөлөрүнө жооп кайтара алганда гана күчтүү жана ийгиликтүү болот. Кыргызстандагы жана Өзбекстандагы жергиликтүү жамааттардын курултай, махалля, ашар ж.б. өңдүү ЖӨБдүн өзүнүн салттуу формалары бар, алар тууралуу бүгүн көбүрөөк маалымат алдык. Бүгүнкү күндө алар жаңыча жаңырып, мыйзамдарда да, жашоодо да жаңыча өнүгүп жатат, ал эми биздин өлкөлөрдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү контекстке жана өздөрүнө гана таандык өңүттөргө өтө баштады. Бул кайрадан баамдап чыгууну талап кылган кызыктуу жана маанилүү процесс”, – деди Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясынын директору Асель КУРМАНАЛИЕВА. 

Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган EGED Программасынын жетекчиси Джафар УСМАНОВ жолугушуунун катышуучуларынын көңүлүн “жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жана “жергиликтүү өнүгүү” деген эки негизги түшүнүккө бурду: “Бул эки түшүнүктү аң-сезимибизде бириктирүү менен, биз жергиликтүү жамааттардын туруктуу жана өз алдынча өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында мындагы жашоону уюштуруу процессинин маанилүүлүгүн баса белгилеген болобуз. Урбанизациянын дүйнөлүк тенденциясына карабастан, Кыргызстанда жана Өзбекстанда калктын басымдуу бөлүгү элет жергесинде жашайт: Кыргызстанда калктын 65% жакыны жана Өзбекстанда калктын 49% жакыны. Эки өлкөдө тең негизги аймактарды өнүктүрүү биринчи кезекте аткарылчу милдет болуп саналат, мында өнүгүүнүн артыкчылыктарын аныктоонун натыйжалуулугу негизги компонент болуп саналат. Өнүккөн аймактар – бул өлкөнү ту-руктуу өнүктүрүүнүн дымактуу максаттарына ийгиликтүү жетүүнүн ачкычы болгону талашсыз. EGED программасынын милдеттеринин бири – жергиликтүү өнүгүүнү башкарууда жергиликтүү башкаруу системасына жардам берүү. Мындай шартта бийлик маалыматтарга таянып, далилдүү базага ээ болуп чечимдерди кабыл алып калат. Жыйынтыгында бул колдо болгон ресурстарды эске алуу менен жакшы жыйынтыктарга алып келет, ал эми жарандар жана жергиликтүү жамаат өз пикирин билдирип, жамааттарында жашоону уюштурууга катышуу үчүн платформаларга жана мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймагында иш алып баруу менен, бул өлкөлөр ортосундагы тажрыйба алмашууга көмөктөшүү да маанилүү болуп жатканын белгилейбиз. Тактап айтканда, идея жана тажрыйба алмашуу аркылуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында ЖӨБдү өркүндөтүү сыяктуу маселелерде бул өзгөчө маанилүү болуп турат”. 

Бир жарым күнгө созулган семинар панелдик дискуссиялар форматында өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар эки өлкөдөгү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун конституциялык алкактарын, жергиликтүү жамааттарда өзүн-өзү уюштуруунун жана өз алдынча башкаруунун салттуу формаларын карап чыгышты. Ошондой эле катышуучулар жергиликтүү кеңештердин жана кенгаштардын иш тажрыйбасын, 30% гендердик квотаны киргизүү тажрыйбасын жана жергиликтүү жамааттардын, жарандык коомдун жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жакырчылыкты жоюудагы жана инклюзивдүү экономикалык өсүшкө көмөктөшүүдөгү тажрыйбаларын талкуулашты. Мындан тышкары семинарда Кыргызстандагы бюджеттер аралык мамилелер маселелери жана алынган сабактар, Өзбекстандагы субсидиардык жоопкерчилик маселелериндеги тренд талкууга алынып, катышуучулар баалуулуктардын иерар-хиясын эске алуу менен гендердик контекстте регионалдык изилдөөнүн жыйынтыктары менен таанышты. 

“Биз коңшу ири өлкө бул башкаруу системасын кантип реформалоону пландап жатканын, келечекте жергиликтүү өз алдынча башкарууну кандай элестетээрин түшүнгүбүз келди. Өзбекстандын Конституциясында пайда болгон ЖӨБдүн аныктамасы жалпы чөлкөмдөгү ЖӨБдү түптөө баскычында абдан маанилүү этап болуп калды. Өзбекстандын Конституциясы жергиликтүү өз алдынча башкарууну “жарандардын өз кызыкчылыктарына, өнүгүүнүн тарыхый өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле улуттук жана руханий баалуулуктарга, жергиликтүү үрп-адаттарга жана каада-салттарга таянып, жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча жана мыйзам чегинде чечүү укугу жана чыныгы жөндөмү” деп аныктаган. Бул аныктама жергиликтүү өз алдынча башкаруунун чыныгы маңызына шайкеш келет, ал эми формасы боюнча өз алдынча башкаруунун эл аралык таанылган чечмелөөсүнө жакын. Айрыкча бул аныктаманын “өзүнүн кызыкчылыктарына, өнүгүүнүн тарыхый өзгөчөлүктөрүнө, ошондой эле улуттук жана руханий баалуулуктарга, жергиликтүү үрп-адаттарга жана каада-салттарга таянат” деген тайманбас жана актуалдуу чечмелениши өзгөчө кубандырып, шыктандырат. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүдөгү жеке тажрыйбам ушинтип локалдаштыруу, өзүнчөлүк ЖӨБдү өнүктүрүүдө чыныгы ийгилик үчүн чөлкөмдөгү өлкөлөргө ушул күнгө чейин жетпей келген звено болуп калууга тийиш. Эгерде башынан эле саясаттын, практиканын жана турмуш-тиричиликтин тканына органикалык түрдө жуурулуп кеткен, элге жакын жана түшүнүктүү болгон өз алдынча башкаруунун локалдаштырылган өз моделибизди түзө баштасак, анда өз алдынча башкаруу бийликтин жарандар менен жоопкерчиликти бөлүшүтүрүүсү, ресурстарды оптималдуу пайдалануусу, жакырчылыкты тезирээк азайтып, бакубатчылыкты көбөйтүп, ал тургай мамлекеттик чыгымдарды кыскартуу түрүндө мол түшүм берет. Биз бул тууралуу Кыргызстанда көптөн бери айтып келатабыз, ал эми Өзбекстанда бул Конституциясында бекитилип калган экен”, – деди Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруусунун төрайымы, семинардын модератору Надежда ДОБРЕЦОВА. 

Кыргызстан жана Өзбекстан үчүн мүнөздүү болгон жергиликтүү жамааттардын катышуусу менен жергиликтүү башкаруунун оптималдуу моделинин системалуу өзгөчөлүктөрүн жана алынган сабактарды талкуулоо максатында семинардын экинчи күнүндө катышуучуларга келечектеги биргелешкен долбоорлор үчүн идеяларды даярдоо максатында топтордо иштөө мүмкүнчүлүгү берилди. Жыйынтыгында топтор эки өлкөнүн башкаруу системасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн биргелешкен демилгелерди иштеп чыгышты. 

Практикалык иштин жыйынтыгы боюнча ар бир топ даярдаган иштери менен тааныштырышты. Алардын баары семинардан кийин кайрадан каралып чыгып, уюштуруучулар төмөнкү чакан долбоорлор же долбоордук идеялар форматында тариздешти:

  • отчеттуулукту жана өкүлчүлүктүү демократияны күчөтүү: парламент жана жергиликтүү кеңештер;
  • Өзбекстанда жана Кыргызстанда отчеттуулук системаларына салыштырма баа берүү;
  • туруктуу жергиликтүү өнүгүүнү натыйжалуу башкаруу, аймактарды өнүктүрүү маселелеринде биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү (салттар жана заманбап жашоо: концепциялар, маалыматтар, пландоо жана болжолдоо);
  • ЖӨБ органдарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн “Жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга катышуусу” аттуу жайкы мектеби;
  • “Жаштар – жамааттын күчү” аттуу регионалдык жаштар Хакатону;
  • “Жергиликтүү өнүктүрүү үчүн ресурстар – натыйжалуу мобилизациялоо жана бөлүштүрүү” тренинги;
  • “Фергана өрөөнүнүн шаары” платформасын/туристтик дестинациясын/форумун түзүү;
  • Өзбекстандын КЭУларын туруктуулук жана финансылык сабаттуулук механизмдерине окутуу.

“Биз эки өлкөнүн парламенттеринин ортосун-да кызматташуу демилгесин сунуш кылдык. Ар бир өлкөдө парламенттин жергиликтүү кеңештер менен байланышы өкүлчүлүктүү демократия системасы башкаруунун бардык деңгээлдеринде ишке ашырылып жатканын тастыктап турат. Адатта, улуттук парламенттин тажрыйбасы жана мүмкүнчүлүктөрү жергиликтүү кеңештерге караганда кеңири болот, ал эми жергиликтүү кеңештер улуттук парламенттер жана парламентарийлер менен түз байланышка муктаж. Өзбекстанда бул байланыш жер-жерлерде өкүлчүлүктүү демократия институтун колдоп, өнүктүргөн Олий Мажлис Сенатына караштуу бийликтин өкүлчүлүктүү органдарынын ишин изилдөө борбору аркылуу туруктуу жана институционалдык түрдө бекемделген; парламенттин жергиликтүү жамааттар менен түздөн-түз өз ара байланышы үчүн шарттарды түзүп, отчеттуулукту күчөтүү аркылуу парламенттин муктаждыктарга жана көйгөйлөргө жооп кайтаруусуна жардам берүү менен улуттук деңгээлдеги парламентарийлер менен жергиликтүү депутаттардын ортосундагы байланышты камсыз кылат; жергиликтүү депутаттардын дараметин жогорулатат. Кыргызстанда парламент менен жергиликтүү кеңештердин ортосундагы байланыш анчалык туруктуу эмес, ошол себептен пайдалуу тажрыйбаны изилдеп, өзүбүздө колдонууну каалайт элек”, – деди КР ЖӨБ Союзунун директору Бектурган ОРОЗБАЕВ.

Экономика илимдеринин кандидаты, Олий Мажлис Сенатынын Бюджет боюнча комитетинин улуттук консультанты, Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин доценти Зарина СРОЖИДДИНОВА эки өлкөнүн бюджеттик системаларынын жана бюджеттер аралык мамилелердин тажрыйбасын тереңирээк изилдеп чыгууну сунуштады: “Өзбекстан менен Кыргызстандын бюджеттик системалары акыркы 30 жылда ар кандай траекториялар боюнча өнүгүп келди, ар бир системанын өзүнүн чабал да, күчтүү да жактары бар, ал эми адистер кошуналардын мыкты тажрыйбаларын, алган оң жана терс сабактарын үйрөнүү үчүн тажрыйба алмашуу зарылдыгы жөнүндө айтып жатышат. Эки өлкөнүн финансы министрликтеринин өкүлдөрү үчүн бир катар тренингдерди өткөрүүнү сунуштайм. Мисалы, Кыргызстан салыктарды жана жыйымдарды чогултуу көрсөткүчүн кантип көбөйтүп жатканы, Жарандык бюджетти түзгөндү жана колдонгонду, анын ичинде аны онлайн форматта түзгөндү; жергиликтүү демилгелерди жана мамлекеттик социалдык заказды улуттук жана муниципалдык деңгээлдерде каржылоо механизмдери; дем берүүчү гранттар жана коомдук бюджеттик угуулар сыяктуу маселелер боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүшө алмак. Өзбекстан болсо калктын аярлуу катмары боюнча маалыматтык базаны түзүү тажрыйбасы (“темир” дептер, жаштар, аялдар кеңештери); горизонталдык трансферттер, аймактарды өнүктүрүүнүн бюджеттен тышкаркы фонддору; муниципалдык инвестициялар, Open budget тажрыйбасы тууралуу айтып берүүгө даяр”. 

“ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” өнөктөштүк программасынын менеджери Алия МЫРСАЛИЕВА кызматташтыктын бардык чөйрөсүнө жаштардын өкүлдөрүн тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи: “Жаштар жергиликтүү өнүктүрүү, кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу, аярлуу топтор үчүн инклюзивдүү мүмкүнчүлүктөр боюнча стандарттан тыш санариптик чечимдерди даярдоого жөндөмдүү. Бирок жаштарга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун муктаждыктары жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө билим жетпей турат. Жаштар топтору жана ЖӨБ органдары командаларга биригип, инновациялык жана келечектүү санариптик чечимдерди түзө алышат. Алар муну жаштар топторунан, IT-иштеп чыгуучулардан жана ЖӨБ органдарынан түзүлгөн командалар менен биргелешкен IT-демилгелерди иштеп чыгуу боюнча Хакатондун, практикалык семинардын жүрүшүндө жасай алышат. Уюштуруучулар (КЭУлар, мамлекеттик эмес коммерциялык эмес уюмдар) мамлекеттик органдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен өнөктөштүктө регионалдык жаштар хакатонун өткөрө алышат. Бул хакатондо жаштар жана калктын аярлуу топтору жергиликтүү бийликтин, донорлордун жана КЭУлардын колдоосу менен кандай биргелешкен демилгелерди ишке ашырууну каалай турганы аныкталмак (маданий жана спорттук иш-чаралар, майыптыгы бар адамдар үчүн жергиликтүү инфраструктураны жакшыртуу, аярлуу топторду жумуш орундары менен камсыз кылууга багытталган социалдык ишкердик долбоорлорду түзүү). Өзбекстандык кесиптештерибиз мындай хакатонду өткөрүү тажрыйбасы да, бул үчүн Жизак облусунун аймагында ыңгайлуу жер да бар экенин тастыкташты”.

“Istiqlol avlodi” Социалдык-экономикалык, укуктук колдоо борборунун аткаруучу директору Тохир УМАРОВ иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, анын тажрыйба алмашуу чөйрөсүндө эки тараптуу байланыштарды түзүүдөгү маанисин жана салымын белгилеп, бул эки өлкөнүн өнөктөштүгүнө жана боордоштугуна өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. 

Иш-чараны жыйынтыктап жатып, модератор Надежда ДОБРЕЦОВА “эки өлкөнүн туугандык байланыштары жана жалпы тарыхы эч жакка жок болуп кеткен жок” деп белгиледи, бирок 30 жылдын ичинде эки өлкөнүн башкаруу системалары олуттуу өзгөрүп, кызыкдар тараптар бири-биринен үйрөнө турган көп нерсе бар экенин айтты: “Биз жөн гана инерция боюнча окшошпуз деп ойлоп көнүп калганбыз, бирок бул эки күн ар бир өлкөнүн өз тажрыйбасы жана баалуу болгон сабактары бар экенин көрсөттү. Бүгүн пайда болгон практикалык идеялар толугу менен жашоого жөндөмдүү жана ишке ашуу мүмкүнчүлүгү жогору, себеби алар өз ара кызыкчылыкка негизделген. Бул идеяларды өнүктүрүү кийинки кадам болот, ал эми жыйынтыктар өзүбүздөн, биздин каалообуздан жана реалдуу мүмкүнчүлүктөрүбүздөн көз каранды болот”. 

Иш-чара “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын колдоосу менен өткөрүлдү. Бул Программаны “КРда ЖӨБдү өнүктүрүү үчүн” Өнөктөштүгүнүн  мүчөлөрү болуп саналган Өнүктүрүү саясат институту жана Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы аркылуу Улуу Британиянын Өкмөтү каржылайт. Өзбекстан Республикасынын делегациясынын катышуусу USAIDдин Өзбекстандын аймагында ишке ашырылып жаткан “Жер-жерлерде мамлекеттик бийлик органдарын өнүктүрүүгө көмөктөшүү” долбоорунун колдоосунун алкагында мүмкүн болду.

Семинардын бардык презентациялык материалдары жана тезистери орус тилинде QR-код боюнча жеткиликтүү: 

Окшош материалы: